Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Өзбекстан Америкага "ачылды"


Орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

"Регнум" агенттиги Казакстанда адамды таанууга тоскоолдук кылган кийим кийүүгө тыюу салынарын жазат. Казак парламенти диний ишмердүүлүк боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Документте коомдук жайда чүмбөттөнүп кийинүүдөн тышкары 16 жашка чыга элек балдардын ата-энесинин коштоосусуз диний кызматтар менен ырым-жырымдарга катышуусуна тыюу салынары белгиленген.

Ошондой эле "деструктивдүү (бузуку) диний агым", “диний радикализм” деген түшүнүктөр киргизилип, ички иштер органдарынын кызматкерлерине бул чектөөлөрдү бузган адамдарга эскертүү берүүгө укук берилген. Буга кошумча деструктивдүү диний агымдардын кийимдерин жана белгилерин тагынып, кийүүгө административдик жаза киргизилген. Мажилистин депутаттары жактырган мыйзам долбоору былтыр Казакстандын диний маселелер боюнча мамлекеттик саясаты жөнүндө концепциясынын алкагында иштелип чыккан.

Казак мажилисинин 104 депутаты диний мыйзам долбоорунан тышкары Нурсултан Назарбаевге өмүрү өткүчө Коопсуздук кеңешин башкарууга укук беришкенин "EurAsia Daily" басылмасы жазат. Тийиштүү мыйзам долбоорунда Коопсуздук кеңешинин укуктук статусу, ишмердиги жана милдеттери да көрсөтүлгөн. Коопсуздук кеңеши Казакстанда Баш мыйзамдын чегинде бекитилген координациялык орган болуп калмакчы.

"Независимая газета" Беларус Тажикстан аркылуу Ооганстандын базарына чыгууну көздөп жатканын жазат. Александр Лукашенконун Дүйшөмбүдөгү расмий сапарында соода-экономикалык кызматташтык тууралуу бир катар келишимдер макулдашылганы айтылат. Макалада Ооганстанда эл аралык жардам менен өлкөнү калыбына келтирүү пландалып жатканда Беларустун техникасын, курулуш материалдарын жана өндүрүмүн сатууга жаңы рынок ачылып жатканы белгиленет. Беларус өкмөтү учурда Тажикстанда, Ооганстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда сүт азыктарын, бодо малдын жана тооктун этин кайрадан иштетүүчү бирдиктүү мекемелерди ачууга кызыгып турганы белгиленет. Басылма Беларустун сүт жана эт азыктары Орусияда чектөөгө кабылып, Минск азыркы кезде жаңы базар издеп жатканын жазды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШдагы сапарына орусиялык басылмалар кеңири көңүл бурушту. "EurAsia Daily" Мирзиёев АКШга "инструктаж алганы барды" деп жазса, "Коммерсант" гезити "Өзбекстан Америкага ачылды", "Мирзиёев АКШ менен стратегиялык альянс түзүүдө" деп белгиледи.

Макалада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин да Вашингтонго барганы эске салынып, «АКШ Ташкент менен Астананы өзүнө тартуу менен Орусия менен Кытайга жаңы чакырык таштоодо» деген баа берилет. "Газета.ру" болсо Ташкент менен Вашингтон аскердик кызматташтыкты бекемдөө боюнча беш жылдык планды макулдашканын белгилейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG