Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

"Центерранын" кирешеси азайды


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы биринчи кварталдагы каржы көрсөткүчтөрүн жарыялады. Онтариолук кен казуучу ишкана 8-майда Директорлор кеңешин бекитти.

Кумтөрдөн 131.7 млн. доллар киреше түштү.

Centerra Gold Inc. жарыялаган билдирүүдө үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында компаниянын жалпы кирешеси 148 млн. АКШ долларын түздү, анын таза кирешеси – 2.1 млн. долларга барабар. Былтыр биринчи кварталда жалпы киреше 192.3 млн. доллар, анын ичинде таза киреше 51.4 млн. долларды түзгөн эле.

Быйыл таза кирешенин 96% азайганын компания алтындын кунунун качышы жана сатылган алтындын көлөмүнүн төмөндөшү менен түшүндүрдү.

Былтыр алтындын унциясы 1725 долларга чейин жеткен. Учурда 1289 доллар.

Компанияга Кумтөр алтын кенинен биринчи кварталда 131.7 млн. доллар киреше түшкөн. Дивиденд төлөмү болсо бир акция төрт канада центине барабар болду.

"Центерра" 2014-жылдын алгачкы үч айында 116 миң унция, же 3.3 тонна алтын өндүргөн. Анын 2.91 тоннасы Кумтөрдөн алынган. Былтыр биринчи кварталда жалпысынан 3.36 тонна сатылып, анын 2.54 тоннасын Кыргызстанда казылган алтын түзөт.

Торонто шаарында катталган кен казуучу ишкана биринчи кварталда былтыркыга салыштырганда 4% аз, же болгону 3.24 тонна алтын сатты. Сатылган алтындын 2.88 тоннасы – Кумтөрдөн казылган. "Центерра" билдиргендей, компания алтынды унциясына 1292 доллар орточо баа менен саткан. Былтыр ушул маалда компания алтындын унциясын 1619 доллар орточо баада саткан.

Быйыл жалпысынан Кумтөрдөн 17 тоннага чейин алтын өндүрүлөрүн божомолдонгон "Центерра" 2014-жылга коюлган максаттар толугу менен ишке ашарына ишенет.

"Кыргызалтын" Лэңди шайлоодо добуш берген жок

"Центерра Голд" компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушу 8-майда аяктады. Онтарионун борборунда өткөн жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү шайланып, анын төрагасы бекиди.

Директорлор кеңешинин төрагасын шайлоого "Центерранын" 32.7% үлүшүнө ээлик кылган "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышып, бирок добуш берген жок. Кеңештин төрагасы болуп Стивен Лэң, анын орун басары Брюс Уолтер жана көз карандысыз директор Терри Рожерс директорлор кеңешинин жетекчилик кызматтарына шайланды.

"Центеррада" көпчүлүк добуш менен шайлануу саясаты жок, андыктан Лэң компаниянын дайындоо жана корпоративдик башкаруу комитетине кайрылды. Аталган комитеттин мүчөлөрү компаниянын кызыкчылыгын эске алуу менен бир добуштан Стивен Лэңди директорлор кеңешинин төрагасы кызматында калтырууну колдоду. Бул чечимди кеңештин башка мүчөлөрү да жактырды.

“Центерранын” директорлор кеңешинин төрагасын дайындоо боюнча Канадада өткөн жыйын тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын басма сөз катчысы Калкаман Бердибаев “Азаттыкка” айтып берди.

"Кыргызалтын" Стивен Лэңге добуш берген жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00
Түз линк


"Центерранын" директорлор кеңешине Ян Аткинсон, Рафаэль Жирар, Ричард Коннор, Стивен Лэң, Эмиль Орозбаев, Шэрыл Пресслер, Майкл Пэрретт, Терри Рожерс, Калыйнур Садыров, Брюс Уолтер жана Кылычбек Шакиров мүчө болуп шайланышты.

"Центерра" Түркияда алтын казат

"Центерра Голд" Түркиядагы Өксүт долбоорун июлга чейин баштайт. Жылдын башында Өксүттүн алгачкы экономикалык эсептөөсү соңуна чыгып, долбоордун техникалык, экологиялык жана социологиялык таасирин иликтөөгө компания 10 млн. доллар сарптайт.

Ал эми Монголиядагы Гацсуурт алтын кенин иштетүү боюнча расмий Улан-Батор менен сүйлөшүүлөр уланууда. Монгол парламенти Гацсууртту стратегиялык кендер тизмегине киргизсе, Монголия биргелешкен ишкананын 34% үлүшүнө ээ болорун "Центерра" кабарлады.

Монголиядагы Бороо кенинен биринчи кварталда түшкөн киреше былтыркы алгачкы үч айга салыштырганда 62% азайып, 16.4 млн. долларды түздү. "Центерра Голд" былтыр Бороо кенинен 43.6 млн. доллар киреше тапкан.

Биринчи кварталда Монголиядагы кенден казылган алтындын көлөмү 54% азайды. Бороодо 13 миңдей унция, же 0.38 тонна алтын казылып, анын 0.35 тоннасы сатылган. Былтыр ушул эле мезгилде 0.76 тонна алтын казылып, анын 0.72 тоннасы сатылган. Сатылган алтындын көлөмү да 54% төмөндөдү.

Быйыл жалпысынан Бороо кенинен 1.27 тонна алтын өндүрүлөөрү күтүлөт.

Эриген мөңгүлөр

"Центерра Голд" кыргыз президентинин кароосуна берилген Мөңгүлөр туурулуу мыйзам жөнүндө кабардар. Торонтолук компания бир нече келишимдерин негиз кылып, жаңы мыйзам Кумтөр кенин иштетүүгө таасирин тийгизбейт деп ишенет. Мыйзам күчүнө кирсе дагы, ал "Центерранын" ишмердүүлүгүнө түз таасир этпейт деген үмүттө.

"Центерра" Кумтөр кени 1994-жылы иштей баштагандан бери мөңгүлөрдү сактоого жетишсиз чаралар көрүлгөнүн жана кыргыз өкмөтү өз убагында бул маселеге тиешелүү көңүл бурбаганын белгилейт.

"Центерра" Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсүнүн мындан ары бузулушуна бөгөт коюу үчүн мөңгүнүн түбүндө контрфорс (түркүк) орноткон.

Ушул жылдын январында өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 1994–2012-жылдары кенди иштетүүдөн улам айыл-чарбасы тарткан 8.5 млн. доллар чыгымды жана борпоң тектин бузулушу үчүн 485 миң долларды "Центеррадан" өндүрүп алуу арызы менен сотко кайрылган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттиги да 315 млн. доллар компенсация талап кылган. Ал эми Кыргызстандын Жашылдар партиясы 1996-жылдан берки экологиялык зыян үчүн "Центеррадан" 9 млрд. доллар төлөп берүүнү талап кылган. Бул арыздар тууралуу "Центерра Голд" кабардар экенин билдирет.

Сөз соңунда…

Өткөн жумадагы соодада Торонто фондулук биржасында "Центерра Голддун" акциялары 5 канада доллары 22 цент болду. Азыркы тапта 443 млн. акция жүгүртүүдө. Алардын базардык капитализациясы 1.23 млрд. канада долларына барабар.

Кыргызстан ээлик кылган 77.3 млн. акция учурда 403 млн. канада долларынан бир аз ашты. Акыркы 12 айда акциянын эң төмөнкү баасы 2 канада доллары 82 центке түшкөн, эң жогорку баасы 7 канада доллары 20 центке көтөрүлгөн. Бир канада доллары – 48 сом 26 тыйын. Алтындын унциясы 1289 доллардан сатылууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG