Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Тажикстан: кар көчкү кан жолду жапты


Дүйшөмбү-Хожент жолу
Дүйшөмбү-Хожент жолу

Февралда Тажикстандын тоолуу аймактарында кар көчкүдөн кеминде 15 киши каза болду. Январда эле кошуна өлкөдө 250 жолу кар көчкү жүргөн. Абал өзгөчө Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда татаал. Куткаруу жана тазалоо иштерине аскерлер да тартылып жатат.

Чукул кырдаалдар комитетинин маалымат катчысы Умеда Юсупова Дүйшөмбү-Хожент жолунда кырдаал өзгөчө кооптуу экенин, 80 чакты кишини Айни районуна көчүрүшкөнүн билдирди. Дүйшөмбү-Чанак кан жолундагы Истиклол туннелинде ондогон киши, анын ичинде балдар, оор машиналар чыга албай турат. Жолду тейлөө иши менен алектенген IRS компаниясынын өкүлү туннелде жетиштүү көлөмдө азык-түлүк бар экенин айтты.

Дүйшөмбү-Хожент жолунан тышкары Дүйшөмбү-Хорог трассасы да жабык. Ал жолдун бир тилкесинде жер көчкү жолду тороп калган.

Ал тапта дүйшөмбү күнү IRS компаниясынын үч кызматкеринин сөөгү табылды. 18-февралда жети кишини жолду тазалап жатканда кар көчкү басып калган. Төрт кызматкерди куткарууга үлгүрүшкөн, үчөө дайынсыз болуп жаткан. Ал эми эки жүргүнчүнүн тагдыры азыркыга чейин белгисиз.

Чукул кырдаалдар комитети ашууларда, тоолуу аймактарда абал кооптуу бойдон кала бергенин эскертип, өтө зарыл болбосо, калкты жолго чыкпоого үндөп келет.

Апта соңунда Хорог шаарынан 200дөй үй-бүлө коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Калаанын өзгөчө кырдаалдар штабынын башчысы Умед Тутишов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, элдин жарымы туугандарыныкына, калгандары атайын борборлорго жайгаштырылды. Бардыгы болуп 650дөн көп киши эвакуацияланды. Кар көчкү ыктымалдыгы өтө жогору болгондуктан алар бир нече күн ошол жерлерде өткөрүшмөкчү.

Акыркы бир нече күндө жааган калың кардан улам Хорогдо 25 турак жайдын чатыры урап калган. Ооганстандын шаардагы консулдугу жаратылыш кырсык коркунучунан өз ишин убактылуу токтотуп койду.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматынын кабарчылары дүйшөмбү күнү кар көчкү жүргөн аймактардын бирине барып келди.

"Биз бүгүн Дүйшөмбүнү өлкө түндүгү - Хожент менен байланыштырган жолдун 48-километринде болуп келдик. Көчкүнүн көлөмү 500 метрге жетет, узундугу болсо 50 метрдей", - дейт журналист Искандер Фируз.

Февралдын башында президент Эмомали Рахмон өкмөт жыйынында акыркы беш жылда табигый кырсыктардан Тажикстанда 120дан ашуун адам өлгөнүн, мамлекетке 600 миллион доллар зыян келтирилгенин билдирген.

Тиешелүү мекемелерге жолдорду тезирээк тазалоо, коргоо жабдыктарды куруунун жаңы пландарын иштеп чыгуу, кооптуу тилкелерди бекемдөө тапшырмасы берилген. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, эл аралык уюмдарга кайрылып, кар көчкүнүн кесепеттерин жоюуда жардам сурады.

Тышкы мекеме куткаруу жана профилактикалык иштерге көп каражат, техника, жабдуулар, күйүүчү май, курулуш материалдары, жапа чеккендерге тамак-аш, дары-дармек талап кылынарын белгилейт.

Кошуна Казакстандын Жамбул облусунда 17-февралда кар көчкү жети жоокердин өмүрүн алып кетти. Дагы сегиз киши катуу жараат алып ооруканада жатат. Окуяны иликтөө үчүн коргоо министри жетектеген өкмөттүк комиссия түзүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG