Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Жизактык активист Ташкенде жоголууда


Ташкен
Ташкен

Активист Алыкул Сарымсаков Ташкенде жашап жаткан үйгө кайтып келбеген бойдон телефону да өчүрүлүү болуп жатат.

"Азаттыктын" өзбек кызматына анын кесиптештери Сарымсаковду милиция уурдап кеткен болушу мүмкүн деп шектенип жаткандыгын билдиришти.

Өзбекстандын укук коргоочулар альянсынын мүчөсү Шухрат Рустамовдун айтымында, ал Алыкул Сарымсаковду акыркы жолу өткөн шейшемби күнү түштөн кийин көргөн:

Чорсу мейманканасынын жанындагы аялдамадан коштоштук. Мен бир жакка баралы десем, чарчадым, эс алайын деди. Мен үч жарымдарда кеткем. Саат беште келсем, жок экен. Ал Жизактан келип, меникинде туруп жаткан эле. Чалсам, телефону өчүк. Анын мындай адаты жок эле, ошондон бери эч кандай кабар жок.

Шухрат Рустамов саат сегиздерге чейин күтүп, анан милицияга кайрылат. Бир саатка жетпейт үйгө төрт тартип коргоочу келип, сурак жүргүзүшөт. Саат ондордо ал Чорсудагы милиция бекетине барып арыз берет.

Укук коргоочу кесиптешинин жоголушу боюнча эки божомолун билдирди.

– Биринчиси - акыркы кездерде терроризм боюнча күрөш кызматкерлери Сарымсаков тууралуу сураштырып жатышкан. 3-мартта президенттик администрацияда укук коргоочу Елена Урлаевадан да ал жөнүндө сурашкан. Экинчи божомолубуз, Каримов Жизакка бараардын алдында, ал жактын тартип коргоочулары келип, дагы бир нерсенин ичинен чыкпасын деп Сарымсаковду кармап кеткен болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Алыкул Сарымсаков акыркы кездери Ташкенде Укук коргоочулар альянсы уюштурган президенттик администрациянын алдындагы пикеттерге көп катышчу болгон. Биримдиктин бир катар мүчөлөрү Каримовдун төртүнчү жолу президенттикке талапкер болушуна каршы пикирин билдирип келатышат.

"Азаттык" Жизак областынын ички иштер бөлүмүнө жана шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганда, экөө тең Сарымсаковдун кармалганын бышыкташкан жок.

Мурда дыйканчылык менен алектенген укук коргоочу мындай кырдаалга биринчи жолу туш болуп жаткан жок. Өткөн жылы жайында да Жизактын Замин районунда туулган Алыкул Сарымсаков Жизак шаарындагы психиатриялык клиникага күч менен жаткырылып, 16 күндөн кийин бошотулган эле.

XS
SM
MD
LG