Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Чекеге "эки" койгон мугалим иштен кетти


Социалдык түйүндөрдө таркаган сүрөт.
Социалдык түйүндөрдө таркаган сүрөт.

Өзбекстанда “экини” окуучулардын чекесине койгон мугалим жумуштан алынды.

Өзбекстанда май айынын башында чекесине «эки» тартылган балдардын сүрөттөрү "Instagram" менен "Facebook" социалдык түйүндөрүндө таркаган.

Анда соң Бекабад шаарындагы №5 орто мектептин мугалими Муборак Хамдамова 1-класстын төрт окуучусу сабакка жетишпей, тартипке көнбөгөнү үчүн “эки” деген бааны алардын чекесине койгону аныкталган.

Окуя Интернетте кызуу талкуу жаратып, Билим берүү министрлигинин көзөмөлүнө алынган. Прокуратура балдардын чекесине баа койгон мугалимди суракка чакырып, окуучуларга «психологиялык кыйноо көрсөткөн» деген айып койгон.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимдин жоругу кылмыш-жаза тартибиндеги териштирүүгө негиз болгонун Ташкенттин облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шукур Бурханов айтты:

- Башталгыч класстын мугалими окууга жетишпеген жана тартипке көнбөгөн биринчи класстагы окуучуларына дисциплинардык чара көргөн. Муну прокуратура «психологиялык кыйноо» деп баалады.

Бурханов министрликтин талабы боюнча окуучуларга, ата-энелерге жолугуп, кечирим сураган.

Андан тышкары мугалими менен бирге сегиз адам иштен кетирилгенин Бекабаддын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мухиддин Кузибаев айтты:

- №5 мектептин директору Дилфуза Бобомуратова кызматынан алынды. Балдардын мугалими Мубарак Хамдамова ишинен бошотулду. Чекесине «эки» жазылган балдарды сүрөткө тартып, Интернетке чыгарган мугалим Саодат Рахмонова да иштен кетти. Мектепте эле сегиз мугалим жоопкерчиликке тартылды.

Ал эми мектеп директорунун иштен бошотулушуна «мекемеде окуучулардын укугун бузуп, аларды кемсинтүүгө жол берилгени, тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөнү, окуу жана тарбиялоо иштеринин начардыгы» негиз болгон.

Директор менен бирге анын окуу иштери боюнча орун басарлары Х. Раззокова, Г. Байматова, О. Абдуллаева, диний агартуучулук иштер боюнча орун басарлары И. Муминов менен М. Рузиева иштен алынган.

Кузибаев өзү окуу жайларына тийиштүү көзөмөл кылбаганы үчүн министрликтен сөгүш алган. Анын балдарды социалдык коргоо боюнча жардамчысы Н. Мусакова да кызматынан бошотулган.

Кузибаев министрликте бул окуя боюнча атайын жыйын өтүп, анда юристтердин жана укук коргоочулардын сунушу менен иштен бошотуу мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Ошол эле маалда мугалимдердин түйшүгүн да эске алууга чакырды:

- Мугалимдерге оңой эмес. Окуу жылынын аягында баары чарчады. Бул эске алынып, директорлуктан алынган Дильфуза Бобомуратовага мугалим катары иштөөгө уруксат берилди. Ишинен бошотулган мугалим Муборак Хамдамова жалгыз бой эне экен. Бирок кандай болбосун, окуучуларга зомбулук, кысым көрсөтүүгө жол берилбейт.

Бул окуядан кийин Билим берүү министрлиги окуучулардын укуктары бузулган учурлар үчүн катаал чара көрөрүн эскертти.

Өзбекстанда апрелде Хорезм облусундагы Үргөнч жол кыймыл коллежинин мугалими бут кийими менен 17 жаштагы окуучуну бир нече жолу чаап жибергени үчүн иштен бошотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG