Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:37
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
09:53 4.5.2021

Кошмо Штаттарындагы кыргыз диаспорасы 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акциясына чыгышты.

Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты.

Акцияга чыккандар чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын жана чырдын айынан ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы баланын сүрөтүн кармап турушту.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз диаспорасы Баткенде жапа чеккен тургундарга жардам катары 86 миң доллар чогултушкан.

2-майда Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

Алар кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөшкөн.

03:57 4.5.2021

Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды оңдоого 700 млн. сом бөлүндү

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүндү. Анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат. Калган 200 миллион сому талкаланып, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда.

Ошондой эле Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында жаңы мектеп курулат. Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

Чек ара: Кыйраган айылдар (02.05.2021)

Чек ара: Кыйраган айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:05 0:00

03:54 4.5.2021

Озонниа Ожиело: БУУ Баткенди калыбына келтирүүгө жардам берет

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело Баткен облусунда чек ара чатагында талкаланган имараттарды калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Калыбына келтирүү иштери кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жасалат. Ожиело мындай пикирин бүгүн, 3-майда тышкы иштер министр Руслан Казакбаев менен жолугушууда айткан.

Маалыматка ылайык, жаңжалдан кийин Баткенде кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерине байланышуу БУУга бир канча өтүнүчтөр түшүп жатат.

Жаңжалда жабыркаган Максат

Чек арадагы жаңжалдан кийин талкаланган үйүнүн ичинде турган аял. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
1/22 Чек арадагы жаңжалдан кийин талкаланган үйүнүн ичинде турган аял. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылынын кире беришиндеги жерге казылган окоп. 2-май, 2021-жыл. 
2/22 Максат айылынын кире беришиндеги жерге казылган окоп. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.
3/22 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Октун калдыктары. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
4/22 Октун калдыктары. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Жоокердин кийими. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;<br />
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майда, Максат айылында 11 үй, Максат чер ара бекети жабыркаганын билдирди.&nbsp;
5/22 Жоокердин кийими. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майда, Максат айылында 11 үй, Максат чер ара бекети жабыркаганын билдирди. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылы 1994-жылы түптөлгөн. Лейлек районун Кулунду айыл өкмөтүнө карайт.
6/22 Максат айылы 1994-жылы түптөлгөн. Лейлек районун Кулунду айыл өкмөтүнө карайт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
&quot;Азаттыктын&quot; кабарчысы Айбек Бийбосунов Максат айылындагы айрым үйлөрдүн орду эле калганын билдирди.&nbsp;
7/22 "Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосунов Максат айылындагы айрым үйлөрдүн орду эле калганын билдирди. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылында 150дөн ашык кожолук бар.
8/22 Максат айылында 150дөн ашык кожолук бар.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылындагы көчөлөрдүн бири.&nbsp;
9/22 Максат айылындагы көчөлөрдүн бири. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылындагы өрттөнгөн мектеп. 2-май, 2021-жыл.
10/22 Максат айылындагы өрттөнгөн мектеп. 2-май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
235 окуучуга ылайыкталган бул мектеп Максат айылына 2014-жылы курулган.&nbsp;
11/22 235 окуучуга ылайыкталган бул мектеп Максат айылына 2014-жылы курулган. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Мектептин күлгө айланган имараты. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
12/22 Мектептин күлгө айланган имараты. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Мектептин ичиндеги жазуу. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
13/22 Мектептин ичиндеги жазуу. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылындагы жалгыз мектеп. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
14/22 Максат айылындагы жалгыз мектеп. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылындагы мектеп. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
15/22 Максат айылындагы мектеп. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Өрттөлгөн үйлөрдүн терезеси. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
16/22 Өрттөлгөн үйлөрдүн терезеси. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылы Кыргызстандын эң четки айылдарынын бир болуп саналат.&nbsp;
17/22 Максат айылы Кыргызстандын эң четки айылдарынын бир болуп саналат. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
18/22 Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
19/22 Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
20/22 Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
21/22 Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Максат айылындагы көчө. 2-май, 2021-жыл.&nbsp;
22/22 Максат айылындагы көчө. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Артка
Алдыга

Жаңжалда өрттөлгөн, талкаланган турак жайларды кыргыз өкмөтү өзү калыбына келтирерин Максат айылында эл менен жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып, өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнү Тажикстандан талап кылбай турганын билдирген.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлдү.

17:55 3.5.2021

Өкмөт чек ара жаңжалында жабыркагандарга кенемте төлөйт

Маалыматты "Азаттыкка" өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова билдиргенди.

Ага ылайык, ушул тушта кыргыз-тажик чек арасындагы коогада мерт болгондорго жана жабыркагандарга төлөнүүчү кенемтенин көлөмүнө байланыштуу маселе каралып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG