Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Түркмөнстан: башкы чек арачы генерал наамынан айрылды


Бегенч Гүндогдыев.
Бегенч Гүндогдыев.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Чек ара кызматынын башчысы Бегенч Гүндогдыевдин генерал-майор наамын полковник кылып төмөндөттү.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы мындай чечим "чек арадан мыйзамсыз өткөн жоочулар" менен байланыштуу экенин бийликтеги ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазды.

Өткөн айда Түркмөнстанга анын Иран, Ооганстан менен чектешкен аймагы аркылуу өтүп келди деген төрт киши "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар деген шек менен камакка алынганы кабарланган эле.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов башкы чек арачы Бегенч Гүндогдыевди "кызматтык милдетин канааттандырарлык аткарбаганы жана өзүнүн мекемесинин ишине жетиштүү көзөмөл кылбаганы үчүн" генерал-майор наамын полковник кылып төмөндөткөнү белгилүү болду. Бирок мындан башка расмий кеңири түшүндүрмө берилген жок.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү абалды жакшы билген ишенимдүү булакка таянып, бул өткөн айда чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен кармалган адамдар менен байланыштуу экенин жазды. Ага ылайык, террорчулукка шектелген адамдар чек ара жакын жайгашкан Ахал облусунун Какин районунда колго түшкөн:

- Июль айынын ортосунда Ахал жана Марый облустарында "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларын колго түшүрүү боюнча атайын операциялар өткөн. Чек ара аскерлеринин кол башчысынын наамынын төмөндөтүлүшү да ушул жагдайга байланыштуу. Коопсуздук кызматынын бир өкүлү мага Түркмөнстандын Какин районунда чек арадан "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар жалпысынан беш-алты адам өтүп келгенин айтып берди. Үч адам колго түшүп, калгандары изин жазгырып, эл арасына сиңип кеткен экен. Алардын баары түркмөн жарандары, Иран тараптан өтүп келишиптир. Президенттин ушул айдагы күтүүсүз аскердик машыгуу өткөргөнү дагы ушул окуяларга байланыштуу. Террорчулукка шектелгендер кармалгандан бир канча жумадан кийин президент Чек ара кызматын мактаган, бирок андан кийин жетекчисинин наамын төмөндөтүп койду.

Ушул айда түркмөн президенти күч түзүмдөрүнүн баарынын башчыларын жыйнап, аскердик машыгуу өткөргөн. Анда телеканалдар Бердымухамедовдун түркүн-түрлүү курал алып, ок атып, чеберчилигин маашырлана көрсөтүп жатканын көрсөткөн.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы террордук топ менен байланышы бар деп шектелгендерди колго түшүрүү операциясына катышкан, аты ачык айтылышын каалабаган күч түзүмдөрүнүн кызматкери менен байланышты. Анын ырасташынча, кармалган адамдар Сирия жана Иракта согуштук даярдыктан өтүп келген:

- Алар үч өлкөнүн: Иран, Ооганстан жана биздин мамлекеттин чектешкен жериндеги чек араны жырып өтүп келишкен. Түркмөнстандын аймагына төрт адам өткөн, калгандары болсо аларды сак-сактап кайтарып турушкан. Алардын баарынын "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар. Алар алгач Түркияга кетишкен. Андан ары Сириядагы, Ирактагы согуштарга катышкан. Эми ошол адамдар кайтып жатат. Алар болсо андан ары Тежен жана Мары райондору тарапка кетүү үчүн ыңгайлуу учурду күтүп, жашырынып жатышкан.

Ишенимдүү булак аскер чалгынчыларында соңку айларда жоочу деп шектелген ондогон адам Түркмөнстандын Иран жана Ооганстан менен чектешкен жери аркылуу өтүп келди деген маалымат бар экенин кошумчалады.

Азырынча бул маалыматты расмий Ашхабад бышыктай да, төгүндөй да элек. Бирок "Азаттыктын" түркмөн кызматынын дагы башка маалымат булактары аталган аймакка кошумча аскер жана аскердик техника жөнөтүлгөнүн бышыктады.

Түркмөн-Иран чек арасы.
Түркмөн-Иран чек арасы.

Буга чейин кайсы бир чет мамлекеттин аскер чалгынчылары расмий Ашхабадга "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүнөздүү чабуул уюштурулушу ыктымал деген маалымат бергени кабарланган. Ошондой эле бул өлкөдөн террорчулук боюнча айыпталган төрт түркмөн жараны экстрадиция болгону айтылган. "Азаттыктын" түркмөн кызматы ишенимдүү булактарга таянып, бул өлкө Түркия экенин жазган.

Ушул тушта канча түркмөн жараны Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөнү, алардын канчасы кайтып келгени боюнча так маалымат жок.

Бегенч Гүндогдыев Чек ара аскерлеринин кол башчысы болуп 2016-жылы мартта дайындалган. Анын наамы ушуну менен экинчи ирет төмөндөп отурат. Алгач анын генерал наамы 2011-жылы коргоо министри болуп турганда полковник болуп ылдыйлаган. Анда да "кызматтык милдетин канааттандыралык деңгээлде аткарган эмес" деп айтылган.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов коргоо министрине Абадан шаарындагы курал-жарак, ок-дары сакталган кампанын жарылышы боюнча каарын төккөн. Расмий маалымат боюнча, ал каргашада 15 адам ажал тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG