Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Өзбекстанда 179 киши жарандык алат


Өзбек паспорту
Өзбек паспорту

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 20-декабрда жарандык берүү тууралуу жардыкка кол койду.

Анын тексти жана жарандык бериле турган 179 кишинин ысымы президенттин расмий сайтында жарыяланды. Өзбекстанда СССР ыдырагандан бери он миңдеген киши жарандык алалбай жүрөт. Алардын арасында өзбек жигиттерге күйөөгө чыккан кыргызстандык келиндер да бар.

Жардыкта жарандык берүү арыздарын кароо актуалдуу маселеге айланганы белгиленет. «Өзбекстан жумуриятынын жарандыгы» жөнүндө мыйзам күчүнө кирген маалда кайсы бир себептерден улам башка жерлерде жашап калган түпкүлүгү өзбекстандык жарандар көп экени айтылат.

Ислам Каримовдун режиминин тушунда коңшу өлкөлөр менен мамиле анча жакшы эмес болчу. Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстандан келген адамдарга жылдар бою жарандык берилген эмес.
Садриддин Ашуров

«Азаттык» радиосунун өзбек редакциясынын журналисти Садриддин Ашуров 2005-жылы БУУнун Качкындар комиссарлыгы "Өзбекстанда жарандыгы жок 40 миң киши бар" деген маалымат таратканын айтат.

Бирок анда Кыргызстан, Тажикстандан келген адамдардын көбү эске алынган эмес. Азыр болсо бейрасмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда жарандыгы жок кишилердин саны 100 миңге жетет. Көптөрү 20 жылдан бери улам улам жарандык алуу үчүн арыз берип келет. Бирок акыркы жылдары андай аракеттен үмүтү үзүлүп, жарандык аларына ишенбей калгандар көбөйө баштаган.

- Ислам Каримовдун режиминин тушунда коңшу өлкөлөр менен мамиле анча жакшы эмес болчу. Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстандан келген адамдарга жылдар бою жарандык берилген эмес. ОВИРге кайрылган учурларда мекеме жетекчилери адатта дубалда илинип турган Каримовдун сүрөтүн көргөзүп коюшчу. Бул маселени президент гана чеччү.

Президенттин күтүлгөн жардыгы кыйла жылдардан бери биринчи ирет ачык жарыяланды. Жарандык берүү тууралуу арыздарды президент администрациясындагы атайын комиссия карап чыгып, чечим чыгарат.

Арызы канааттандырылган 179 кишинин арасында өзбек, тажик, казак, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү, Өзбекстандан тышкары мурдагы СССРдин аймагында туулуп-өскөн, өлкөнүн ар кыл облустарында жашаган адамдар бар. Тизмеге Кыргызстанда төрөлгөн беш киши да кирген экен.

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

“Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсүнө ылайык, учурда Өзбекстанда диний экстремизмге айыпталып, издөөгө алынгандардын саны 40 миңдей болушу ыктымал.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу жумуриятынын тургуну Музаффар Айманов жарандык берилгендердин арасына илингенин «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын кабарчысынан угуп, өз таржымалын айтып берди:

- 8-классты бүтүргөндөн кийин 1988-жылы Орусияга окуганы кеткем. Анан ооруп калып, ден соолугума байланыштуу үч жылдан кийин үйгө кайтып келдим. 1991-жыл эле. Келерим менен каттоого тургузбай, бир айдын ичинде армияга чакырышты. Украинага алып кетишкен. Бир жылдан кийин Өзбекстанга келип, бирок аскердик каттоого 1993-жылы эле коюлуп калгам. Анан 1996-жылы жаран эмес деген документти колума беришти.

"Эмне дегенде Музаффар Өзбекстан жарандыгы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган 1992-жылдын жайында өлкөдө жок болчу, ошол мезгилден кийин келгендердин бардыгына, Өзбекстанда туулуп-өскөнүнө же үй-бүлө, жакындары бул жерде жашаганын карабай жарандык берилчү эмес", - дейт Ашуров.

Кээ бир маалыматтар боюнча, Өзбекстандын аймагында паспортсуз жүргөн кыргызстандыктар миңдеп саналат. Алар негизинен өзбек атуулдарына турмушка чыккан келиндер.

Жарандыгы жоктор көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Эң негизгиси, жакшы жумушка орношуу кыйын. Ал эми жарандык алуу үчүн талап кылынган документтердин арасында иштеген жерден справка да бар.

- Жакшы жумуш табалбагандыктан, мандикер болуп, келишимдер боюнча иштешет. Же болбосо бюджеттик мамлекеттик мекемелерге алынбайт. Диплому бар болсо да. Бирок чанда эле мисалы, мугалим же догдур өңдүү адистер жетпегенде ишке алышат. Албетте, жарандыгы жоктор шайлоодо добуш берип же өздөрү шайлана албайт. Чет өлкөлөргө чыгуу да кыйын. Аларга чакан, төрт беттен турган документ беришет, бир нече мөөр басылганда ал тез эле толуп калат, - дейт Садриддин Ашуров.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстанда кошуна өлкөлөр менен жакындашуу, өлкөнүн ички саясатында бир топ оң жылыштар, реформалар болуп келатат.

"Азаттыктын" архиви: Өгөйлөнгөн келиндер. 2015-жыл

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG