Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Чаткалда калың кардан жол жабылды


Калың карга байланыштуу Жалал-Абаддагы Чаткал районун өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган жолдору эки күндөн бери жабык турат.

Аймактагы учурдагы абал жана элдин жашоосу тууралуу район акими Канжарбек Эшалиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Канжарбек мырза, Бишкекте үч күндөн бери жамгыр, кар жаап жатат. Алыскы Чаткалда аба ырайы кандай?

Эшалиев: Чаткалда деле күн бүркөө. Кардын калыңдыгы бир метрге жетти. Эки күндөн бери Ала-Букага каттоочу жолду жаап койгонбуз. Себеби, өткөн жылдары ушундай аба ырайы болгон учурда машинелер жолдо калып, жарандарыбыз кыйынчылык тарткан.

“Азаттык”: Чаткал-Ала-Бука жолу жабылган болсо, демек район азыр Кыргызстандын башка аймактары менен байланышсыз калды да?

Эшалиев: Ооба, башка аймактар менен байланыш токтоду. Эң негизгиси элдин коопсуздугу болуп турат. Кар көчкү коркунучу сакталып жаткандыгына байланыштуу ушул чараны колдондук. Азыр райондо азык-түлүктөн, күйүүчү майдан кемчилик жок. Ошондуктан, чоң көйгөй жарала элек.

Райондун ички жолдорун Унаа жана байланыш министрлиги бөлүп берген алты техника – төрт бульдозер жана эки грейдер тазалап жатат. Мурдагы жылдары кар тазалоочу техникалар эски болгондуктан, кыйынчылык жаралчу эле. Азыр карды тазалоочу унаалар жетиштүү.

“Азаттык”: Өткөн жылдары кар калың түшкөндө малга чөп-жем жетишпей эл кыйналды эле. Быйыл андай коркунуч жокпу?

Эшалиев: Тоют жагынан көйгөй жок. Элибиз керектүү чөп-жемди жыйнап алган. Кыштын жарымы жеңил болду. Мал негизинен талаада оттоду. Бул дагы тоютка үнөм болду.

“Азаттык”: Жыл сайын кыш келгени Чаткалда жол жабылып, көйгөй жаралат. Бул маселени жеңилдетүү үчүн кандай чараларды көрүү керек?

Эшалиев: Элди күйүүчү май жана тийиштүү кызматтарды керектүү техника менен убагында камсыз кылып турсак эле бул маселе чоң көйгөй жаратпайт.
XS
SM
MD
LG