Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 08:53

Мун Кыргызстанды кыйгап өттү


Мун Чжэ Ин жана Шавкат Мирзиёев.

Түштүк Кореянын президенти 16-23-апрелде мамлекеттик сапар менен Борбор Азияны кыдырды. Анда миллиардаган долларлык келишимдерге кол коюлду. Бирок Мун Чжэ Ин Кыргызстан менен Тажикстанды кыйгап өттү.

Корей президенти адегенде Түркмөнстанга барды. Ал жерден Балкан облусундагы эки өлкө биргелешип ачкан Киянлы газохимиялык заводунун иши менен таанышты.

Мун Чжэ Ин өткөн жылдын октябрында бүткөрүлгөн бул долбоорго 3 млрд. долларга жакын инвестиция салынганын белгиледи. Расмий Ашхабад эки өлкөнүн мамилесин бекемдеген 26 документке кол коюлганын билдирди.

Түштүк Корея менен Түркмөнстандын президенттери Киянлыдагы жумушчулар менен.
Түштүк Корея менен Түркмөнстандын президенттери Киянлыдагы жумушчулар менен.

Андан соң Кореянын президенти Ташкентке келди. Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев экөө «өзгөчө стратегиялык өнөктөштүк» тууралуу декларация кабыл алышты.

Эки мамлекеттин ишкерлеринин форумунда 12 млрд. долларлык келишимдерге кол коюлганы 19-апрелде расмий жарыяланды. Ал келишимдер энергетика, машина куруу, электротехника, текстил, жеңил өнөр жайы, маалымат жана байланыш технологиялары, санариптик медицина тармактарын камтыйт.

Мун Чжэ Ин менен Шавкат Мирзиёев.
Мун Чжэ Ин менен Шавкат Мирзиёев.

Бизнес-форум Казакстанда да өттү. Машина куруу, медицина, инфраструктура жана башка тармактарда жалпысынан 3,2 млрд. долларлык келишимдер түзүлдү.

22-апрелде эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү биргелешип тараткан билдирүүдөн сүйлөшүүлөрдө экономикалык, инновациялык маселелерге өзгөчө басым жасалганын байкоого болот. Анын ичинде Түштүк Корея «Санариптик Казакстан 2018-2022» программасына катышууга кызыгарын, экономиканын бардык тармагын санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирген.

Мун Чже Ин Касым-Жомарт Токаев менен да, Нурсултан Назарбаев менен да жолукту.
Мун Чже Ин Касым-Жомарт Токаев менен да, Нурсултан Назарбаев менен да жолукту.

Төртүнчү өндүрүш революциясы, жогорку технологиялар жаатында кызматташуу, анын ичинде Түштүк Кореяда алгач ишке кирген мобилдик байланыштын жаңы муундагы 5G системасын Казакстанда колдонуу маселелери да сөз болгон.

Бакубат өлкөнүн убайы

Өзбекстан да, Казакстан да эгемендик жылдары Түштүк Кореядан 7 миллиарддан доллар инвестиция тартканын белгилешти. Казак-корей соода алакасы былтыр 2,2 млрд. долларга жеткени расмий айтылды.

Ал эми Кыргызстан менен Түштүк Кореянын соода алакасы 2017-жылы 47 млн. долларга жакындаса, 2018-жылы тескерисинче 28 млн. долларга түшүп кеткен. Кыргызстандын Экономика министрлигинин статистикасын карасак, бул сооданын дээрлик баарын корей тараптан келген импорт түзөт экен. Ошол эле убакта кыргызстандык экспорт деле акыркы жылы азайып кеткен.

Түштүк Корея ички дүң өнүмүнүн көлөмү боюнча Орусиядан алдыда, дүйнөдө 11-орунда турат. Чыгыштагы эң бакубат үч өлкөнүн бири.

Ханян университетинин эл аралык мамилелер боюнча магистранты, активист Нурсултан Алтыбаевден Мун Чжэ Индин жогорку даражадагы сапары коңшулаш өлкөлөрдө өтүшүнүн сырын сурадык.

Нурсултан Алтыбаев.
Нурсултан Алтыбаев.

- Азыр Түштүк Корея өкмөтүнүн «Жаңы түндүк экономикалык саясат» деген программасы бар, - деди ал. - Ошол аркылуу кургактыкка чыгууну максат кылып жүрөт. Азия аркылуу түштүк кореялык поезддер Лондонго жетиши керек деген план бар. Ошол кургактыктагы жолдо Борбор Азиядагы Түркмөнстанды, Казакстанды жана Өзбекстанды негизги экономикалык өнөктөш деп эсептейт. Себеби Түркмөнстанда дүйнөдө төртүнчү орунда турган газдын кору бар эмеспи. Мына ушул жагынан түркмөндөр менен кызматташалы деп атышат. Бирок бул өлкөдө «Hyundai» ишканасынан башка кореялык чоң бизнес жокко эсе.​

Ал эми Өзбекстанда 600дөн ашуун корей компаниялары иштейт. Анын бирден-бир себеби - өзбек өкмөтү «бизге келип иштегиле, биз аркылуу чет өлкөлөргө экспорт кыла бергиле» деген ачык саясатты колдонууда. Мына, Мун Чжэ Индин сапарына удаа Наманганда дагы бир заводдун жерпайы түптөлдү.

