Өлкөдө үчүнчү партиянын пайда болушу саясий кырдаалды өзгөртүп, жарандардын укуктарын, муктаждыктарын көтөрүп чыга албайт дешет байкоочулар.
Түркмөнстанда экинчи партия өлкө эгемендигин алгандан 20 жылдан кийин, «Саясий партиялар» жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан соң түзүлгөн. Ал эми үчүнчү болуп катталган Агрардык партия ушул аптада Ашхабадда курултайын өткөрүп, расмий ишин баштады. Анын жетекчилигине бир добуштан 2012-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Режеп Базаровду шайлашты.
Түркмөнстанда өлкө эгемендик алгандан кийин мурдагы Коммунисттик партиянын негизинде түзүлгөн Демократиялык партиянын гана иш жүргүзүүсү авторитардык режимдин саркындысы деп сынга алынып жүргөн.
Газга бай өлкө 2012-жылы гана жаңы партияларды түзүүгө мүмкүндүк берчү мыйзам кабыл алган. Ушундан кийин бул өлкөдө расмий түрдө бир партиялуу система жоюлуп, Өндүрүшчүлөр менен ишкерлер партиясы пайда болгон. Бирок мыйзам боюнча, жаңы түзүлө турган партиянын миң мүчөсү болушу керек, ал эми анын башкаруучу түзүмү Түркмөнстанда гана жайгашуусу зарыл. Бул берене куугунтукта жашап жаткан оппозициялык кыймылдарды жолотпоо үчүн киргизилгенин ошол кезде эксперттер белгилешкен. Ушул жагынан алганда жаңы түзүлгөн Агрардык партия деле бийликтин сөзүн сүйлөгөн, анын идеяларын жайылткан партия болот деп эсептеп жатышат.
Түркмөнстандык жазуучу, “Адабият” фондунун мурдагы директору Аманмурат Бугаев муну бийликтин эл аралык коомчулуктун көзүнө көрүнүү аракети деп баалады.
- Жаңы партия түзүлөрү тууралуу буга чейин сөз болгон эмес, маалымат да жок болчу. Партия кыска убакытта катталып, башчысына мурдагы талапкер, саясатка эч аралашпаган, эл арасында таанымал эмес Режеп Базаровду шайлады. Партия түзүлгөнү менен эч нерсе өзгөрбөйт. Азыркы өлкөдөгү партиялар бири-бирине каршы сөз айтышпайт. Агрардык партия деле өзүнүн биринчи курултайында өлкө президентине берилгендигин ырастаган кат жолдошту. Бул бийликтин эл көзүнө көрүнүп, башка партиялар деле түзүлүп атат дегендей түр көрсөткөн гана кадамы болууда. Бирок элдин келечекте бийликтин кемчиликтерин сындаган партия түзүлөт деген ишеними бар.
Айрымдар жаңы партиялардын түзүлүшүн кубаттап, муну азыркы бийликтин реформаларды ишке ашыруу аракети деп баалашууда. Кээ бир байкоочулар “Түркмөнстан бийлиги өзүнө жаккан, өзүнүн сөзүн сүйлөгөн топторго гана партия түзүүгө уруксат берген авторитардык өлкө бойдон калууда” деп сындашууда. Саясий эксперт Нурберди Нурмаметов жаңы катталган партия агрардык тармактагы маселелерди көтөрүүгө алы келбеди деген пикирин билдирди:
- Бул партия жаңы эле түзүлдү, ал кандай иштейт али белгисиз. Бирок алар келечекте президент Бердымухамедовдун агрардык тармактагы программаларын жайылтуу багытында иштейт деп ойлойм. Анткени бул партия өзүнүн биринчи курултайында айыл-чарба, дыйкан чарба тармагында иштеген адамдар кантип жашап атат, эмнеге муктаж болушууда, алардын жашоо-турмушу кандай деген маселелерди эч көтөргөн жок. Алардын кесип тандоодогу, жер алуудагы эркиндиги, жалпы укуктары тууралуу сөз болгон жок.
Ошентип Түркмөнстанда партиялардын саны дагы бирге көбөйдү. Алар Өндүрүшчүлөр менен ишкерлер, Агрардык жана “Демократиялык партия”. “Демократиялык партиянын” башында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов турат. Байкоочулар калган экөө деле президенттин жетегинде экенин айтышууда. Бирок келечекте бийликтин кемчилигин көрсөтө турган, курч партиялар түзүлөт деп ишенгендер да жок эмес.