Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Акаев: Каримов бийликтин чоң чебери болчу (аудио)


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана Ислам Каримов. 27-август 1993-жыл
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана Ислам Каримов. 27-август 1993-жыл

Кыргызстандын биринчи президенти, учурда Москвада жашаган Аскар Акаев "Азаттык" радиосу менен маегинде Өзбекстандын дүйнөдөн өткөн президенти Ислам Каримовду инсан жана саясатчы катары эскерип, ал өзү бийликте турган кездеги Бишкек-Ташкент мамилеси боюнча суроолорго да жооп берди.

“Азаттык”: Аскар Акаевич, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 78 жаш курагында дүйнө салды. Ал көпчүлүктүн эсинде карама-каршылыктуу, талаштуу инсан жана саясатчы катары калат окшойт. Кыргыз саясатчылары ичинен Каримов менен узак кызматташкан жана эң көп сүйлөшкөнү сизсиз. Маркум Каримовду инсан жана саясатчы кандай баалайсыз?

Аскар Акаев: Менимче, Ислам Каримовду жаңы замандагы залкар саясатчы десек болот. Себеби, ал киши Өзбек республикасынын, өзбек калкынын эле лидери болбостон, Борбор Азиядагы эң белгилүү лидерлердин бири болгон десек да жаңылбайбыз. Ал киши, менимче, өзүнүн жемиштүү иштери менен сөзсүз тарыхта калат деп эсептейм.

Адамгерчилик жагын алсак, мен мындай айтаар элем, сыртынан өзү сүрдүү көрүнгөн менен ички дүйнөсү ачык-айкын адам болчу. Көп лидерлердин ичинен өзгөчөлүгү - сөзүнө бек турган саясатчы эле. Мен ушуну белгилеп кетким келет. Туура, ал киши менен кандайдыр бир макулдашууга, айрыкча мамлекет аралык макулдашууларга келүү жеңил эмес болчу, татаал өнөктөш эле. Бирок, макулдашууга келгенден кийин Ислам Каримов сөзүнө катуу турчу. Өзүнүн берген убадасын ар дайым аткарган саясатчы эле.

Дагы бир өзгөчөлүгү- конъюктурага эч качан берилген жок. Республикасын конъюнктурадан алыс, өз жолу менен чейрек кылымга алып келди. Менимче, бул зор жетишкендик, стабилдүүлүктү да сактай алды. Ислам Каримов стабилдүүлүккө зор маани берер эле, муну ал өзүнүн негизги максаты катары коюп, буга жетише алды десек жаңылбайбыз.​

Көп лидерлердин ичинен өзгөчөлүгү - сөзүнө бек турган саясатчы эле. Мен ушуну белгилеп кетким келет. Туура, ал киши менен кандайдыр бир макулдашууга, айрыкча мамлекет аралык макулдашууларга келүү жеңил эмес болчу, татаал өнөктөш эле.

“Азаттык”: Саясий ишмер катары Каримовдун чечимдери миллиондогон болбосо да жүз миңдеген, оң миңдеген өзбекстандыктардын тагдырына акыркы 25 жылда олуттуу таасирин тийгизди. Сынчылары менен оппоненттери Каримовду өлкөсүнө авторитардык бийлик орнотуп, өз Конституциясын каалагандай өзгөртүп, бийликте чексиз мөөнөт калышын, репрессиялык жол менен саясий атаандаштарынан арылганын, жарандык коомдун эркин маалымат каражаттарынын иштешине жол бербегенин, кыйноолор менен мыйзамсыз кармоолор Өзбекстандын укук системасынын айныксыз бөлүгү болуп калганына көңүл бурушат. Анжиян кыргыны да Каримовдун абийириндеги иш экени айтылып келет. Каримовго баа берүүдө маселенин ушул өңүтүн кандай чечмелейт элеңиз?

Аскар Акаев: Бул суроого, бул маселеге тарыхчылар кийин өз баасын берет. Менин айтайын дегеним, туура, Ислам Абдуганиевич менен бийликти ажыратуу мүмкүн эмес. Менимче ал киши бийликтин чоң чебери болчу. Ошол себептүү анын ишин туура тапкандар да, туура эмес дегендер да болот. Буга эми аналитиктер, эксперттер кийин ар тараптан изилдеп, сөзсүз өз баасын берет.

Менин айтайын дегеним кадр маселеси, ошол кадрлар ичинде да Ислам Абдуганиевичке нааразылар, каршы болгондор чыкты. Ислам Абдуганиевич бийликтин мастери катары кадр маселесине чоң маани берип, көп алпурушту.

Жакшы жагына токтолсом, популист кадрлардын баарын мамлекеттик кызматтан сүрүп, айдап чыкты. Менимче, ал абдан туура иш жасаган. Себеби, азыр ошол эле Грузия, Украина, биздин коңшуларыбыздан көрүп жатабыз. Азыркы заманда эң зор душман - популист кадрлар. Алар ошол кадамы менен өзүнүн элин, мамлекетин жарга такап отурушат. Мен ойлойм, Ислам Каримов түзүп кеткен бийликте популисттер жок, көрөсүңөр ал тарбиялаган кадрлар Өзбекстандын башына келсе, стабилдүүлүктү сактайт жана өлкөсүн жакшы келечекке алып барат.

(Маекти толугу менен төмөнкү аудиодон угуңуз)

Акаев: Каримов бийликтин чоң чебери болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:34 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG