Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Жорж Буш Ак үйдөн кетүүгө камынууда


АКШнын 43-президенти Жорж Буш Ак үйдөн кетүүгө камынууда. Кечээ ал Ак үйдө акредиттелген кабарчылар үчүн мамлекет башчысы катары акыркы маалымат жыйынын өткөрдү. Пресс-конференция учурунда Буш өзүнүн соңку сегиз жылдагы саясатын коргоо менен катар, шайланган президент Барак Обамага ийгилик каалады.

Ошентип, эки мөөнөт катары менен бийликтин эң жогорку тепкичинде турган Жорж Буш жети күндөн соң жеке турмушка кайтат. Ак үйдөгү кабарчылар корпусу үчүн акыркы маалымат жыйынында ал жакынкы пландарын ачыктабаганы менен жаңы президент 20-январда кызматка киришкенден кийин Вашингтондон кичи мекени – Техастагы үйүнө кетерин, коомчулуктун көңүл борборунда калууну көздөбөсүн белгиледи.

43- президенттин Ак үйдөн кетип жаткан кездеги бедели рекрорддук чекке төмөндөп кетти. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары аны калктын 30%га жетпегени гана колдоорун көргөзгөн. Ал эми биринчи мөөнөттүн алгачкы жылдарында жана Ирак согушунун башталашында президентти жактагандардын саны 70%дан ашуун эле. Тарых эми ага кандай карары жөнүндөгү суроого Буш Ирак согушу боюнча чечим көңүл калтырарлык кээ бир окуяларга карабай, туура болгонуна токтолду:

-Президенттик мезгилдин ичинде көңүл калтырарлык нерселер болду. Албетте Абу-Грейб, массалык кыргын салуучу куралдардын табылбаганы абдан иренжитти. Билбейм, силер мунун баарын ката деп айтасыңарбы же жокпу? Баары эле пландагыдай кеткен жок.

Буш соңку маалымат жыйыны учурунда террорго каршы согуш учурундагы өзүнүн талаштуу чечимдеринин да тууралыгын коргоп, аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган иш катары мүнөздөдү:

-Мен эгер катуу кыйкыргандарга, катуу сындагандарга бул өлкөнү коргоо үчүн зарыл деп ойлогондорума жана жасагандарыма тоскоолдук кылууга жол бергенимди көрсөм, Техастагы үйүмө кантип кайтып, күзгүнү карап кантип сыймыктанмакмын.

Президенттик мезгили учурунда АКШ саясатынын айрым өңүттөрү эл аралык чөйрөдө сынга алынганына карабай, Жорж Буштун ишениминде, Кошмо Штаттар суктандырган өлкө бойдон калууда:

-Мен биздин моралдык абалыбыз бузулду деген пикирлер менен такыр макул эмесмин. Бул балким кайсыл бир өлкөлөрдүн элитасы арасында бузулду. Бирок эл азыр деле Америка эркиндиктин тарабында экенин, Америка чоң үмүт байлаткан өлкө экенин түшүнөт.

Пресс-конференция учурунда Буштан ал президенттик мезгили учурунда өтө сындалганын сезген -сезбегенин кайра-кайра сурашты. Буш бул суроого сынды президенттерди баары көтөрүүгө милдеттүү болгон нерсе катары сыпаттоо менен жооп берди.

Ал эми АКШнын жаңы президенти туш болуучу эң башкы коркунуч кайсыл деген суроого Жорж Буш:

-Ал жана болочокту башка президенттер туш келүүгө аргасыз болгон эң чоң коркунуч – биздин өлкөгө кол салынуу коркунучу. Мен мындай сөздөрдү айтууга кубанычта эмесмин, бирок бизде али да Америкага кол салууга даяр турган сырт душман бар.

Маалымат жыйындын соңунда Буш Барак Обаманын администрациясына ишеним артарын баса белгилеп, өзүнүн ордун басуучу адамга ийгилик каалады.

АКШнын тарыхтагы биринчи ирээт ындыкара президенти 20-январда ант берүүчү күндүн тарыхый мүнөзүнө токтолду. Бул миллиондогон америкалыктарды толкунданткан күн болорун, өлкө расалык мамиледе канчалык алыска кеткенин көргөзүп турганын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG