Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Чоң-Алай: кар көчкү калкты түйшүккө салды


Акыркы жааган калың кар көчкүлөр менен коштолуп, үч адамдын өмүрү кыйылды. Кырсыкка кабылган үч үй-бүлө мал-мүлкүнөн дагы айрылышты. Бул арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүлөр кайталанышы мүмкүн экенин эскертип жатат.

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жаш-Тилек айылынын тургуну Абсатар Койлуубаев көчкү астында калгандардын бири. Ал уйкудан көзү ачыла электе үйүн, төрт баласын кар көчкү басып калган. Кошуналарынын жардамы менен кар астында калган үйүнөн балдары менен аман чыкты. Бирок жылдап тапкан мал-мүлкүнөн ажырады. Ошентсе да ал азыр балдары менен ажалдан аман калганына шүгүр деп отурат.

Жаштилектиктер Абсатардын кар көчкүнүн алдында калган кошунасынын эки чүрпөсүн куткара алышпай калышты. Бүгүн айылдыктар эки баланы жерге беришти.

- Саат бештен эми эле өткөн экен. Биздин үйдү кар басып калды, үйдүн ичи караңгы. Эптеп телефонду таап, кошуналарга чалып чакырдык. Алар карды көптөп күрөп бизди чыгарып алышты. Үйдүн эч нерсеси көрүнбөйт. Мал-мүлктөн эч нерсе калган жок. Кошунамдын эки баласын куткара албай калышыптыр. Бүгүн аларды жерге берип жатабыз. Анын да малы кар астында калды. Азыр айылда кардын калыңдыгы эки метрге жетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип, мектептин жанына убактылуу жашаганга контейнер үйлөрдү куруп беришти. Мен элүүгө толсом да мындайды көргөн эмесмин. Күтүлбөгөн иш болду.

Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылындагы бул окуяга удаа эле Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылында да өспүрүм кар көчкү астында калып каза болду.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү кайталанышы мүмкүн деп кооптонуп турат. Министрликтин өкүлү Авазбек Айтиев өлкөнүн ар кайсы аймактарынан көчкү тууралуу кабарлар түшүп жатканын билдирди.

- Учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо - Казарман жолу, Чаткал районунун Каныш-Кыя-Кировка жолу, Жумгал районунун Миң-Куш-Арал жолу жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолдору кар күрткүдөн улам жабык турат. Ал жолдорго улам кар көчкү түшүүдө. Андан сырткары Кара-Кулжа - Алайкуу жана Ош-Бишкек жолунун бир нече жеринде кар көчүү коркунучу сакталып турат. Ал эми калктуу пункттарда кар басып калуу коркунучу Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында сакталып турат.

Соңку күндөрү кар калың жаагандыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүлөр башка аймактарда дагы болушу мүмкүн деп кооптонууда. Министрликтин өкүлү Авазбек Айтиев бул күндөрү узак жолго чыкпай, тоолуу аймактарда сак болуу керектигин эскертти.

- Акыркы жааган кар суулуу жана көлөмдүү болду. Кар жаагандын эртеси күн ысый баштады. Демек кар көчкүсү башка жерлерде дагы болушу мүмкүн экенин эскертебиз. Ал кар ээрип жерге сиңип, жер көчкүсүн да пайда кылуу коркунучу бар экенин адистер аныкташкан. Ошондуктан кооптуу аймактардан оолак болууну суранабыз.

Өлкөдө калың жааган кардын артынан эле күн катуу ысый баштады. Мындан улам кар көчкүлөр, анын артынан жер көчкүлөр кайталанышы мүмкүн экени эскертилүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG