Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Канн: Эки кыздын сүйүүсү баш байгени эңип кетти


Актрисалар Лея Сейду (солдо) менен Адел Экзаркопулос фильмдин режиссеру Абделатиф Кешиш менен, Канн, 26-май, 2013
Актрисалар Лея Сейду (солдо) менен Адел Экзаркопулос фильмдин режиссеру Абделатиф Кешиш менен, Канн, 26-май, 2013

Канн кинофестивалында эң башкы сыйлыкка эки француз кумса кызынын сүйүүсү жөнүндө “Аделдин жашоосу” деген фильм татыктуу деп табылды.

Канн кинофестивалында негизги конкурска катышкан Абделатиф Кешиштин кумса кыздар жөнүндөгү бул тасмасы башынан эле “жаңжал жаратчу” фильм катары аталып келген. Сексуалдык ачык тартылган бөлүктөрү бар тасма “Алтын пальманын” алдынан эле Киносынчылардын эл аралык ассоциациясынан (ФИПРЕССИден) да сыйлык алган эле.

Канндагы фестивалдын калыстар тобунун төрагасы, голливуддук атактуу режиссер Стивен Спилберг жекшембиде бул фильм жөнүндө сүйлөп, анда режиссер Кешиш менен бирге эки каарман кыздар Адель Экзаркопулос жана Лея Сейдунун мыкты актердук эмгегин белгиледи.

"Биз бул эки жаш актрисанын кандай чеберчилик менен ойногонуна өзгөчө суктандык, - деди Спилберг. - Режиссер да актерлор менен ушунчалык кылдат, жакшы иштешип, алар фильмде өз үнү, өз мүнөзү менен катышуусуна шарт түзө алган. Андагы мейкиндик ойногон актерлордун айткандары менен да, айтпаганы менен да маанилүү көрүнөт. Ошондуктан муну биз “аябай терең сүйүү баяны” деп таптык".

Тасманын режиссеру Кешиш фильмдин ийгилиги аны тарткан бүтүндөй команданын зор жеңиши деди.

"Мен дайыма айтам: жеңсең да, жеңилсең да, бул – жалпы жамааттын эмгегинин натыйжасы", - деди режиссер.

Кешиш бул сыйлыгын Францияда фильм тартууда ага эркиндик, бирге ынтымакта жашоо өңдүү маселелерде көпкө үйрөткөн жаштарга арнай турганын айтты. Мындан сырткары, өзүнүн ата журту Тунисте эркиндикти самап ыңкылап жасаган жаштарга да арнай турганын белгиледи.

“Аделдин жашоосу” – 2008-жылдан бери Канндагы эң башкы сыйлыкка жетишкен алгачкы француз тасмасы.

Башка сыйлыктардан, калыстар тобу ирандык кинорежиссер Асгар Фархадинин жаңы фильминде ойногон франциялык Беренис Бежону “мыкты актриса” деп тапты.

Голливуддун 76 жаштагы ардагери Брюс Дерн “Небраска” фильминдеги оюну үчүн “мыкты актер” сыйлыгына ээ болду.

Негизги конкурстагы режиссерлордун катарында эң жашы, мексикалык Амата Эскаланте “Хели” деген фильминде мекениндеги “баңги согуштары” жөнүндө баяндайт. Зордук-зобунду көп сүрөттөгөн татаал социалдык бул тасмасы үчүн Эскаланте “Эң мыкты режиссер” деп табылды.

Канн кинофестивалы 15-майдан 26сына чейин уланган. Негизги конкурста 20 фильм катышты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG