Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Борбиев: Жоопкерчилик жолчуларда да, айдоочуларда да бар


Өткөн жумада Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында кар көчкү үч кишини басып калган. ӨКМ 27-ноябрдан 3-декабрга чейин караңгыда жол жүрүүгө тыюу салды.

Республиканын автожолдорунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевди сөзгө тарттык.

- Болот мырза, капыстан катуу келген кыш кыргызстандыктарды түйшүккө салып койду окшойт. Өзгөчө стратегиялык мааниси бар Бишкек-Ош жолунда, бийик тоолуу Каракол –Эңилчек, Ош –Эркечтам, Алайкуу жолдорунда кар калың түшүп, жолдор жабылып калганы тууралуу айтылып атат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга даяр эмес беле?

-Тескерисинче, биздеги жарандык коргоо системасы, анын ичинде биздин министрлик дагы бул акыбалга даяр болчу. Себеби дегенде, кыргызгидромет борбору алдын ала аба-ырайы, жаан-чачындар тууралуу маалыматтарды кабарлап жаткан. Элге, тиешелүү кызматтарга маалымат каражаттары аркылуу шашылыш эскертүүлөрдү билдирип жатты. Ошол борбордон 22-ноябрдан тарта жаан-чачындын кескин түрдө көбөйөт деп айтылган. Ошондуктан, жергиликтүү бийликтер да, тиешелүү министрликтер да буга даяр болчу. Кептин баары ошол даярдыктар кандай ишке ашырылып жатканында. Мына ошону көрүү үчүн мен транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков менен стратегиялык мааниге ээ болгон Бишкек-Ош жолун кыдырып, карап, акыбал менен таанышып чыктык.

-Ошентсе да азыр сиз айтып жаткан Бишкек-Ош жолунда калың түшкөн кардан жол тазаланбай, Таласка ашкан Өтмөк ашуусу жабылып калды деген маалыматтарды ошол ары-бери каттаган айдоочулар, парламенттин депутаттары айтып жатышпадыбы?

-22-ноябрда 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги алдында жыйын болгон, анда ар бир министрлик, ар бир губернатор “кышка толук даярбыз” деген отчетун берген. Ошол эле күнү түштөн кийин кар жаап баштады. Бишкек-Ош жолуна 90 см ге чейин түштү, Чычкан капчыгайына, Суусамыр өрөөнүнө, Өтмөк ашуусуна, Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларына дээрлик 1 метрге чейин кар жаады. Аны тазалоодо кыйынчылыктар болду. Жолчулар жолдун бир жагын гана тазалап, убактылуу жолду жаап, кайра ачып улам өткөрүп жатышты. Булардын баарын биз өз көзүбүз менен көрүп келдик, күнөө кимде болуп атканын. Жолчулардабы же кимде?

-Кимде экен?

-Кар мынчалык көп жаап, аны убагында толук тазаланбай, жолдун бир жагы гана тазаланып калып, кыйынчылык туулган учурлар болду, муну моюнга алыш керек. А бирок ошол алдын ала берилген эскертүүлөргө карабай айдоочулар, автоунаа ээлери кышкыга даярдыксыз жолго чыкканы да чоң себеп болду да. Жайкы дөңгөлөктөр менен, чынжырсыз жолго чыгып алышкан. Өзгөчө узун, чоң жүк ташуучу автоунаалар ашуудан аша албай туруп калып, аз келгенсип, жолду туурасынан тосуп калгандыктан, эки жактан келген унаалар өтө албай убактылуу тыгындар пайда болуп атты. Бул сөзсүз түрдө башка жүргүнчүлөргө ыңгайсыз абалды жаратты, муну биз моюнга алабыз. Бирок ошол жерде иштеп жаткан жолчулардын, жол транспорт министрлигинин техникалары толук кандуу эле иштеп жатышканын да өз көзүбүз менен көрдүк.

-Бизге жеткен маалыматтар боюнча тескерисинче кар, күрткү тазалаган техникалар аз санда, жетишсиз болгон. Эгер жетишпесе, андай маселе жок аймактардан, алсак жакын жайгашкан Таластан, Жалал-Абаддан же Чүйдөн тиешелүү техникаларды, адистерди алып барып, жапырт тазалоого кириштирсе болот беле?

- Тартып аттык. Башка жактардан да атайын техникалардын бардыгын акыбал оор болгон жерге жеткиртип, таштаттырып, иштеттик. Бүгүнкү күнгө чейин иштеп атышат. Атайын техникалар бизде да, транспорт министрлигинде да жетишсиз, муну биз моюнга алабыз.

- Бишкек-Ош жолунда жүрүүгө түнкүсүн уруксат берилбей жатканы тууралуу да айтып кетсеңиз?

- Жарандык коргоо комиссиясынын башчысы 27-ноябрдан тартып, 3-декабрга чейин көчкүлөрдү аткылап түшүрүү иштери жүрүп жаткан учурда кооптуу аймактарда жүрүүгө тыюу салуу тууралуу буйрук чыгарган. Ушул тапта дагы көчкү коркунучу сакталып жатат, мисалы Бишкек-Ош жолунда Төө-Ашуунун аркы бети, Өтмөктөн Чычкан капчыгайынан чыга беришке чейин кар көчкү жүрүп кетиши толук ыктымал. Ошондуктан, азыр түнкүсүн жол жабылып, ары жактан Токтогул району, бул жактан Сосновка айылынан тарта түнкүсүн жол жүрүүгө уруксат берилбейт.

- Саат канчадан тарта жабылып атат?

- Саат 18:00дөн 8:00гө чейин жабылат, калган убакта өтүү эркин.

- Өткөн жумада Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында үч киши кар көчкүнүн курмандыгы болду. Ошол окуянын алдын алууга болот беле?

- Жол 23-ноябрдан тарта эле түнкүсүн жабылган. Бирок алар эмне болуп тосмодон өтүп кеткени белгисиз, азыр бул боюнча тескөө иштери жүрүп жатат. ИИМдин тосмо бекетинен кантип өтүп кеткени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкса дагы кабарланат. Мына “өтпөгүлө, көчкү жүрүп жатат, көчкү түшүү коркунучу бар” деп эскерткенине карабай, жолду жапканына карабай өтүп кеткен, тилекке каршы, таңга маал саат бештерде көчкүнүн алдында калып калышты. Ушундан улам мен жол кыймылынын катышуучуларынан, айдоочулардан суранат элем: ИИМдин жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери жолду тосуп турса, аларга кошумча кыйынчылыктарды жаратып, өтүүгө аракет кылбасаңыздар. Жолду жабуу – керектүү чара, бул сиздердин, өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн жасалып жатат.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG