Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Өзбекстан газ менен чек араны чечкиси барбы?


14-апрелден бери көгүлтүр отсуз калган Ошко газ качан берилээри дале белгисиз.

Орусиянын "Газпром" компаниясынын карамагына өтүп, жабылуу алдында турган «Кыргызгаздын» жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев 21-апрелдеги маалымат жыйынында ишкана “Газпромго” иш жүзүндө толугу менен өтө электигин, кыргыз тараптын карызы жок туруп эмне үчүн газды бууп салганын Өзбекстан алиге түшүндүрбөй жатканын билдирди.

Тургунбек Кулмурзаев маалымат жыйынында Өзбекстан Ошко газ берүүнү токтоткон күндөн тарта кыргыз тарап кабат-кабат кат жолдоп, өзү Ташкенге бир эмес, күнүнө үч жолу телефон чалып акмалап атканын да ачыктады:

- Тынбай телефон чалып жатабыз. Өзбекстандагы элчибиз Эмил Узакбаев менен да тыгыз иштешип жатабыз. Буга чейин вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин атынан кат жолдогон болсок, бүгүн эми өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атынан Өзбекстандын премьер-министринин наамына кат даярдап жатабыз. Жооп жок болуп жатат.

Кыргызстандын экинчи ири калаасы бир канча күндөп газсыз калышын "Кыргызгаздын" бечелдиги деп баалагандар да бар. Маселен, Оштогу “Антикризис” коомдук уюмунун жетекчиси Эркин Абдыразаков алдын-ала газ келишимдерин тактап, эки тараптуу мамлекеттик кепилдиктерге кол койдуруп алууга “Кыргызгазда” толук мүмкүнчүлүгү бар болчу деп эсептейт:

- Биздин өкмөт кошуналарды унутуп коюп эле Орусия менен үстөккө-босток келишимдерге барып жатат. Өзбекстан менен жок дегенде бир ай мурда такташып, кошумча келишимге кол койдуруп алуу зарыл эле

«Кыргызгаз» ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев болсо бул маселенин саясий өңүтүн да кыйытты. Ага Ташкендеги ишенимдүү булактар бекиген газдын ачкычы чек ара маселелеринен табылаарын шыбыраптыр:

- Ачыгын айтканда, биз ишенимдүү булактардан уктук. Алар газ маселесин Кыргызстан менен болгон чек ара маселелерине байлап жатат экен. Ал кандай маселе экенин мен так билбейт экенмин.

Чек ара демекчи, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара боюнча чечилбеген маселе бир топ. Өзбекстан газга байлап, бул маселени өз кызыкчылыгы үчүн чечкиси келген учурлар буга чейин деле болуп келгенин серепчилер айтып келишет.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Анварбек Мокеев «Узтрансгаз» да «Узбекнефтегаз» да кыргыз тарапты маалкатып жатканынын артында атайын саясат жатат деген пикирде:

- Мамлекеттик ишканалар болгондон кийин албетте жогорку жакты карашат. Алар мамлекеттин позициясына карап иш кылышат, Өзбекстанда тартип таптакыр башка.

Өзбекстандын газ аркылуу кысымга баруусу эч кимге жашыруун эместигин экономист Эркин Абдыразаков да белгилейт. Ал маселени жайгаруунун экинчи жолун Орусиядан издөөгө үндөйт. Себеби “Газпромдун” “Узбекнефтегаздагы” үлүшүнүн бир ууч газы Кыргызстандын түштүгүнө кеңири жетет:

- Өзбек газында Орусиянын олчойгон үлүшү бар. Анан биздин өкмөттүн катачылыгы, түштүк аймактарды ойлобой туруп эле республикалык бир келишим кылып салды. Өзбекстан Бажы биримдигине эч качан кирбейт. Демек Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү боюнча кысымын уланта берет.

Ош газ чарба башкармалыгынын 50 миңден ашуун абоненти бар.
Кыргызстан жылына Өзбекстандан 1 миллиардга жетпеген кубометр жаратылыш газын алат.

“Өзбекнефтегаз” эң көп өлчөмдө Орусияга газ сатат. “Газпром” ишканасы 2012-жылдын эсебинде эле Өзбекстандан 9 млрд. кубка жакын газды өндүрүп, ташып кеткен.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG