Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:26
«Бүтүн Кыргызстан» БШКны соттон утуп алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

«Бүтүн Кыргызстан» БШК каттоодон өткөрдү

БШК «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон өткөрдү

10:56 9.9.2020

11:13 9.9.2020

Бишкектин административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери чогулууда. Алар сотту калыс чечим кабыл алууга чакырган жазууларды кармап турушат. Ушу тапта сот партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген арызын караганы жатат.

12:24 9.9.2020

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген доо арызы боюнча Бишкектин административдик сотунда каралып жаткан соттук жараянды аудио түз алып берүүгө уруксат берилген жок. Мындай чечимди административдик соттун судьясы Анар Эгембердиева чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Сотто күбөлөр сурак берип жатат. КРнын Административдик- процессуалдык кодексине ылайык, судья суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшүп албаш үчүн ушундай чечим чыгарды. Бул мыйзамда да көрсөтүлгөн», - деди Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева.

27-августта ушул эле сотто «Кыргызстан» партиясынын Боршайкомго каршы жазган арызы боюнча чечимди жарыялоого журналисттер киргизилбей калган. «Медиа Полиси» институту судья муну менен Кыргызстандын Конституциясын жана бир нече мыйзамдардын нормаларын одоно бузганын билдирген.

Коомчулукта резонанс жараткан соттук иштерди бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык тармактардагы өздөрүнүн баракчаларына түз алып беришет. Аны миңдеген адамдар көрөт.

19:51 9.9.2020

Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды.

«"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын».

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыкты.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бишкектин административдик сотунда бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы доо арызы каралды.

Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган.

Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттон калыстыгын талап кылышты.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тарта жүрүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG