Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Орус-кытай келишими аргасыздыкпы?


Кытайдын президенти Си Цзинпин жана Орусия президенти Владимир Путин газ келишимине кол коюлганджан кийин тост көтөрүшүүдө. Шанхай, 21-май 2014
Кытайдын президенти Си Цзинпин жана Орусия президенти Владимир Путин газ келишимине кол коюлганджан кийин тост көтөрүшүүдө. Шанхай, 21-май 2014

21-майда Орусия жана Кытай газ келишимине кол койду. “Газпром” жана Кытай мамлекеттик мунай - газ компаниясы арасындагы келишимге ылайык, 30 жыл бою кытайлык керектөөчүлөр жылына 38 миллиард куб метр газ алып турушат.

2018-жылы ишке киргизилчү долбоордун суммасы жана газдын наркы “коммерциялык сыр” деп жарыяланган жок. Бирок “Газпромдун” башчысы Алексей Миллердин сөзүнө караганда, келишимдин жалпы наркы 400 млрд. доллар болот.

Президент Путиндин билдиришинче, долбоорду ишке киргизүү үчүн Орусия 55 миллиард доллар, Кытай 20 миллиард доллар капитал салат. Ал газдын баасы - Батыш европалык өнөктөштөр менен түзүлгөн мурдагы келишимдердей эле эки жакты тең канааттандырганын жана мунай менен мунай продуктуларынын баасына байланганын да айтты.

Өкмөттүк “Известия” гезитинин “Газпромдогу” расмий булактарга шилтеп жазышынча, 1 миң кубметр газдын баасы 350-380 долларды түзөт. Орусияга газ үчүн соңку эки жылда европалык керектөөчүлөр да ушул сумманы төлөшкөнүн Рейтер агенттиги кабарлады.

Америкалык эксперт Клиффорд Гэдди газдын баасы түрдүү компоненттердин негизинде аныкталгандыктан келишимде каралган шарттар жөнүндө толук билбей туруп, көгүлтүр отун үчүн Кытай тарап канча төлөрүн так айтуу мүмкүн эмес деди:

- Баасына караганда кредит үчүн төлөнчү акынын өлчөмүнө окшоп кетет же кредиттин суммаcы же алдын ала төлөнчү акчадай. Мунун ар бир элементи келишим жөнүндө кеңири билмейинче эч нерсени билгизбейт.

Клиффорд Гэдди АКШнын Брукинг институтунда эмгектенет. Орусиянын экономикасы боюнча адис.

Орусиянын энергетика министри Александр Новактын билдиришинче, жаңы келишимге жараша, Кытайга газ 4-5 жылдан кийин бериле баштайт. Демейде Орусия да, Кытай да чоң долбоорду аткарууга бел байласа жана ал үчүн жетерлик каражат бөлүнчө, аны каалаган мөөнөтүндө аткарат. Анын бир мисалы Сочи олимпиадасына тийиштүү курулуштар. Демек, долбоор зарылдыкка жараша ишке киргизилет дешет серепчилер.

“Газпромдун” маалымдашынча, газ Кытайга Чыгыш Сибирдеги эки кенден жөнөтүлгөндүктөн Европага газ сатууга таасир этпейт.

Талдоочулар газ келишими боюнча сүйлөшүү 10 жылдан бери жүрүп, анын баасы кол коюлардан бир күн мурда араң бычылганына жана ага Украина кризиси кезде кол коюлганына да көңүл бурушту. Анткени, “Газпром” "Киев газ үчүн карызын 1-июнга чейин төлөбөсө, көгүлтүр отун буулат" деп эскерткен болчу. Клиффорд Гэддинин пикиринде, сөз болуп жаткан келишим Кремлге пропаганда үчүн керек болчу:

- Орусиялыктар келишимге кол коюуга мажбур болуп жатканы айкын. Аларга келишим пропагандисттик максатта керек. Себеби, алар Батышка көз карандылыгынан альтернатива издешүүдө. Бул адилетсиздик дегенди билдирбейт. Бул кытайлыктар үстөмдүк кылып, бутка кишен салууда дегенди да түшүндүрбөйт.


Байкоочулар Орусия жана Кытай биринчи жолу аскердик-саясий кызматташуу багытында реалдуу кадамдарды жасашканына көңүл бурушту. Шанхайда эки тарап тең Батыштын Airbus жана Boeing концерндери жасаган учактар менен атаандаша алчу авиалайнерлерди, Амур дарыясын туташтырчу көпүрөнү курууну, аскерий-стратегиялык, аскердик-саясий кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.

Бул келишимдер, “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, Путинге Евразия экономикалык биримдигин бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле эки держава АКШ жана Европа менен экономикалык жактан атаандашуусуна көмөк болот. Себеби, ушу тапта Ак үй Украина кризисинен улам Орусияны экономикалык жактан изоляцияга алууга аракет кылууда. Буга удаа эле Кытайдын коңшу өлкөлөр менен болгон территория талашына жана кибершпионаж чатагына байланыштуу Вашингтон-Бээжин мамилеси курчуп турган чак деп жазат таасирлүү басылма.

XS
SM
MD
LG