Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Маданий ыңкылаптын унутулган мааракеси


Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты. 16-май, 2016-жыл.
Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты. 16-май, 2016-жыл.

Ушул дүйшөмбүдө Кытайда “маданий ыңкылап” деп аталган саясий өнөктүк башталганына туура 50 жыл толду. Бирок расмий Бээжин өлкөнүн жаңы тарыхында кара так катары белгилүү жана Компартиянын ишмердигине көлөкө түшүргөн окуянын жарым кылымдык мааракесин дээрлик эстеген жок.

Кытайда маданий ыңкылаптын башталышы катары 1966-жылдын 16-майы эсептелет.

Мындан элүү жыл мурун ушул күнү Кытай Компартиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросу ал кездеги жолбашчы Мао Цзэдундун партиядагы, басма сөздөгү, илим менен маданияттагы оппоненттерине каршы атайын директива кабыл алган.

Тарыхчылардын көз карашында, он жылдан ашуун убакыт, 1976-жылга чейин уланган, Компартиянын ичиндеги “идеологиялык тазалык” үчүн деген жүйө менен жүргүзүлгөн өнөктүктүн башкы себеби - төрага Мао Цзэдундун саясий каршылаштарын жазалоо, бийликти бир колго кармоо мүдөөсү болгон.

1949-жылы азыркы Кытай эл республикасын негиздеген Мао анда жаштарды “ыңкылаптын духун сактап калууга”, “эски маданияттан арылууга” чакырган эле.

Маданий ыңкылаптын башталышы адегенде көптөр үчүн белгисиз жана түшүнүксүз кеткен.

Кытай: Маданий ыңкылаптын “мааракеси”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

​Кийинчерээк ал олуттуу кыянатчылыктар, бийликтин жогорку тепкичиндеги адамдардын кызматтан шыпырылуусу, массалык демонстрациялар, партия ичиндеги тайпалык күрөштөр менен коштолгон.

Батыш маалымат агенттиктеринин Бээжиндеги кабарчыларынын жазганына караганда, тарыхтагы кара так катары белгилүү маданий ыңкылап башталганынын 50 жылдыгы расмий эскерилген жок. Буга Кытайдын расмий басылмалары да эч кайрылышпады:

- Менимче, маданий ыңкылапты айыптоодон качуу же аны сыйлоо деген идеялардын өзү туура эмес. Биз, менимче, акыркы ондогон жылдарда тууралыгы далилдеген реформаларды жана ачыктык багытын уланта берүүбүз абзел. Эгер аны ишке ашырууда көйгөйлөр чыкса, биз аларды маданий ыңкылаптан сабак албастан туруп эле, баскыч-баскыч менен чече алабыз, - деди Рейтердин кабарчысы менен маегинде жеке менчиктеги “Маданий ыңкылап” музейинин ээси Фан Жиан Чуан.

Ал ачкан “Маданий ыңкылап” музейи борбор Бээжинде эмес, Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарында жайгашкан.

Маданий ыңкылап жылдары миллиондогон студенттер шаардан айылга "тарбия алуу үчүн" күч менен айдалган, алардын арасында азыркы президент Си Цзинпин да бар эле.

Жер-жерлерде өкмөттүн функциялары токтотулуп, узактан бери кызматта турган жетекчилердин фермаларда, фабрикаларда иштөөгө жөнөтүлгөнү же түрмөлөрдө отурганы башаламандыкка жана кыянатчылыктардын күчөшүнө салым кошкон.

Маданий ыңкылап жылдары Кытайда өлтүрүлгөндөр саны кеминде миллиондон ашуун, репрессияга кириптер болгондору бир нече миллион деп эсептелип жүрөт.

Акыры келип, 1976-жылдын 9-сентябрында Мао Цзэдундун дүйнөдөн өтүшү маданий ыңкылаптын да аякташы деп саналат.

Мао Цзэдундун Бээжиндеги мавзолейи.
Мао Цзэдундун Бээжиндеги мавзолейи.

1981-жылга барып, Дэн Сяопиндин жетекчилиги менен Кытай компартиясы кабыл алган документте маданий ыңкылап жылдары өлкө үчүн “катастрофалык ката” деп таанылган, бирок Мао Цзэдун көп жагынан реабилитацияланган болчу.

Анын сүрөтү азыр да Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянтында илинип турат жана улуттук акча – юанга түшүрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG