Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кумтөр: эсеби чыкпаган экологиялык зыян


Кумтөрдөгү эрип бараткан Давыдов мөнгүсү, 9-октябрь, 2012
Кумтөрдөгү эрип бараткан Давыдов мөнгүсү, 9-октябрь, 2012

“Кумтөрдөгү” экологиялык коркунучту жоюу боюнча доо арыздарды Кыргызстандын соттору өндүрүшкө алуудан баш тартууда.

Анткени 2009-жылкы макулдашууга ылайык, мамлекеттик органдардын сотко берүү укугу чектелип, чырды эл аралык арбитраж гана карайт деген шарт бекитилип калган. Ошол эле кезде коомчулуктун атынан сотко берүү укугунан пайдаланган “Жашылдар” партиясынын доо арызы жогорудагы мамлекеттик эки мекеменин арызы бар деген себеп менен каралбай турат. Аталган уюмдун өкүлдөрү муну канадалык тараптын кызыкчылыгын көздөгөн өкмөттүн саясий оюну катары мүнөздөшүүдө.

Создуккан соттун артында эмне бар?

Былтыр 22-майда өкмөттүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Кумтөр оперейтинг” компаниясын Бишкек райондор аралык сотуна берген. Анда “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян боюнча 6 миллиард 800 миллион сомго доо коюлган. Доо арызына алтынды туура эмес өндүрүүнүн кесепеттери катары мөңгүлөрдүн эриши, жер кыртышынын бузулушу жана уу калдыктардан суунун булганышы боюнча экологиялык экспертизанын жыйынтыктары тиркелген .

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков мамлекеттик комиссиянын талабын аткаруудагы өкмөттүн шалаакылыгын сынга алды:

- Мамлекеттик комиссия өзүнүн ишин качан бүтүп, анын корутундусун өкмөттө качан карадыңыздар эле? Аткаруу бийлигинин башында туруп, мына ошол мамлекеттик комиссия чыгарган корутундуда көрсөтүлгөн экологиялык зыян боюнча маселени сотко берүүдө аябай эле кечиктирдиңиздер. Мына өкмөттүн бул маселеге карата мамилеси.

Аягы көрүнбөгөн доо арыздар

Башында “Кумтөр оперейтинг” компаниясына экологиялык зыянды калыбына келтирүү боюнча доо арыз даярдоонун татаалдыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Анткени мындан 16 жыл мурунку уруксат берүүчү баштапкы документтерди табуу кыйынга турган.

Өкмөттүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев доо арыз берүүнүн мөөнөтүнүн созулуп кетишин төмөндөгүдөй себептер менен түшүндүрдү:

- Буга чейинки соттук инстанциялардын бардыгында 2009-жылкы макулдашуу боюнча доо арыз эл аралык арбитражда каралат деген чечимдер чыкты. Жакында бул арызды Жогорку Сотко бердик. Негизи сот органдары доону даярдап берүүдө баштапкы документтерди талап кылып жатат. Анан анын бардыгын архивдерден издеп таап, бергиче ушул убакыт болуп калды.

Былтыр жылдын соңунда “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян боюнча айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги да сотко доо арыз берген. Аталган мамлекеттик мекеме келтирилген зыяндын өлчөмүн 15 миллиарддан ашуун сомго баалаган.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамов буларга токтолду:

- Биз былтыр 5-декабрда сотко бердик. Аны Бишкек райондор аралык соту карап жатат. Буга чейин жанагы макулдашуунун шарттары боюнча “Кумтөр” өтүнүч келтирип, ишти эл аралык арбитражда каралышын талап кылып келген. Бул компания өзүнө керектүү учурда гана арбитражды көтөрүп чыгууда. Болбосо экологиялык зыянды жергиликтүү соттун чечими менен эле төлөгөн экен. Сот мына ошол жагдайды таап чыгып, ишти караганы турат.
“Кумтөр оперейтинг” компаниясы экологиялык зыян боюнча коюлган дооматты негизсиз деп четке кагууда. Ошондой эле аталган компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин доо арыз эл аралык арбитражда гана каралыш керек деген жүйөөнү келтирди:

- “Центерра” 2009-жылкы макулдашууга таянып, бул соттук териштирүү эл аралык арбитражда гана каралыш керек деген позицияда. Болбосо “Центерра” кандай гана доо арыз болбосун, ал боюнча эл аралык арбитражга кайрылуу укугун өзүнө калтырат. Негизи кандай гана болбосун айлана-чөйрөгө таасир этпей турган өндүрүш болбойт.

“Жашылдардын” доосуна “жарык” күйө элек

Буга чейин 2012-жылы “Жашылдар” партиясы коомчулуктун атынан экологиялык коркунучту жоюу дооматы менен “Кумтөрдү” сотко берген. Аталган уюм экологиялык зыян катары кен казуучу ишканага 444 миллиард сомго доо койгон. Бирок Бишкек райондор аралык соту 2013-жылы жайында аталган доо арызды кароодон баш тарткан.

“Жашылдар” партиясынын өкүлү Динара Кутманованын айтымында, буга мамлекеттик органдар берген доо арыздар себеп болгон:

- Сот бул иш боюнча мамлекеттик органдардын доосу каралып бүтмөйүнчө силердикин кабыл ала албайбыз деди. Бирок макулдашуу боюнча мамлекеттик органдар эрежени бузуп, доо арыз берүүгө акысы жок болчу. Анан эми азыр өкмөт калп эле соттошкон болуп, убакытты созуп туруп, “Центерранын” кызыкчылыгына иштеп жатат. Анан өкмөттөгүлөр тигил компания “эреже бузулду” деп эл аралык арбитражга кайрылуусуна негиз жаратып берип жатышат. Бул жөн эле көз боёмочулук оюн. Мунун жыйынтыгы болбойт.

2011-2013-жылдардагы “Кумтөрдү” иликтеген депутаттык жана мамлекеттик комиссиялардын корутундусунда андагы экологиялык зыяндын масштабы өтө эле чоң экени эскертилген. Муну парламентте талкуулоо учурунда алтын казуу токтотулуп, канадалык компания кеткен соң “мураска” калчу экологиялык көйгөйдү чечүүгө Кыргызстандын чама-чаркы жетпей турганы айтылган болчу.

"Азаттыктын" архивинен: Кумтөрдөгү экологиялык абал, октябрь, 2012

XS
SM
MD
LG