Экинчи себеби - Өзбекстанда 200 миңден ашуун корей улутундагылар жашайт. Алар 40-50 жыл мурда келип отурукташып калган. Ушул себептен да Корея Өзбекстан менен экономикалык жактан кызматташууга абдан кызыгат. Учурда Кореянын өзүндө да 40 миңдей өзбекстандык мигрант бар. Мамиле ага-ини деңгээлине жетип калды. Мирзиёев Кореяга бир эле жолу барды, бирок Каримов 20 жолу барган экен.

«Азаттык»: - Ошол эле учурда Казакстан менен Кореянын мамилеси абдан жогорку деңгээлде. Дагы жогорулатаны жатышат. Буга чейин Алматыда коопсуз шаарды курууда Кореянын тажрыйбасы колдонулган эле. Эми дагы санарип технологиясына басым жасайбыз деп атышат...

Нурсултан Алтыбаев: - Ооба, ал түгүл жүзөгө ашырып атышат. Кореядагы казакстандык студенттердин жарымынан көбү IT тармагында окушат экен. Ушунун өзү эле казакстандык жаштар Кореянын маалымат технологияларын үйрөнүп келүүгө ыктап атышат дегенди билдирет. Корей президенти Нур-Султандагы билдирүүсүндө да Казакстан дал ошол IT технологиясы жагында эң чоң өнөктөштөрүнөн экенин белгиледи.

«Азаттык»: - Бирок кыргыз-корей мамилеси жакшы болбой турат. Бул соода алакаларынан билинүүдө. Эмне үчүн Кыргызстан Азиядагы гигант өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн коңшулары сыяктуу колдоно албай жатат?

Нурсултан Алтыбаев: - Акыркы ирет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда, 2013-жылы президенттердин катышуусунда бизнес-форум өткөн. Андан кийин премьер-министрдин деңгээлинде болобу, анын орун басарларынын деңгээлинде болобу, чоң деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрө элек.

Андан кийин үч элчини бат-бат алмаштырышты. Элчилердин мүмкүнчүлүгүн колдонуп Кореядагы жогору даражалуу аткаминерлерди Кыргызстанга келтирүү, туризмби же экономика маселелеринби, талкуулоо ишке ашпай турат. Буга биздин өкмөттүн кызыгуусу жоктой сезилет. Жеке ишкерлер, биз канча жолу аракет кылдык, умтулдук. Бирок биздикилер «корей тараптан биринчи сунуш келсин» деген ойду кыйытышат. Биз тескерисинче, коңшу өлкөлөрдөн аттап өтүп, жалынып-жалбарсак да Корея тараптан бир нерсе алууга, үйрөнүүгө тийишпиз. Биринчи сунуш биздин өкмөт тараптан болушу керек.

«Азаттык»: - Сиз «корей ишкерлерин алып келүүгө аракеттер болду» деп айтып атасыз. Өзүңүздүн мисалды ачык айта аласызбы, эмне тоскоолдуктар болду? Кайсы бир аткаминер акча же процент сурадыбы?

Нурсултан Алтыбаев: - Баарыбызга жашыруун эмес, Кыргызстанда 50-60 корей компаниясы иштейт. Бирок алардын жарымынан көбү ортомчу фирмалар. Алардын баш кеңселери Өзбекстанда, Казакстанда жайгашкан. Мен өзүм да инвестиция тартканга, инвестор тапканга аракет кылгам. Түз тоскоолдук болбосо да бюрократия кайсы бир деңгээлде бөгөт.

«Азаттык»: - Мисалы?

Нурсултан Алтыбаев: - Мисалы, биз өкмөткө бир сунуштар менен кирсек «макул, карап көрөлү» деп башка бир бөлүмгө жиберишет. Ал бөлүм башкасына. Ошентип бири-бирине түртүп атып эң жөнөкөй адиске жолугууга туура келет. Ал «жогору жак чечет, мен билбейм» деп алакан жаят. Ошентип орто жолдо корей ишкерлерин качырган учурлар болду.

Дагы бир маселе - коррупция. Акча сураган учурлар болгон. «Биз аркылуу кирип жатасың, түшкөн пайданы бөлүшөлү» деп баштала элек эле ишке «үлүш» сурагандар болгон. Мисалы, миллион долларлык долбоордун кирешесинен 10-15% сурашат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG