Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Кыргызстан кар тозотунан чыга албай жатат


Президент Алмазбек Атамбаев 26-мартта күч структураларынын башчылары менен кар көчкүлөргө байланыштуу кырдаалды талкуулады.

Узакка созулган кыштан жана калың кардан Кыргызстандын тоолуу аймактарында мал кырылып, кар күрткүдө жана көчкүдө адамдар каза табууда.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жалгыз жол көп күндөн кийин бүгүн ачылды.

Президент Алмазбек Атамбаев кар көчкүлөрдү алдын албаганы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сынга алды. Жаратылыш кырсыктарында колдон келишинче кишилей чыгымды болтурбоону тапшырды:

- Көчкү жүрсүн, анан чара көрөбүз дебей, мындай учурларда алдын ала чара көрүш керек да. Мындай болоору бир-эки ай мурун эле белгилүү болгон да. Кар абдан көп жаады, көчкү жүрөт. Биз эмнени күтүп аттык? Көчкү жүрүп кетсин, жол жабылсын, тогуз киши өлсүн деп күттүкпү? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол өзгөчө кырдаал болбосун деп түзүлгөн да. Кээ бирде болот, анда айла жок. Колдон келсе мындай алдын ала билген нерсени алдын ала жасаш керек. Кандай жардам керек болсо берет элек, бюджетте тыйын-тыпыр деле бар.

Кар көчкүдөн улам алты күн мурда жабылган Ош-Бишкек жолу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бирок кырдаалга жараша кан жолдогу каттамга дагы чектөө киргизилерин “Азаттыкка” курган маегинде тактады:

- Жылынчу, тамак-аш берилчү пункттар иштеп жатат. Чоң-чоң чөп тарткан унааларды өткөрүш үчүн жолдогу чоң көлөмдөгү кар көчкүнү тазалап бүткөндөн кийин бүгүн, 26-мартта жолду ачтык. Бирок аба ырайына байланыштуу 27-марттан тарта маал-маалы менен жаап турабыз. Себеби өтө коркунучтуу, кооптуу жерлер көп.

Министр кар көчкүнү атып түшүргөн курал-жарактар эски, ошон үчүн көп учурда атканда кар түшпөй жатат деген дооматтарды четке какты:

- Пушка деген эски болбойт, мылтык да эскирчү беле? Ошол пушка менен атып түшүргөнүбүз үчүн мына акыркысы Көчкү-Булактан 2 миллиондон ашык куб, бийиктиги 30-35 метр, туурасы 420 метрге жеткен карды түшүрдүк. Эгер ошол өзү түшүп кетсе эмне болот эле? Кудай сактап ийгиликтүү түшүрүп алдык. Кооптуу жерлер дагы эле көп. Быйыл кыш түшкөндөн бери алты жолу кыдырып аттык. Дагы кошумча пландарды иштейбиз, пландарыбыз бар.

Ош-Бишкек жолундагы абалды билүү үчүн Жалал-Абаддан Бишкекке жолоочу тартып келаткан Азиз аттуу таксистке телефон чалдык:

- Токтогулда келатам. Эми Чычканга кирем. Жол жакшы эле. Көк-Белде бир саат кармалдык. Кар аттырып атышкан экен. Бирок түшпөй калды. Эми бул жагынан жакшы эле экен. Чычканга барсак билинет да. Каршыдан унаалар жакшы эле келип атат.

Буга чейин Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолу буулуп, айрыкча Чоң-Алайда абал курч экени айтылып жаткан. Аталган райондогу Кара-Тейит айылынын тургуну Кыпчакбай Темирбеков күн жылып, жол ачылганын, бирок тоют маселеси дале курч турганын айтып берди:

- Жолдор ачылып, бүгүн базар жакшы. Көп жерде кар көчкү түшө элек. Күн эми жылый баштады. Эми кайрадан кар көчкү түшүшү мүмкүн. Азыр өкмөт тараптан кишилер келип, көчкүнүн чыгымдарын тактап кетти. Баарыбыз эле чөпкө даярданып атабыз. Бабановдун бекер машинасы бар экен дейт, ошого жазылып, айыл эли болуп чөп жеткиртип алганга уюшуп атабыз. Биздин айылда жуттан мал кырылган жок, бирок көптөгөн адамдардын чөбү түгөнүп калды. Калган жагы жакшы эле. Көмүр килограммы алты сомдон сатылып атат.

Быйыл Кыргызстанда кар адаттагыдан үч эсе көп жааганын метеорологиялык кызматтар билдиришти. Кыштын мөөнөтү да жылдагыдан бир айга узак болду. Март айында күндүн бир аз жылышы менен кар көчкүлөр жүрүп, ушул күнгө карата тогуз адамдын өмүрүн алып кетти. Көчкүнүн үчтөн бир бөлүгү адамдар тынымсыз каттаган Ош-Бишкек жолунда катталууда.

XS
SM
MD
LG