Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:50

Сүрөтчүгө кол салууга аракет жасалды


Айрым маалыматтарга караганда Курт Вестергорддун башы бир млн доллар турат. 2006-жылдын 15-сентябрындагы фото
Айрым маалыматтарга караганда Курт Вестергорддун башы бир млн доллар турат. 2006-жылдын 15-сентябрындагы фото

Данияда Мухаммед пайгамбарга карикатура тарткан сүрөтчү Курт Вестергордду 28 жаштагы сомалилик мууздап кете жаздады.

Жума күнү кечинде ал колуна балта менен бычак алып, 74 жаштагы сүрөтчүнүн үйүнө кирмек болгон. Курт Вестергорд полиция чакырууга үлгүргөн экен, алар болсо кол салуучуга ок атышкан. Жаракат алган адам ооруканага жаткызылды.

Полиция тез эле келди

Курт Вестергорд 2005-жылы Мухаммед боюнча карикатура тарткан болчу. Анын бул сүрөтүн дүйнөдөгү көпчүлүк мусулмандар алардын диний ыйык сезимине шек келтирүү катары баалашып, авторду катуу сынга алышкан эле.

Даниянын коопсуздук күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 28 жаштагы сомалилик жигит 1-январда Курт Вестергорд жашаган үйгө бычак жана балта көтөрүп кирген.

"Биз кечээ саат 10 чендерде ошол даректен сигнал алдык да, чакыруу болгон жерге дароо бардык. Биз качан шектелүүчүнү көргөндө ал окуя болгон жерден из жашырып бараткан экен. Анан ал полиция кызматкерине кол салды, ошондон кийин полиция ага ок атууга мажбур болду", - деди Даниянын Орхус шаарынын полиция башкармалыгынын жетекчи орун басары Фриц Келдсен.

Сүрөтчү Курт Вестергорд окуя маалында үйүндө 5 жашар небереси менен болгон экен. Сомалилик келгенин билгенде ал коопсуздугун камсыз кыла турган системаны ишке киргизип, полицияны чакырууга үлгүргөн. Алар болсо 5 мүнөт өтүп-өтпөй ал жашаган үйгө келип калышкан.

Буту-колуна атышты

Анан алар качып бараткан сомалиликке атышкан, ок анын буту менен колуна тийген деген маалымат бар. Полиция кол салуучунун атын айта элек, ага террорго байланыштуу адам өмүрүнө кол салууга аракет кылган, деген айып коюлууда.

"Карикатурист Курт Вестергорддун өмүрүнө кол салуу терроризм менен байланыштуу. Кармалган адам Сомалидеги Ал-Шебааб террордук уюму менен, ошондой эле Ал-Каиданын Чыгыш Африкадагы өкүлчүлүгү менен бекем байланышта болгон», деп билдирди Даниянын коопсуздук кызматы.

28 жаштагы түбү сомалиден болгон жигит Даниянын карамагындагы Шеллан аралында жашап келгени аныкталды. Ал узак убакыт бою коопсуздук кызматтарынын кызыгуусун жаратып келатканы да белгилүү болду.

Катуу кайтарууда

Сүрөтчүнүн өзү окуядан жабыркаган жок, бирок өтө камтама болуп турган чагы. Ал 2005-жылы Мухаммед пайгамбар тууралу 12 карикатура тарткан. Ал сүрөттөр Ооганстан, Пакистан, Нигерия сыяктуу бир катар мамлекеттерде катуу нааразылыктарды жаратып, атайын акциялар өткөн болчу.

Айрым мамлекеттердеги Дания элчиликтерине кол салуулар болгон, ал эми айрым өлкөлөр Даниядан чыккан товарларга тыюу салышкан эле.

Карикатураларды алгач баскан "Jyllands Posten" журналы 2006-жылы жалпы мусулмандардан кечирим сураган, бирок Европадагы айрым маалымат каражаттары ал сүрөттөрдү кийин кайра көчүрүп басышкан болчу.

Сүрөттүн өзүндө болсо Мухаммед селдесине бомба оронуп алган калыпта тартылган. Ал үчүн Курт Вестергорд бир нече ирет коркутууга туш болгон эле. Айрым маалыматтар боюнча анын башын алып келген кишиге миллион доллар сыйлык сайылган. Ошондон улам анын үйү Данияда полиция тарабынан катуу кайтарууга алынган.

2008-жылы тунисттик эки адам дагы сүрөтчүгө кол салууга камданышкан деп камалып, кийин алар кайра бошотулушкан болчу.

XS
SM
MD
LG