Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Чолпон: Англис тилин үйдөн окуп үйрөндүм


Чолпон Айылчиева
Чолпон Айылчиева

Чолпон Айылчиева учурда Франциянын Реймс шаарындагы Саясий изилдөөлөр университетинде окуп жатат. Ал өзү туулуп-өскөн алыскы Ат-Башыда англис тилин өз алдынча үйрөнүп, бир кезде "Азаттык плюстун" каарманы болгон эле.

"Азаттык": Францияга кандайча келип калдыңыз? Кепти ошондон баштасаңыз.

Чолпон Айылчиева: Францияга студенттерди алмашуу программасы аркылуу үч айга, тагыраак айтканда, бир семестр окуганы келдим. Өзүм Борбор Азиядагы Америка университетинин Эл аралык катнаштар факультетинде үчүнчү курста окуйм.

Окуу жайыбызда атайын сынак өткөрүлгөн эле, мен да ага катышып, Франциядагы Science Po университетинде билим алууга мүмкүнчүлүк алдым. Францияда билим деңгээли аябай жогору экен. Башка өлкөлөрдөн келген студенттер менен таанышып, пикир алмашып билимимди жогорулатып атам. Сабактарым англис, немис, француз тилдеринде өтөт.

"Азаттык": Мындан төрт жыл мурда "Азаттык+" жаштар командасы Ат-Башыга барып, ата-энеңиз тууралуу сюжет тарткан. Анда биздин телекөрүүчүлөр сизди англис тилин өз алдынча үйрөнүп, туристтер менен кенен баарлашып жүргөн айылдык мектеп окуучусу катары таанып калышкан. Жогорку окуу жайга өтүүгө ошол эле айылдан өз алдынча үйрөнгөн тилиңиз жетиштүү болдубу?

Чолпон Айылчиева: Ооба, анда мен 16 жашта элем, 9-классты бүткөн болчумун. Кийин деле өз алдымча мүмкүнчүлүгүмө жараша англисче китептерди окуй бердим.

Он биринчи классты аяктап, Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырдым. Бирок өтпөй калдым. Анткени мен айылдан англисчени өз алдымча үйрөнүп, мектепте деле жетиштүү билим берилбегендиктен оозеки жакшы сүйлөй алганым менен, грамматикам аябай начар эле.

Ошентип, университеттин алдындагы даярдоо курсуна кирип, бир жыл окудум. Ал жактан деле оңой болду деп айта албайм. Анткени мени менен окугандардын баары англис тилинде мыкты билишчү, орус тилден да бир топ эле кыйналдым. Ошентип алардан эки эсе көп окуп, эки эсе көп аракет кылганга туура келди. Даярдоо курсунан кийин биринчи курска тест тапшырып өтүп кеттим.

"Азаттык": Сизге англис тилин үйрөнүүгө келген туристтер эле түрткү болдубу же башка дагы себептери барбы?

Чолпон Айылчиева: Алардан башка мага атам да дем берди. Атам Сабырбек Айылчиев 45 жашында англис тилин үйрөнө баштаганын көрүп, мен да бул тилди тереңдеп окууга кириштим. “Азаттык+” тартып кеткенде атам аз-маз эле билчү, азыр кадыресе жакшы сүйлөп калды. Эми француз тилин үйрөнүүгө киришти. Апам да англисчени үйрөнүп жүрөт. Ата-энем дагы эле ошол туризм жаатында эмгектенип, чет элдик конокторду тейлешет. Быйыл чоң фирма ачып, бир аз кеңейтип, расмийлештирип алышты.

Чолпондун атасы Сабырбек, апасы Калиман.
Чолпондун атасы Сабырбек, апасы Калиман.

"Азаттык": Демек тил үйрөнүүгө эч нерсе жолтоо эмес экен да? Көп жаштар окуу куралдары жок, же болбосо алыскы айылда тил үйрөнүүгө шарт жок деген шылтоо менен аракеттенишпейт эмеспи.

Чолпон Айылчиева: Менимче бардык нерсе адамдын өзүнөн, анын каалоосунан. Аракеттенсек бардык нерсе колубуздан келет. Айтып коюшат го “Байлыктын баары жакшы, бактысы билим” деп, ошол сыңары байлык, бийлик же болбосо башка бир нерселерге умтулбай билимге көп маани бериш керек, көбүрөөк окуганга умтулуш керек.

Мага деле оңой болгон жок, Бишкекке келгенде өтө кыйналдым. Бирок төрт саат уктап, тырышып окуп, өз группалаштарымдын деңгээлине жеттим. Максат коюп, аракеттенип иш кылсаң ага сөзсүз жетесиң. Менин бул жакка келип окуп атканым деле ошол өзүмдүн эмгегимдин үзүрү деп ойлойм. Келечекте ата-энемдин фирмасын дагы өнүктүрүп, андан соң өзүм Эл аралык катнаштар багытында окуп жаткандан кийин Кыргызстанга салымымды кошсом, өз кесибим боюнча иштесем деген тилегим бар.

“Азаттык плюстун" мен жөнүндө тарткан берүүсү да жашоомо жакшы таасирин тийгизди. Көргөн адамдар мени таанышып, “баягы кичине кыз” деп мактап бир топ шык беришти десем болот. Ошол программаны кийин Кыргызстанда жүргөн Германиянын жараны көрүптүр, берүүдө мен немис тилин үйрөнгүм келет деп айттым эле. Ал адам мени интернеттен таап, Германиядан китептерди салып жибериптир.

Тасмада: Чолпон тууралуу берүү

Боз үйгө WELCOME! 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG