Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Чечен телесинин "чоочун" жылдызы


Кристалл Каллахан
Кристалл Каллахан

Чеченстандын телеканалында жаңы жылдыз пайда болду. Бул – канадалык модель Кристалл Каллахан. Англисче программалары менен элге таанылып калган Каллаханды айрымдар чечендер жөнүндө дүйнөгө маалымат берип жатканы үчүн макташат, дагы бирөөлөр аны авторитардык лидер Рамзан Кадыровдун үгүтчүсү деп сындашат.

Кристалл Каллахан дүкөндөрдү айланып, базарлык кылганды, белгилүү дизайнерлердин кийимдерин, даамдуу тамакты жакшы көрөт. Анын апта сайын эфирге чыкчу программасы да сулуулук, мода, чечен элдик ырлары, маданиятына арналат.

Аны көргөн адам бул айым узакка созулган согуштардан дале арыла элек республикада иштейт деп ойлобосо керек.

Чеченстанда расмий түрдө согуш бүткөн деп айтылганы менен, граждандык согуштун миңдеген курмандыктары азырга чейин көмүлүүдө. Бул республика адам укугун коргоочулар үчүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу жерлердин бири бойдон калууда.

Ошентсе да, торонтолук бул модель ал жерде өзүн ыңгайсыз сезе элек. “Чеченстандын борбору Грозный, керек болсо, Чикаго, Мексикодон, тынчыраак”, - дейт ал.

“Мен бул жерде эч нерседен коркпойм, - деди Каллахан. - Менимче, Чеченстан жөнүндө журналисттер коркунучтуу нерселерди айта берип, адамдар бул жакка келиштен чочулап калышкан. Маалымат каражаттары адатта Чеченстан жөнүндө жакшы кеп айтышпайт. Проблеманын баары ушунда”.

Чеченстандын эн белгиси

Ал былтыр июндан тарта Чеченстандын мамлекеттик телеканалынан чыга баштады.

Ар жекшембиде ал англис тилинде “Аптанын маанилүү окуялары” деген программаны алып барат. Телеберүү жаңылыктар менен башталып, Каллахан өзү тандаган тема боюнча видео-макалага өтөт. Этегинде ал өзү көрармандардын суроолоруна жооп берет. Алып баруучунун айтымында, ал 20 мүнөттүк берүүсүндө адамдын көңүлүн чөктүрө турган оор темаларды чагылдырбайт.

Негизи, бул берүү сыртта жашаган чечендер үчүн жасалган экен. Анткени ал англис тилинде сателлит аркылуу обого чыгат жана орус титрлери менен коштолот. Бирок Кристал Каллахан республиканын өзүндө да белгилүү болуп кеткенин жашырган жок.

Ал өзүнүн иши тууралуу сүйлөп жатып, кыялы орундалганын, чечен сыналгысынын жылдызына айланганына өкүнбөй турганын айтты.

Каллахан Чеченстанга алгачкы ирет 2007-жылы келип, согуштан кийинки чечен жаштарынын күрөшчүлөр тобу жөнүндө даректүү тасма тартып кеткен. “Ошондо эле чечен маданиятын жактырып, ушул жерде иштөөнү каалай баштаган”, - дейт. Азыр эми ал Чеченстанды дүйнө коомчулугуна козголоңчуларды жеңип, бейкут турмушка жеткен республика кылып көрсөткөн мамлекеттик үгүттүн сүрөөнчүлөрүнүн бири болуп калды.

Көп чечендер аны дүйнөгө алардын мекени тууралуу жакшы кабар берип жатканы үчүн макташат. Бирок айрымдар Каллахан азыр укук коргоочулар массалык зордук-зобун, адам өлтүрүү, уурдоолор үчүн айыпташкан президент Рамзан Кадыровдун үгүтчүсү деп сындашат.

Каллахан өзү аларга мындай деп жооп берди: “Мен жөн гана адамдар кантип өздөрүнүн маданиятын, салтын сактап калганга аракет кылып жатышканын көрсөтөм. Мен билгенден, “позитив” менен “пропаганда” - эки башка түшүнүк”.

Кадыровдун таасири

Кадыров тууралуу көбүнчө Каллахандын берүүсүнүн биринчи бөлүгүндө, жаңылыктарда гана айтылат. Бирок программанын интернет сайтында көбүнчө “Чечен президенти – улуу үмүт” деген өңдүү билдирүүлөр жазылып калат.

Каллахан болсо алгачкы ирет Кадыров менен 2007-жылы балмуздак жеп, кофе ичип отуруп сүйлөшкөнүн эскерет: “Мен аны көргөндө эле тан бердим. Ал аябай акылдуу, сымбаттуу чыныгы жэнтлмэн экен дегем. Ал анекдот айтып, күлдүрүп отурду. Өзүнүн мекени, маданияты менен сыймыктанган адам экенин түшүнгөм. Чынын айтсам, мен эч качан андай адамды жолуктура элек болчумун. Аны көргөндөн кийин, мен мындан да көп иштегим келди. Анткени ал ооруканаларды, мектептерди ачып, элдин турмушун жеңилдеткенге, маданиятты сактап калганга жан үрөп иштеп жатканын түшүндүм”.

Чеченстанда былтыр Кадыровду катуу сындаган укук коргоочу Наталия Эстемированын өлтүрүлгөнү да Кристалл Каллахандын Кадыров тууралуу оюн өзгөртө албады. Ал Чеченстандан кетейин деген ниети да жок экен. Жакында эле чечен сыналгысында дагы бир жылга иштөө үчүн келишимге кол коюптур.

Андан сырткары, “Моделдин Чеченстандагы күндөлүгү” аттуу китебин да чыгарды. Азыр эми карьерасын улантып, чечен тилинде ырдай баштаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG