Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Сирияга баратып жолдон кайткан жигит акталды


Сириядагы тажик мигранттары. Одноклассники сайтына жарыяланган сүрөт. 27-февраль, 2015-жыл
Сириядагы тажик мигранттары. Одноклассники сайтына жарыяланган сүрөт. 27-февраль, 2015-жыл

Тажикстандын Хатлон облустук соту Сириядагы согушка баратып, орто жолдон кайтып келген жергиликтүү тургун Парвиз Набиевди жазадан бошотту.

Набиев 13-апрелде «Азаттыктын» тажик кызматына маегинде аны Сирияга интернет аркылуу чакырышканын айтты. Ал Москвадагы тажик жаштары видеоматериалдар аркылуу алгач Түркияга азгырылып, андан ары Сирияга өтүп кетишерин кошумчалады.

- Алар бизге баарын, аялдарды, балдарды, жаш-карысын карабай, баарын бирдей өлтүрүүгө чакырган, - деп 24 жаштагы Парвиз Набиев “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуу үчүн Түркияда өткөн 50 күндүк атайын даярдыгы тууралуу айтып берди.

Набиев өткөн айда Тажикстанга кайтып келип эле өзү туулуп өскөн Хатлон облусунун Шаартуз райондук ичке иштер бөлүмүнө өз ыктыяры менен барган. Парвиздин айтымында, ал радикалдардын торуна Москвада эт комбинатында иштеп жүрүп чалдыккан.

Тажик бийликтери маалымдагандай, Сирия жана Ирактагы согушкерлерге кошулуп кеткен тажикстандыктардын бери дегенде 300дөйү Орусияга эмгектенип кетип, ошол жактан азгырылгандар.
Бийликтердин мындай маалыматын Парвиз да ырастап жатат. Анын айтымында, мигранттар Сирия тууралуу маалыматты негизинен интернеттен алышат. Ошондой эле “Сириядагы жихадга” борбор азиялык мигранттарды үндөгөн атайын адамдар да бар экенин, аларга Сирияга кантип кетүүнүн жолун түшүндүрүп, атургай билетинен өйдө сатып берерин кошумчалады.

Ошентип “Аллах ыраазылыгы үчүн согушканы” баратканына ишенген Парвиз Набиев төрт тажик досу менен биргеликте өткөн жылдын сентябрь айында Түркияга жөнөгөн.

Орусиядагы устаттары айткандай, алар түз эле Түркиянын Айдин районунда жайгашкан “Имам Бухари” мечитине барышкан. Ал жактан мечиттегилер паспортторун алып коюшкан.

Ал арада Шаартузда жашаган Парвиздин ата-энеси баласынын жүрүм-турумунан шек санап, Тажикстандын коопсуздук күчтөрүнө уулунун Түркияга кеткенин билдирген.

- Парвиз бизге айына бир же эки жолу чалып, Түркияда иштеп, окуп жатканын айтты. Бирок биз ишенген жокпуз. Биз ага үйгө кайтып келишин суранып, ал туура эмес жолго барганын айтып, түшүндүрүп жаттык. Биз ушул күнгө чейин аны ким азгырып кеткенин жана мунун баарынын артында эмне тураарын билбейбиз. Ал мындай адам эмес, - дейт Парвиздин атасы Насреддин Набиев.

Парвиз Набиев жана анын достору “Имам Бухари” мечитинде эки ай Куран үйрөнүп, “капырларды, жөөттөрдү жана шииттерди” кантип өлтүрүү туралуу лекцияларды угушкан. Бир күнү Парвиз жана анын достору Сирияда эмне кылабыз деп сурашкан.

- Ал жакка жеткенде силер балдарды, аялдарды ырайымсыз өлтүрүшүңөр керек. Эгер силер шейит кетсеңер жубайларыңар башка жихадчыларга турмушка чыгат деп жооп беришти. Муну укканда каяка келгенибизди түшүндүк. Ошондо оюбуз өзгөрдү, - дейт Парвиз.

Ал жанындагы эки досу менен дароо артка кайтууну көздөгөнү менен, паспорту жана акчасы жок, мекенге сапар алуу максатын ишке ашыруу оңой болгон эмес.

Парвиздин айтымында, түрк полициясы аны Сирия менен чектеш аймактан кармап, үч ай абакта камап, анан Москвага жөнөткөн.
Ал жанындагы тажик досторунун тагдыры тууралуу эч нерсе билбейт. Анын айтымында, алар да Сирияга баруудан баш тартып, Сирия менен Түркиянын чек арасында оор абалда калышкан.

15-мартта Тажикстанга келген Парвиз Назаровго “чет жактагы аскерий жаңжалда жалданып кызмат өтөгөн” деген берене боюнча айып коюлган. Бул айып менен Парвиз 20 жылга абакка кесилмек. Бирок Шаартуз соту аны актап, сот залынан бошотту.

Андан мурун тажик бийликтери эгер жаштар өз ыктыяры менен террористик жана экстермисттик топторго кошулуудан баш тартып, мекенине кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын убада кылган.

Расмий маалыматтар боюнча Сирия жана Ирактагы согуш талааларында жүргөн тажик жарандарынын саны 300дөн ашат, алардын алтымышы ошол жактан жан берген. Бейрасмий маалыматтарда болсо “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын саны миңден көп.

XS
SM
MD
LG