Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Кытайдагы зилзала 75 кишинин өмүрүн алды


Кытай -- Куткаруучулар имараттын урандыларынын арасынан адамдарды издөөдө. Диңси шаары, 22-июль, 2013.
Кытай -- Куткаруучулар имараттын урандыларынын арасынан адамдарды издөөдө. Диңси шаары, 22-июль, 2013.

Кытайдын түндүк-батышында эки жер титирөөдөн 75 кишинин өмүрү кыйылды. Гансу дубанындагы кырсыктан жараат алгандар жүздөп саналаары кабарланууда. Жердин силкингени токтобой, куткаруу иштери татаал болуп жатат.

Алгач Диңси шаарына жакын жерде дээрлик 6 баллдык жер титирөө катталганын АКШнын Геологиялык көзөмөл кызматы кабарлган эле. Кийин Кытай өкмөтүнүн зилзаланы көзөмөлдөө борбору жер титирөө 6.6 баллды түзүп, кийин кайра 5.6 баллдык жер титирөө болгондугун билдирди. Синхуа кабар агенттигине ылайык, зилзаланын чордону Гансунун борбору Ланжоудан 170 чакырымдай аралыкта болду.

Кытайдагы зилзала
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Мин ооданындагы фабриканын жумушчусу АФП агенттигине «жер аңтарылып кетчүдөй чайпалганда» сыркта чуркап чыккандыгын билдирди. «Биздин ишкана бир кабаттуу имаратта жайгашкан. Мен короого чыкканда биздин оодандагы эң бийик, 18 кабаттуу имараттын оңдон-солго ийрелеңдеп чайпалып жаткандыгын көрдүм», - дейт күбө.

Гансу дубанынын администрациясынын маалымдашынча, кырсыктан кийин жер дагы 370тей жолу солкулдады. Гансунун Жаңшиаң ооданында 400гө чукул үй кулап калды. Айрым аймактарда уюлдук телефон байланышы үзүлдү.

Ройтерс агенттиги шилтеме берген Миншиан ооданында жергиликтүү дарыгер «үйлөр кулаганда көп киши жарадар болгонун» айтты. Анын айтымында, көп айыл тургундары жол боюндагы ооруканаларга кайрылышууда.

Өзүнүн интернеттеги микроблогунда Диңси район өкмөтү 32 миллион доллар зыян келтирилгенин жазды.

Ушул эле жерден Кытайдын президенти да, өкмөт башчысы да Гансу дубанына телефон чалып, курмандыктарга көңүл айтып, куткаруу иштерин туура уюштуруунун зарылчылыгын баса белгилешти.

Ал эми Синхуа агенттигинин маалыматына ылайык, кырсык болгон аймакка 500дөй аскер, анын ичинде 120 куткаруучу жайгаштырылды.

Быйыл апрелде Сичуан дубанындагы 6.6 баллдык зилзаладан аз дегенде 160 кишинин өмүрү кыйылган.

Ал ами 2008-жылы Сичуанда каргашалуу зилзалада 90 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылып, миллиондогон адамдар үстүндөгү үйүнөн айрылган эле.

XS
SM
MD
LG