Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

Ху Цзинтаонун доору аяктады


Кытай Коммунисттик партиясынын XVIII курултайы бүттү. Болочоктогу лидерлер Си Цзинпин менен Ли Кэцян Компартиянын Борбордук комитетине мүчө болуп кирди.

Жети күндүк тарыхый жыйында партиянын төрагасы - болочоктогу Кытай президенти Си Цзинпин жана болочоктогу премьер-министр Ли Кэцян Саясий бюронун Туруктуу комитетине мүчөлүккө талапкер болушту.

Партиянын азыркы баш катчысы жана өлкө президенти Ху Цзинтао жана премьер-министр Вэн Цзябао Саясий бюродон чыгышканын өкмөттүк Синхуа агенттиги маалымдады. Бул Кытайды акыркы он жылда жетектеген Ху менен Цзяндын доору аяктады дегенди түшүндүрөт.

Кытай Компартиясынын соңку курултайынын негизги жыйынтыгы бейшемби күнү билинет. 15-ноябрда Борбордук комитеттин 200 мүчөсү партиянын төбөлдөрүн - баш катчыны, Борбордук комитеттин Саясий бюросу менен анын Туруктуу комитетин шайлайт.

Салт боюнча XVIII курултайды Компартиянын баш катчысы -президент Ху Цзинтао жапты:

"Биз курултайда бардык чечимдер менен пландар кабыл алынып, бардык ийгиликтер жасалды деген ишеничтебиз. Алардын күнүмдүк жана болочокку мааниси үлкөн.Кытайга мүнөздүү социализмди ар багытта өнүктүрүүнү жетектөөдө маанилүү роль ойнойт жана партиялык курулуштагы чоң милдеттенме болот".

Партиялык курултайдын жыйынтыктоочу жыйыны кезде президиумда Ху Цзинтао, мурдагы баш катчы-президент Цзян Цземин, парламент төарагасы У Банго, премьер-министр Вэн Цзябао, вице-президент Си Цзинпин турду. Партиялык иерархияны бузбай сактоо - Кытай жетекчилигиндеги ырааттуу муун алмашуунун жышааны.

Си Цзинпин бейшемби күнү 82 миллион мүчөлүү партиянын төрагалыгына расмий түрдө отургузулат. Ал эми президенттикти келерки мартта болчу Эл өкүлдөр жыйынынын жалпы кытайлык сессиясында өткөрүп алат. Ага чейин Ху Цзинтао мамлекетти жетектей берет.

Бийликке келаткан “бешинчи муун” коммунисттик Кытайдын түптөөчүсү Мао Цзедун, өлкөдө “социалисттик эркин экономиканын эшигин ачкан” Ден Сяопин жана XVI курултайда кабыл алынган теориялык дөөлөттөрдү бекем тутушу лаазим экенин Ху Цзинтао жыйынтыктоочу сөзүндө эскерте кетти.

"Партиянын бардык мүчөлөрү партиянын Борбордук комитетинин ар тарабына топтолуп, социализмдин Кытайга мүнөздүү туусун бийик көтөрүшү жана Ден Сяопиндин теориясын, “Үч өкүлчүлүк” менен “Өнүгүүгө илимий көз караштагы” маанилүү ойлорду кармануусу абзел. Биз ойду эркин коюп, реформа саясатын жана ачыктыкты жүзөгө ашырышыбыз керек; Күчүбүздү бириктирип, кыйынычылыктарды жеңип, социализимдин Кытайга мүнөздүү коомуна барчу жолду ишенимдүү өтүүбүз жана бар тарабы тегиз өнүккөн коомду курууда ийгиликке жеткенге аракет кылышыбыз зарыл," -деди баш катчы Ху Цзинтао.

“Үч өкүлчүлүк” теориясын 2003-жылкы курултайда Ху Цзинтао киргизген. Ага ылайык, партия “Кытайдагы алдыңкы өндүргүч күчтөрдүн, алдыңкы Кытай маданиятынын жана Кытай элинин кеңири катмарынын” кызыкчылыгын коргоп, талабын аткарыш керек.

Кытайдын жаңы жетекчилиги алдында партияны “ичтен иритчү”, атүгүл “көргө сүйрөөчү” коррупцияга каршы күрөшүү милдети турат. Андан тышкары экономиканы туруктуу өнүктүрүү, жакырчылыкты жоюу жана 2020-жылга “өзүнө ток орто катмарды” куруусу парз. Буга партиянын көсөмү Ху Цзинтао курултайдын ачылышында көңүл бурган.

Азыр Кытайдын 1,5 миллиард калкынын 130 миллионго жакыны күнүнө 1 доллар 25 сентке жашаганга муктаж. Кытай дүйнөнүн экономикалык жактан экинчи кубаттуу мамлекети болсо да, жан башына өндүрүлгөн ички дүң жыйымы былтыр 5, 4 миң долларды түздү. Бул Казакстандагыдан эки эсе төмөн.

XS
SM
MD
LG