Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:35

Түз ободо FIDH чек арадагы кооганы иликтөөгө чакырды


Достук айылы, Баткен.

Корутунду

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон жок.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 189 кишиге жетти, 36 адам каза тапты.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши каза тапканын расмий билдирди. "Азаттыктын" тажик кызматы бул маалыматка чейин эле ишенимдүү булактарына таянып, 20 киши каза болуп, 80ден ашууну жараат алганын билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күттү.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашты.
11:09

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (International Federation For Human Rights - FIDH) Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы 12 мүчө уюм менен бирге кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда адам укуктарын бузуу фактыларын иликтеп, мындай эскалацияны болтурбоо үчүн эл аралык коомчулукту тезинен чара көрүүгө чакырды.

Федерация кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн БУУнун жана Евробиримдиктин механизмдерин иштетүүгө, Кыргызстанды Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого үндөдү.

Эл аралык уюм өз билдирүүсүндө карапайым тургундарга туш-келди күч колдонулганына тынчсызданып жатканын билдирген. Оор курал-жаракты жай тургундар жашаган аймактарга колдонуу - жарандардын өмүрүн коркунучка кептей турганын жана аларды колдонууга дүйнөдө тыюу салынарын эскерткен.

Ошону менен катар эл аралык федерация эки тарапты ок атышпоо режимин сактоого, жарандардын коопсуздугуна көңүл бурууга, жабыркагандарды гуманитардык жардам менен камсыздоого, карапайым тургундардын арасындагы жоготууларга жооптууларды иликтөөгө чакырган.

5-майда федерациянын расмий сайтында 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик арасында болгон кагылышууда алдын ала маалыматтарга ылайык эки тараптан 50дөн ашуун адам курман болуп, 300дөн көп адам жаракат алганы, ондогон обьектилер талкаланганы жазылды.

Каза болгондордун арасында эки бала да болгону белгиленген. Уюм 4-майга карата Кыргызстандын 45 миңге чукул, ал эми Тажикстандын 15 миңдей тургуну коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн маалымдады.

21:22 6.5.2021

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткендеги Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилерин маалымдады.

Ошондой эле ал кыйраган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктарын белгиледи.

Мындан тышкары Баткен облусу өзгөчө статус алуу менен бир катар жеңилдиктерге ээ болорун, чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундардын балдары Ысык-Көлдө реабилитациялоодон өтө тургандыгын кошумчалады.

Президент 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүү иштерине бюджеттен 700 миллион сом бөлүнгөнү маалымдалган.

21:15 6.5.2021

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу иштери жүрүүдө. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен районунун айылдарынан табылган снаряддарды тажик аскерлери колдонгон.

Министрликтин Инженердик башкармалыгынын адистери ушуп тапта Баткендин Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында иштеп жатат. Алар элди кайсы бир аймактан жарылбай калган жардыргыч заттарды таап алышса, ага жолобостон, миналарды тазалоо адистерине дароо кабарлоосун суранды.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганы белгиленген.

14:51 6.5.2021

Коогада көз жумгандардын жакындарына 1 миллион сомдон берилет

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунда жүргөндө билдирди. Ал Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG