Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:08

Өзбекстанда соңку эки аптанын ичинде уюшма кылмыш топтун мүчөсү деген шек менен ондогон адамдар кармалды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарга шилтеме жасап, кармалгандар арасында кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда, Ташкент шаарынын "смотрящийи" - Аббас Хажаев да бар экени жазды.

"Каралардын" жапырт камалышын кылмыш дүйнөсүндө таасир бөлүштүрүү менен байланыштыргандар да бар.

Өткөн айда президент Шавкат Мирзиёев уюшма кылмыш топторго каршы күрөштү сынга алган эле.

Ташкент шаардык милициядагы ишенимдүү булактар Аббас Хажаев 14-сентябрда маңзат менен колго түшкөнүн билдирди. Анын алдында кылмыш дүйнөсүндө "ташкенттик Бахти" же "янгибаддык Бахти" деген лакап аттар менен таанымал Бахтияр Кудратуллаев кармалып, төрт саат сурак берип чыкканы белгилүү болду.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Такталбаган маалыматка караганда, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн камалышына "каралар" арасында "Маха" деген ат менен белгилүү 35 жаштагы Махамоджон Курбанов аттуу жарандын бычакталышы себеп болду. Курбанов Ташкенттеги Алмазар районунда жүргөндө бычак жеп ооруканага түшкөн.

Ташкенттеги уюшма кылмыш топтордун ичинен билгендердин бири атын ачык атабоону өтүнүп "Азаттыктын" өзбек кызматына айрым бир жагдайларды айтып берди. Ага ылайык, "Маха" Ташкенттеги "смотрящий" Аббас Хажаевдин оң колу болгон:

- Аббас өтө акыйкат жигит. Күн сайын анын үйүнө ондогон адам жардам сурап келип турчу. Эгер кимдир бирөө карызын өндүрө албай жатса, акчасын ала албай жүрсө милицияга же прокуратурага барбай, түз эле Аббаска кайрылчу. Аббас маселени калыс чечип берчү. Бычак жеген "Маха" Аббастын жакын досторунун бири.

Бул ишенимдүү булактын ырасташынча, соңку кол салуулар жана андан кийинки камоолор кылмыш дүйнөсүндөгү таасир бөлүшүүгө байланыштуу:

- Орусиялык "мыйзамдагы уурулар" Өзбекстанга өз кишисин дайындаганы жатат. Өткөн айда Аббаска орусиялык кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү келип, Ташкентке көзөмөл кылуудан баш тартышын талап кылышкан. Аббас макул болбой койгон. Андан кийин алар өч алуу максатында "Маханы" ичке сайып, бетин тилип кетишти. Кылмыш дүйнөсүндө бул кримавторитетти эрөөлгө чакырды дегенди билдирет. Башкача айтканда, алар Аббастын ордун алганын көрсөтүштү десе болот.

"Азаттыктын" өзбек кызматы дагы башка ишенимдүү булактарына таянып Аббас Хажаев камалгандан кийин эки күндөн соң Ташкенттеги "Бренд" деп аталган түнкү клубда кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү Ташкент шаарына башка "смотрящий" дайындоо үчүн чогулганын жазды. Анда кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз.

Өзбек күч түзүмдөрү кылмыш дүйнөсүнүн бир катар өкүлдөрүнүн камалышы боюнча кеңири комментарий бере элек. Аларды колго түшүрүү операциясын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улугбек Турсунов өзү жетектеп жатканы маалым болду. Ал президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы - улуу кызынын жолдошу Ойбек Турсуновдун бир тууган агасы. Өткөн айдын башында Мирзиёев уюшма кылмыштуулукту тыюуну тапшырган болчу.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

- Эгер мамлекет өз жарандарынын бейпилдигин жана саламаттыгын камсыздап бере албаса, анда элге мындай мамлекеттин кереги деле жок. Бир көчө тентеги баарын башкара албайт. Ташкент облусунда ушундай бир-эки "тентек" бар. Мен ушундай эки-үчөөнүн куйругун эмгиче үзө албай жүрөм. Биз алардын көбүнүн куйругун кестик. Бирок эки-үчөө дагы деле баары биз ойлогондой болот деп жүрүшөт. Эми алардын көбү түрмөдө отурат. Кудайга шүгүр, мага көп нерсе белгилүү. Азыр мен арканды узун таштап коюп, байкап отурам.

Өзбекстанда уюшма кылмыш топтор тууралуу эл арасында бир топ кеп-сөз, талкуу болгону менен расмий маалымат дээрлик жокко эсе. Күч органдары кылмыш боюнча статистиканын баарын жаап-жашырып турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG