Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Туристтерге кол салган адам соттолду


Хусеин Абдусамадов.
Хусеин Абдусамадов.

Тажикстандын Жогорку соту чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүүгө негизги айыпкер болуп табылган Хусеин Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыратты.

Кан жолдо бара жаткан велосипедчен саякатчыларды машине менен тебелеткен окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Ал кандуу окуяда төрт чет элдик жаран каза тапкан.

21-ноябрда Тажикстандын Жогорку соту өмүр бою эркинен ажыраткан, 33 жаштагы Хусеин Абдусамадовго "Терроризм", "Мыкаачылык менен киши өлтүрүү", “Кылмыштуу топ түзүү”, “Чет өлкөдөгү уруштарга адамдарды тартуу” өңдүү тогуз берене менен айып коюлган.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, Абдусамадов Дангара районунда бараткан велосипедчендерге чабуул койгон топтун анабашы экени айтылат. Бирок анын жакындары сот өкүмүнө макул эмес.

Гулчехра Шодмонова
Гулчехра Шодмонова

- Чынында бул кылмыш Кори Носир менен Кабири тарабынан уюштурулса да, менин баламды өмүр бою соттогон өкүм чыгарып коюшту. Алар өздөрүнүн караниет ойлорун томаяк бала аркылуу жасашты. Эмне үчүн мындай мөөнөт беришкенин билбейм. 25 же 30 жыл берсе болбойбу, өмүр бою соттоо деген акылга сыйбайт, - деди Хусеин Абдусамадовдун энеси Гулчехра Шодмонова.

Ал айтып жаткан Мухиддин Кабири - азыр өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын бозгундагы лидери. Тажик бийлиги кол салуу үчүн ушул партиянын жактоочуларын күнөөлөгөн. Бирок партиянын чет өлкөдө жашап жаткан жетекчилери тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган. Бул кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алып, билдирүү таратканы маалым.

29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Кырсык болгон жердеги туристтердин велосипеддери.
Кырсык болгон жердеги туристтердин велосипеддери.

“Чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү автоунаадан чыгып, аларга курал жана бычак менен кол салышкан” деп билдирген укук коргоо органдары.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 10-ноябрдагы тажик милициясынын кесиптик майрамындагы салтанатта сүйлөп жатып, велотуристтерге кол салуу милициянын жана жергиликтүү атайын кызматтын шалаакылыгынан болгонун айткан.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

- Бул кылмышты алдын алса болот эле. Чабуулга чейин канча жолугушуу өткөрүшкөн. Эмне гана кылышкан эмес. Бирок биз шалаакылык кылып койдук.

Туристтерди машине менен тебелеткен окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Өмүр бою соттолгон Абдусамадов - кол салгандардын ичинен жалгыз тирүү калган киши. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталышкан. 21-ноябрдагы Жогорку соттун өкүмүнө ылайык, эки айыпкер 16 жылдан эркинен ажыратылса, дагы 12 киши 1-1,5 жылдан абакка кесилди.Тажикстанда эң оор жаза - өмүр бою эркинен ажыратуу. Өлкөдө азыр өлүм жазасы колдонулбайт.

Кантсе да июлдагы бул кандуу окуя Тажикстанда чет элдик жарандарды бутага алган биринчи теракт болуп калды. Анын үстүнө 2018-жыл Тажикстанда Туризм жылы деп жарыяланган. Туристтерге жасалган чабуул бийликтердин өлкөгө саякатчыларды тартуу мүдөөсүнө тоскоол болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG