Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:02

Варшавада ЕККУнун Тажикстандагы адам укуктарынын абалына арналган талкуусуна тажик өкмөтүнүн делегациясы катышпай койду.

Мунун алдында расмий Душанбе эгер жыйынга быйыл дагы бозгундагы оппозициячыл саясатчылар чакырыла турган болсо, аталган уюм менен кызматташтык толугу менен токтойт деп эскерткен.

Былтыркы жыйында Тажикстанда ишине тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын, "24 тобу" уюмунун өкүлдөрү баргандан кийин тажик бийликтери ЕККУнун Душанбедеги өкүлчүлүгүнүн макамын төмөндөткөн болчу.

Аталган уюмдун Адам укуктары боюнча бюросунун жылда өтө турган жыйыны 11-сентябрда башталды жана он күнгө созулмакчы.

"Азаттыктын" тажик кызматы Варшавага Дүйшөмбүдөн өкмөттүк делегацияны балдар акыйкатчысы Ражамбо Хабибуллодза жетектеп келгенин жазды. Тажикстандагы адам укуктарынын абалы боюнча талкуу 11-сентябрда түштөн кийин болду жана ага тажик бийлик өкүлдөрү катышкан жок. Расмий Душанбе анын себеби боюнча азырынча комментарий бере элек жана талкууда айтылган сын-дооматка да жооп кайтарган жок.

Жыйында Human Rights Watch, Норвегиянын Хельсинки комитети өңдүү эл аралык укук коргоо уюмдары "Тажикстан көңүл чордонунда: сөз эркиндигине, адам укуктарын коргоо ишмердигине чабуул жана диссиденттерден өч алуу" деген аталыштагы баяндама даярдаганы белгилүү болду.

ЕККУнун өкүлү бийлик "диний экстремизм-терроризмди алдын алуу, ага каршы күрөш" деген шылтоо менен өлкөдө жарандык укукту чектеп жатат деп сындады:

- Тажикстандын айрым региондорунда айрыкча аялдардын жарандык укугун чектеген учурлар бар. Хижаб кийип жүргөндөр кара тизмеге алынган, хижаб, сүннөт кийимдер сатылган дүкөндөр жабылган. Бийлик хижабдын ордуна улуттук кийимдерди, баш кийимдерди кийгиле деп кыстаган учурлар болуп жатат.

Борборазиялык мигранттар бирикмесинин Тажикстан боюнча өкүлү Илхомжон Якубов болсо, эл укук коргоочулардын көңүлүн сөз эркиндигине байланышкан жагдайга бурду:

- Тажикстанда адам укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын дээрлик баары, адам укуктарынын конституциялык кепилдиги эл аралык стандарттарга жооп берет. Мыйзамдарга доомат деле жок. Бирок бул мыйзамдар колдонулабы, мыйзамдар адам укуктарын коргоп жатабы деген суроо туулат. Тилекке каршы, бийлик барган сайын кысымды күчөтүп жатат. Башкача ойлонгондордун оозун дароо басышат. Сын макала жазган журналисттер жоопко тартылып жатат. Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде бийлик өкүлдөрүнө акарат келтиргени үчүн жаза каралган. Бул деген президентти да, аткаминерлерди да сындаганга болбойт дегенди билдирет. Кайсы бир министр өз миссиясын аткарбай жатса дагы сындаганга болбойт. Анткени алар бардык эле сынды "акарат, шек келтирди" дегенге оодарып коюп жатышат. Соңку жылдары ондогон журналисттер өлкөдөн чыгып кетип качкын макамын алышты. Дагы бир жагдай, бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөө максатында бардык журналисттерди макалала жазардын алдында "Хабар" улуттук агенттик менен алдын ала макулдашсын деген мыйзамсыз токтом кабыл алды. Мындай токтом эч бир мамлекетте жок.

Варшавага бул жолу да Тажикстанда ишине тыюу салынган жана террорчул деп табылган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири баштаган өкүлдөрү, "24 тобу" деп аталган уюмдун мүчөлөрү барганы белгилүү болду. "Азаттыктын" тажик кызматы анда Мухиддин Кабири баяндама жасашы мүмкүндүгүн жазды.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Варшавада.
Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Варшавада.

Жыйын өтүп жаткан маалда ЕККУнун Варшавадагы кеңсесинин алдына 20 чакты бозгундагы тажик саясатчы, жарандык активисттер чогулду жана алар расмий Душанбени саясий каршылаштарды куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

Ушул жылы жайында Душанбе ЕККУнун Тажикстандагы туруктуу кеңешин өкүлчүлүккө айлантып макамын төмөндөткөн. Буга былтыркы жыйынына Тажикстанда ишине тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жана "24 тобу" уюмунун өкүлдөрү чакырылганы себеп болгон. Расмий Душанбе эгер быйыл да чакырыла турган болсо уюм менен кызматташуу токтойт деп эскерткен.

Тажик оппозиция өкүлдөрүнүн жыйын өтүп жаткан учурдагы акциясы.
Тажик оппозиция өкүлдөрүнүн жыйын өтүп жаткан учурдагы акциясы.

Куду ушундай эле жагдай Кыргызстанда да орун алган жана Бишкек менен ЕККУнун алака-катышы да былтыртан тарта сууй баштаган. Уюмдун былтыркы жыйынында Кыргызстанда июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров катышкан жана кыргыз бийликтерин айыптап сөз сүйлөгөн. Муну расмий Бишкек кескин сынга алган жана көп узабай эле аталган уюмдун борборунун макамын төмөндөтүп программалык кеңсеге айланткан.

Кыргызстан ЕККУга 1992-жылдан тарта мүчө, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG