Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Жол жабылып, калк кыйналды


Бишкек – Ош жолунун убактылуу жабылышы түштүктө экономикалык кыйынчылыктарды жаратууда. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында күйүүчү майдын таңкыстыгынан баалар кескин көтөрүлдү. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү Акуналы Досалиев жана Оштон экономист, эксперт Эркин Абдразаков катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: 22-ноябрдан тарта жаан-чачын көбөйгөнүнөн улам, Бишкек-Ош жолуна кар калың түшүп, ары-бери каттоо кыйынчылыкка учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүдөн жол тазалоо иштерин жүргүзүү убагында Бишкек – Ош, Бишкек – Талас жолдорун убактылуу, негизинен түнкүсүн жаап атты. Бул түштүк тарапта экономикалык кыйынчылыктарды алып келди.

Мисалы, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында эң биринчи эле күйүүчү май таңкыстыгы жаралып, буга жараша баалар да көтөрүлүп кетти. Акуналы мырза, карды көбөйтүп жибербей улам тазалоо иштерин жүргүзүп турса, мүмкүн мынчалыкка барбайт эле?

Акуналы Досалиев: Ноябрдагы болуп аткан кырдаалды күтүүсүздөн болгон стихия катары кабыл алышыбыз керек.

Мен жол адиси катары айтам, ноябрда жааган кар жолдо иштеп аткан жумушчуларга аябай кыйынчылык алып келет. Себеби суу кар, жамгыр жааганын, же кар жааганын билбей калат. Муну аныкташ өтө кыйын болот. Бишкек – Ош жолунун катаал шартында, күтүлбөгөн жерден кар жаап, көчкүлөр түшүп кетти.

“Азаттык”: 22-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун катышуусунда жыйын өткөн, ошондо бардык министрликтер, облустардын жетекчилери биз кышка толук даярбыз деп отчет беришпеди беле?

Акуналы Досалиев: Отчетту өзүнүн участкаларындагы даярдыгы боюнча беришет. Бирок мындай массалык жааган карды убагында жергиликтүү бийликке билдириш керек, ӨКМ мамлекеттин деңгээлиндеги кыйынчылык деп сезиш керек.

“Азаттык”: Эркин мырза, мамлекет, же өкмөт ушул кырдаалды алдын алууга мүмкүнчүлүгү бар беле?

Эркин Абдразаков: Ооба, бар болчу. Кышка даярдык мезгилинде, ноябрда синоптиктердин берген маалыматы алдын ала байма-бай айтылып аткан.

Ошого карабастан ноябрдын аягында Бишкек – Ош жолунда кар көчкү жыл сайын болуп келген, мезгил келген убакта жол кире кымбаттай баштаган. Бишкектен Ошко транспорт менен каттоодо 1800-2000 сомдон ала башташкан. Министрликтер ушундан деле тыянак чыгарса болмок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG