Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:56

"Чоңдор үчүн Сибирден чучук, казы-карта алдырчубуз"


"Чоңдор үчүн Сибирден казы-карта алдырчубуз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:14 0:00

"Чоңдор үчүн Сибирден казы-карта алдырчубуз"

“Бийлик сырларынын” бул жолку коногу коомдук ишмер, Кыргызстандын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков болду.

Ал маегинде мамлекеттик резиденцияда кимдер жашаганын, аларга көрүлгөн камкордуктар, жеңилдиктер, тартип-эрежелер, аны бузгандар, чоңдордун байбичелеринин мамилеси, Усубалиевдин Айтматовду конок кылганы ж.б. окуялар тууралуу кеп кылат.

- Дөөлөтбек агай, сиз совет заманында мамлекеттик резиденцияда жетекчи болуп иштеп турган мезгилде ал жерде кимдер, кайсы кызматты ээлегендер жашачу эле?

- Ал жакта Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы жана анын экинчи, үчүнчү катчылары, Министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку Советтин төрагасы, өкмөт башчынын төрт орун басары, КГБнын төрагасы, финансы министри Токтоналиев, пландоо комитенинин төрагасы Бегалиев, Кыргызстан Коммунисттик партиянын бюро мүчөсү катары республикалык профсоюздун төрагасы Эмилбек Абакиров жашаган.

- Жогорку Соттун төрагасы жашачу беле?

- Жок, ага үй берилген эмес.

- Сиз айтып отурган кызмат адамдары ал жакта бекер турушчу деп калышат.

- Жок, андай эмес. Биз алардын ар бирине тиешелүү дача үйлөрдү бөлүштүрүп берчүбүз. Бардык коммуналдык төлөмдөрдү өздөрүнүн эсептеринен төлөшкөн. Бир жолу Төрөбай Кулатовичтин (Жогорку Советтин мурдагы төрагасы) төлөмдөрү төгүлбөй калып, байбичеси Салима эже абдан ыңгайсыз абалда калганын билем. Көрсө, ал киши ала турган айлыгын айылдан келгендерге жол кире, ж.б. жардам катары берип жибергендиктен, колунда акча калбай калат тура. Ошентип бир жолу Жогорку Советтин эсебинен төлөткөнбүз.

- Ошол резиденцияда жашаган чоңдор жумуштан кийин бири-биринин үйлөрүнө барып-келип, чай ичишчү беле?

- Андай жеке жолугушуулар, катташуулар болчу эмес. Бир иш чаранын соңунда, же сырттан коноктор келип калганда чай үстүндө жолугушуп, чогулуп калышчу. Кээде Гүлжекен Ниязалиевна (Турдакун Усубалиевдин байбичеси) ал күйөөсү иш сапары менен сыртта жүргөндө башка чоңдордун аялдарын чогултуп, чай ичип баарлашкан учурлар болгон. Резиденцияда азык-түлүк жана өнөр жай товарларынын дүкөндөрү бар эле. Ал жерде жалаң аялдары келип соода кылышкан. Ошондо да баштары биригип, кенен отуруп, аңгемелешип калышаар эле.

- Дөөлөтбек ага, мамлекеттик дачада жашаган жетекчилер үчүн бир канча баш саан уйлар саалып, жаш букалар бордоп семиртилип, бээлер байланып кымыз саап берилчү экен, ушул чынбы?

- Ал чын, дачанын өзүнчө жашылча-жемиш бакчасы, мал, жылкыларды кармаган атайын чарбасы, канаттуулар фермасы бар эле. Өндүрүлгөн продукциялар жеке эле ал жерде жашагандарга эле эмес, компартиянын бюро мүчөлөрүнө, министрлерге, персоналдык пенсионерлерге, республикалык журналисттерге, дачанын кызматкерлерине, куруучуларына жана башка бир топ адамдарга берилген.

Аптанын биз белгилеген күнүндө жогоруда айткан дүкөнгө келип, бөлүнгөн норма боюнча алып кетишкен. Мисалы, эки килограммдан эт берилчү. Жумасына 40 тоннадай эт сатылган. Майрамдарда 2-3 жылкыдан сойчубуз. Мындан сырткары, биз тонналап бал өндүрчүбүз, жаңгак даярдалган. Казактар менен байланышып, “кабырга чучук” алдыртаар элем. Алар бизден күрүч, ичимдик алышкан. Бизден чыккан ичимдиктер өтүмдүү эле, дайыма сурап турушчу.

- “Кабырга чучук” демекчи, Новосибирск облусунан 30 тонна жылкынын ич эттерин: карын, карта, казы, жал алдыртып жешкен деп угуп калдым. Ушундай болгонбу?

- Ал мындай болгон: Новосибирск облусунун жетекчиси бизге конокко келип калды. Казы-карта, чучук, Таластын гүлчөтайын жасатып, коноктодук. Тамагыбыз абдан жакты, “бул эмненин эти” деп калды. Биз “баары жылкынын ич эттери” деп айтсак, “буларды биз ыргытып жатпайбызбы” деп таң калды. Соңунда биз макулдаштык, жылкынын ич эттерин биз алабыз, аларга жашылча-жемиш бере турган болдук. Ошентип бир кишини Сибирге атайын жиберип, 30 тоннадай эт алдырганбыз.


- Дөөлөтбек ага, чет өлкөдөн келген жетекчилерди, конокторду тоскондо кимиси эсиңизде калды?

- Кыргызстан компартиясынын 60 жылдыгына Индиянын премьер-министри Ражив Ганди келгендеги эч эсимден кетпейт. Өзү анда 41 жаштагы жигит экен, аялы Соня, уул-кызы болуп келген. Атайын даярдалган резиденцияда кыргыздын сыйын жасаганбыз. Кечинде улуттук маданиятыбызды чагылдырган кино көрсөттүк. “Боз үй кантип жасалат, кантип тигилет” деп абдан кызыкты, көп суроолорду берди. Эртеси Ысык-Көлгө учуп баратып да сый көрсөттүк. Абдан ыраазы болуп кеткен.

- Баарыбызга белгилүү мамлекттик резиденциялар Бишкекте, Ошто, Чолпон-Атадан бар. Усубалиевдин учурунда ар бир райондо ал кишиге арналып курулган чакан дачалар болгон деп калышат, ушундай болгонбу?

- Ооба, сиз айтып өткөн үч жерде расмий резиденциялар бар. Оштогу чакан эле. Ал эми ар бир райондо болгон эмес.

- Токмоктун жанында чоңдор аң уулай турган аймак болгону чынбы?

- Илгери Ирандын шахы келгенде Токмоктун жанындагы кайтарылган аймакта (заказник) досторкон жайылып коноктошкон экен. Ошондон кийин ал жерди кичинеден өнүктүрө башташкан. Ал жерде көбүнчө кыргоолдор кое берилген. Четтен келген конокторду ошол кыргоолдорго эле алып барып, аттырып көрүп, сейилдетишчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG