Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Бекилов: Бишкек – Ош жолунда кар көчкү коркунучу жок


"Азаттыктын" архивинен: Бишкек - Ош жолу
"Азаттыктын" архивинен: Бишкек - Ош жолу

Чаткалда кар көчкүдөн жабылган жол бүгүн-эртең ачылып калат деп билдирди Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов.

- Чаткалда кар көчкүдөн жабылган жол качан ачылганы жатат?

- Чаткал районундагы Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 5-11-чакырымында көлөмү болжол менен 4000 метр куб кар көчкү түшкөн. Унаа жолунда азыр тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана материалдык чыгымдарга жеткирбөө үчүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын атайын буйругунун негизинде жол убактылуу жабылган. Буйруса бүгүн-эртең жол ачылып калат.

- Кар көчкү коркунучу бар жерлер иликтенип атат, кооптуу жайлардагы карды аткылап түшүрүшөт деп айтылды эле. Азыр иликтөө тобу иштеп атабы?

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругу менен Кара-Кулжа – Алайкуу – Мырзаке унаа жолундагы абалды атайып топ иликтеп келди. Алардын маалыматтары боюнча, аталган жолдо бүгүнкү күнү аткылоо иштерин жүргүзүүгө зарылчылык жок. Анткени 16-ноябрдан баштап үч-төрт жерде топтолгон кар көчкүлөрдүн дээрлик бардыгы түшүп бүтүптүр. Азыр атайын иликтеген топ андай деле кооптуу аймак жок экенин өздөрүнүн маалыматында тастыкташты.

- Быйыл эртелеп эле кар түшүп, айрым райондордо кар көчкүдөн жолдор жабылып атат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушундай жагдайларга, стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош жолуна кар түшсө даярбы?

- Азыркыга чейин Бишкек – Ош жолу жабылган жок. Бул Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтеринин көзөмөлүндө турат. Ошондой эле аталган министрлик бул жолду үзгүлтүккө учуратпоого даяр.

Негизинен бул жолго жоопкерчилик Транспорт жана байланыш министрлигине жүктөлгөн. Ал эми жалпы өзгөчө кырдаалды алдын алуу боюнча жарандык коргонуу кызматынын ишин координациялоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдетине кирет. Андыктан бизде адамдарды бул жолдо ыңгайсыз абалда калтырбоого толук мүмкүнчүлүктөр бар. Азырынча Бишкек – Ош жолунда кар көчкү болот деген коркунуч жок жана аталган жолдо көп көлөмдө кар жааган жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG