Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Самарканд: террорчулукка айыпталган мигранттар


Санкт-Петербургда кармалган өзбек мигрант
Санкт-Петербургда кармалган өзбек мигрант

Өзбекстандын Самарканд облусунун Орусияда иштеп жүрүп кайткан ондогон тургуну "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар деген шек менен камакка алынды.

Аларга аталган уюмга материалдык жардам берүү үчүн жең ичинен сүйлөшүп, макулдашып-топтошуп жүргөн деген айып тагылды. Кармалгандардын туугандары болсо террордук топко ыктаган деген дооматты четке кагып жатат.

Өзбекстанда мекенине кайткан мигранттардын диний экстремизм-терроризм боюнча айыпталып массалык түрдө кармалган учурлары буга чейин да болгон эле.

Мындан мурдарак президент Шавкат Мирзиёев ашынган диний уюмдарга ыктагандарды сынга алган болчу.

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

“Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсүнө ылайык, учурда Өзбекстанда диний экстремизмге айыпталып, издөөгө алынгандардын саны 40 миңдей болушу ыктымал.

"Азаттыктын" өзбек кызматы күч түзүмдөрдөгү ишенимдүү булактарына таянып Орусиянын Белгород шаарында курулушта иштеп жүрүп мекенине кайткан Самарканд облусунун Ургут районунун 50дөй тургуну камакка алынганын жазды. Аларга каршы башка мекендештери көрсөтмө бергени, кармалгандарга кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатканы маалым болду.

Ургут районунун атын ачык атабоону өтүнгөн тургуну жакын тууганы кармалганын, анын экстремисттик-террористтик топ менен байланышы деле болбогонун айтып берди:

- Кармалгандардын арасында менин жакын тууганым да бар. Аларды диний көз караштары үчүн деп кармашыптыр. Бирок алар динди деле тутунушпайт. Бул балдар Белгороддо болгону курулушчу болуп гана иштеп жүрүшчү.

Ушул тушта Белгород шаарында жашап жаткан самарканддык Сирожиддин Маматкулов камакка алынгандарды тааныйт. Маматкуловдун айтымында, аны Өзбекстандын атайын кызматы камакка алынгандардын анабашы катары көрсөткүсү келип жатат: ​

- Мага Улуттук коопсуздук кызматы "Сирож молдо" деген каймана ат коюп, радикал диний топтун башчысы катары көрсөтүп жатыптыр. Менин эжем коопсуздук органдарына кайрылып, Ургутта камакка алынган балдар тууралуу маалымат берүүсүн өтүнүптүр. Атайын кызмат "алардын кармалышына Орусияда согушкерлерди даярдап жаткан Сирож молдо себепчи" деп жооп беришкен экен. Алар эжеме менин бул балдарды уруп, намаз окугула деп мажбурлап жатканымды көргөн күбөлөр бар деп айтышыптыр. Алардын айтымында, мен чечен тектүү жарандарга ал балдарды урдуртуп намаз окугула деп кыйнаган имишмин. Мунун баары карандай калп. Чынында Самаркандда кармалган балдардын бири дагы намаз окубайт жана ислам тууралуу түшүнүгү деле жок. Мен аларга намаз окугула деп бир дагы жолу айткан эмесмин. Мени эмнеге каралап жатышканын түшүнбөйм.

Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, соңку кездери диний экстремизм боюнча айыпталып камакка алынгандардын саны өстү.

Шектүү мигранттар
Шектүү мигранттар

Ташкенттеги укук коргоочу Сурат Икрамов айрыкча кылтакка мигранттар илинип жатканын, алардын көбүнүн күнөөсү далилденбегенин айтып берди:

- Мен Ургут районундагы камакка алынган балдардын "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар-жогун билбейм. Бирок Түркияда, Орусияда радикалдуу диний агымдарга ыктаган өзбек мигранттары көп. Биздин укук коргоо органдары көп учурда дин жолунда жүргөн, бирок ашынган диний уюмдарды колдобогон, башка мамлекетте акча таап, үй-бүлөсүн багып оокат кылып жаткан жөнөкөй, карапайым адамдарды кармашат. Аларды "Ислам мамлекети" менен байланышы бар деп камакка алышканы менен көп учурда алардын күнөөсү далилденбей эле калат.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев чет мамлекетте терроризм-эстремизм боюнча өзбек жарандары кармалганы тууралуу маалыматтар аны капа кыларына билдирген. Жолунан адашкандарга чара колдонуларын эскерткен:

- Кайсы бир терактты өзбек жараны жасаптыр деген маалымат мага жакпайт, жаман таасир калтырат. Алар өзбек деген атка татыбайт. Биз чет жерде ак эмгеги, мээнети менен акча таап, иштеп жүргөн жаш муундарыбыздын террорчулардын торуна түшүп калбашы үчүн бардык чараларды көрөбүз. Биздин ушундай тарыхыбыз бар. Окумуштууларыбыз, акылдуу, сабаттуу адамдарыбыз бар. Эгер кимдир бирөө биз түзүп берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай, жалган жол менен кетсе, анда аларга чара көрүлөт.

"Ислам мамлекети" террордук уюм көп мамлекетте, анын ичинде Өзбекстанда да тыюу салынган.

Былтыр октябрь, ноябрь айларында жана быйыл жыл башында Ташкент шаарынын, Ташкент облусунун жана Фергана өрөөнүнүн жүздөгөн тургундары камакка алынган. Алардын баарына террордук топ менен байланышы бар деген айып тагылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG