Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Тажикстанда көп аял алгандар айып тартты


Тажикстандагы кыштактардын биринен тартылган сүрөт.
Тажикстандагы кыштактардын биринен тартылган сүрөт.

Тажикстандын Хатлон облусунун милициясы бир убакта эки жана андан ашык аял менен жашаган 25 кишиге айып пул салды. Кыргызстанда дагы көп аял алууга мыйзам тыюу салганы менен шариятка такап, үстү-үстүнө аял алгандар арбын.

Хатлон облусунун Ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 170-беренесине таянып, бир убакта эки же андан ашык аял менен жашаган 25 кишини соттоду. Натыйжада алар айып пул төлөштү. Бул сегиз айда катталган натыйжа экенин милициядан «Азаттыктын» тажик кызматына билдиришти.

48 жаштагы Назарали мындан бир ай мурда көп аял алгандыгы үчүн соттолуп, айып пулга жыгылгандардын бири. Өзү таксист болуп иштейт. «Көп аял алуу бул мастыктан эле келип чыккан, убактылуу нерсе» деп билдирди ал. Хатлон милициясы Назарали сыяктуу бир убакта экиден көп аял менен жашаган тургундардын аттарын жарыялаганы менен алардын арасында аткаминерлер жок экенин билдирген. Бул аймактагы милиция кызматкери Юсуф Обидов буларга токтолду:

- Бир мезгилде бир нече никеге тургандардын арасында дыйкандар, таксист, айдоочу, ишкерлер бар. Бирок көп аял алган аткаминерлерди аныктай алган жокпуз.

Анткен менен коомдук уюмдар бир мезгилде эки же андан ашык аял менен түтүн булаткандар арасында мамлекеттик кызматкерлер да жок эместигин, алар жаап-жашырыларын белгилешүүдө. «Рушд» коомдук бирикмесинин башчысы Юсуф Мухаммадзода бул актуалдуу, коомдо кызуу талкуу жараткан маселе болгонуна карабай, маселе ачык айтылбасын билдирүүдө:

- Эгер коомдо акыйкаттуулук болгондо бир эле таксист, дыйкандар эмес ошол эле чиновниктер да айып пулга жыгылат эле. Биз маанилүү нерселер тууралуу айтылбаган коомдо жашайбыз. Эгер көп аял алуу – кылмыш болсо, анда бардыгын бирдей соттосун. Азыр биз сыяктуу катмардагылар гана жоопкерчиликке тартылып жатканын угуп атабыз.

Зарофатбиби (аты өзгөртүлдү) кайсы бир тажик аткаминеринин жубайы. Ал жаш күнүндө турмушка чыга албай калып, кийин аялы бар кишиге башын байлаган. Зарофатбиби экинчи аял алууга каршы эмес, бирок ага биринчи аялдын уруксаты керек деген ойдо.

«Рушд» коомдук бирикмеси мындан эки жыл мурда жергиликтүү тургундар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 250 экинчи аялы, ушунча санда көп аял алган эркек катышкан. Сурамжылоонун жыйынтыгында бир мезгилде бир нече никеге тургандардын басымдуу бөлүгү ишкерлер экени аныкталган. Экинчи орунда чиновниктер турат. Ошол эле кезде жарандык актыларды каттоо мекемесинде жана сот органдарында экинчи аял болуп турмушка чыккандыгы же канча киши экиден көп аял менен жашай турганы боюнча маалымат жок. Тажикстандын мыйзамдары боюнча, көп аял алган жарандар алты айдан беш жылга чейин эринен ажыратылат же 40 миң сомониден жогору айып пул төлөшөт. Бул деген 8-16 миң доллар.

Бир эле мезгилде бир нече никеге турууга Кыргызстандын мыйзамы да тыюу салат.

- Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат, - деп жазылган Кылмыш-жаза кодексининин 153-беренесинде.

Бирок бул берене боюнча буга чейин бир дагы адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Тескерисинче, шариятка такап үстү-үстүнө аял алгандар кыргыз чиновниктер, аттуу-баштуу адамдардын арасында да арбын. Бирок бул ачык талкууланбайт.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бул аялдардын укугун бузат деп эсептейт:

- Көп аял алуу боюнча кодекске санкциялар каралган. Биз эми динден тышкаркы өлкө болгондуктан ушул мыйзам менен жашообуз керек. Бул мыйзам албетте шарият мыйзамдарына каршы келет жана кооптуу маселе. Биз баарыбыз өлкөнүн мыйзамдарын аткарууга милдеттүүбүз. Менин жеке пикиримде көп аял алуу аялдардын укугун тебелейт.

Кыргызстанда бир убакта эле эки же андан көп аял менен түтүн булаткан аттуу-баштуулардын топ башында мурдагы президент Курманбек Бакиев турат. Ал өлкөдөн чыгып кеткенде гана экинчи аялы бар экени коомчулукка белгилүү болгон. Мындан сырткары ишкерлер, депутаттар арасында да эки же андан көп аялы менен жашагандардын аттары аталып жүрөт.

XS
SM
MD
LG