Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Шайлоого даярдык каникулду узартты


Жашаган дарек тууралуу маалымкат алуу үчүн кезекте турган студенттер. Алматы, 18-апрель, 2019-жыл.
Жашаган дарек тууралуу маалымкат алуу үчүн кезекте турган студенттер. Алматы, 18-апрель, 2019-жыл.

Казакстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери сынак тапшыруу мөөнөтү узартылганын айтып, муну 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого байланыштырып жатышат.

Алар шайлоодо бийлик талапкерине жапырт добуш алып берүү максатында сынактардын мөөнөтүн жылдырды деп божомолдошууда. Билим берүү министрлиги жана университеттердин жетекчилери бул айтылган сынга макул эмес.

Өзүн Арман деп тааныштырган жигит Казак улуттук агрардык университетинин экинчи курсунун студенти. Анын айтымында, быйылкы окуу жылы адаттагыдай эле майда аяктаганы менен, сессия тапшыруу 3-июнда башталып, 15-июнга чейин созулат деген чечим чыккан. Былтыр сынактар майда эле аяктаган. Окуу жай жетекчилигинин бул чечими студенттерге жаккан жок:

"Каникулда эртерээк үйгө, айылга баргың келет. Бирок баарыбызга шаарда болушубуз керектигин айтышты. Айрымдар буга нааразы болушту. Чечим чыгып калгандан кийин ага каршы боло албайсың".


Ушул эле университеттин бир катар студенттери да сессиянын мөөнөтү узартылганын, сынактардын жана өндүрүштүк тажрыйба алмашуунун убактылары өзгөргөнүн ырасташты. Бирок аны ачык айтып берүүнү каалашкан жок. Окуу жайдын проректору Бахыт Халыкова жадыбалдын өзгөргөнүн жана сессиянын узартылганын четке какты:

"Сессияны узартуу тууралуу сөз да болгон эмес. Жадыбал жаңы окуу жылы башталганда академиялык жылнаамага ылайык түзүлөт. Ошол бойдон калат. Эч кандай өзгөртүү киргизилген жок. Биз айыл чарба багытындагы окуу жайбыз. Ошондуктан, мезгилге жараша өзгөрүү болуп турат. Башка университеттерден айырмаланып, биздин жадыбал бөтөнчө. Быйыл сессия 15-23-июнда аяктайт. Окуу жараяны 15-жумада токтойт".

"Азаттыктын" казак кызматы башка жогорку окуу жайларында билим алган студенттердин да пикирлерин укту. Архитектура жана курулуш академиясынын студенти Русландын билдирүүсүндө, быйыл мартта ректорат жиберген жадыбал боюнча сессия 9-июнга чейин аякташы керек болчу. Азыр анын мөөнөтү 20-июнга чейин узартылган:

"Жадыбал күтүүсүз өзгөртүлдү. Ага ылайык, биз бул жакта (Алматыда) 20-июнга чейин жүрүшүбүз керек. Баары эле эрте кетейин деп атышкан. Көбү алдын ала билеттерди сатып алышкан. Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Себебин сурасак, "жогору жактын чечими ушундай" деп жооп беришти. Каршылык көрсөтө албадык. Эгер каршы чыксак, окуудан айдап жибериши мүмкүн. Гранттын эсебинен билим алып жаткандыктан, эч нерсе дей албайбыз".

Ошол эле кезде академиянын проректору Жанерке Иманбаева бул маалыматтарды төгүнгө чыгарды:

"Иш мурда пландалгандай эле жүрүп жатат. Жыл сайын окуу жылы июндун этегинде жыйынтыкталат. Быйылкы сессия 21-июнда бүтөт. Силерге туура эмес маалымат жетиптир".

Анткен менен студенттер бул окуу жайда сессиянын жадыбалы бир нече жолу өзгөргөнүн билдиришти. Алматыдагы Технологиялык университетте окугандар да бул маалыматтарды бышыкташты. Университеттин проректору Калтай Батхолдин сессия менен өндүрүштүк тажрыйба алмашуунун убактыларында өзгөрүү болгонун тастыктап, муну "студенттер отчет тапшырышы керек" деп түшүндүрдү.

"Эгер студенттердин өндүрүштүк тажрыйбадан өткөнү тууралуу отчеттору берилбесе, алар кийинки курска өтпөйт. Сынак тапшырып, практикага барып койсо эле үйгө кете берсек болот деп ойлошот. Мурда биринчи сессия тапшырып, андан кийин практикага кетишчү. Азыр бул эрежени өзгөрттүк. Ага ылайык, студенттер менен жооптуу мугалимдер практика тууралуу отчет, андан кийин сынак тапшырышат. Студенттер кийинки курска которулгандан кийин эс алууга тараса болот".

Жаштардын басымдуу бөлүгү окуу жайларда сессия мөөнөтүнүн узарышын алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырып жатышат. Алар шайлоодо "бийликтин талапкерине жапырт добуш берүү үчүн ушундай чечим кабыл алынган" деп болжолдошууда.

Бир нече жума мурда "Азаттык" Алматыда жашаган жери тууралуу маалымкат алууну көздөгөн студенттердин саны көбөйгөнүн жазган. Бул макала жарыялангандан кийин редакцияга студенттерден жүзгө жакын кат түшкөн. Анда аты-жөнүн атабай эле коюуну өтүнгөн жаштар университеттердин жетекчилиги алардан жеке маалыматтарды сурап, атайын даярдалган кагаздарга кол коюуга мажбурлап жатканын айтышкан. Негизинен башка аймактардан келген студенттер өздөрү окуган окуу жайлар караган добушканаларда добуш берүүнү өтүнгөн арыздарга кол койдуруп жатканын белгилешип, ал кагаздарды сүрөткө тартып жиберишкен.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Шейшембиде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо жараянын аяктады. Акыркы маалыматтарга караганда, саясий жарышта жети талапкер ат салышат. Алар:

1. “Улуу талаа кыраандары” биримдиги сунуштаган 64 жаштагы Сади-Бек-Түгөл;

2. Кесиптик кошуундар федерациясы сунуштаган 59 жаштагы Амангелди Таспихов;

3. Парламент депутаты, жалгыз аял таларкер, “Ак жол” партиясынан сунушталган Дания Еспаева;

4. Бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери, 65 жаштагы утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев;

5. “Айыл” партиясынан сунушталган 54 жаштагы Төлеутай Ракымбетов;

6. Казакстан коммунисттик партиясынын талапкери, 58 жаштагы Жамбыл Ахметбеков;

7. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, 54 жаштагы Амиржан Косанов.

Оппозициянын айрым өкүлдөрү болсо добуш берүүгө бойкот жарыялай турганын билдиришкен.

1-майда Казакстандын айрым шаарларында уруксат берилбеген митингдер өтүп, анда шайлоону калыс өткөрүү жөнүндө талап коюлган. Айрым митингчилер административдик жазага тартылган.

Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган "эл башы" Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматын тапшырып, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын ошол маалдагы спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөн. Бирок бийликтеги таасирин сактап калган Назарбаев мөөнөтсүз шайлоодо талапкер катары бийлик партиясынан утурумдук президент Касым-Жомарт Токаевди көрсөткөн.

Мамлекетти 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган. Эл башынын тун кызы Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG