Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

ММК: Мубарак ажал алдында жатат


Египеттин экс-президенти Хосни Мубарактын абалы жөнүндө азыр түрдүү карама-каршы кабарлар түшүп жатат.

Египеттеги MENA мамлекеттик маалымат агенттиги 84 жаштагы Мубарак түрмөдөгү ооруканадан аскерий гостипалга көчүрүлүп жатканда кыска мөөнөткө жүрөгү токтоп калганын, бир кетип келгенин кабарлады.

Бирок соңку кабарларга караганда, экс-президент комага түшүп, азыр жасалма дем алдыргыч аппарат менен жатат.

Мамлекеттик телеканал болсо Мубарактын жүрөгү бир нече секундага сокпой калганда догдурлар аны кайрадан ишке келтириш үчүн дефибриллятор колдонушканын билдирди.

Жумурияттын аскерий кеңешинин мүчөсү, генерал-майор Мохсен эл-Фангари Al-Shorouk интернет басылмасына сүйлөп, Мубарак чындап эле “өтө оор абалда” экенин, бирок ал өлгөнү жөнүндө кабар жалган экенин айтты.

Азыр экс-президенттин жанында жубайы Сюзанна бар.

Оорукананын алдына Мубарактын тарапкерлери да чогулушту. Алардын бири Заки Мухаммед “Рейтер” агенттигине сүйлөп жатып: "Президент эгер тирүү болсо, ага Кудай дагы узак өмүр берсин. Эгер көзү өтүп кеткен болсо, анын жаны бейиштен жай алсын, - деди. - Ал мамлекетибизге көп жакшы иштерди жасады, биз аларды унутпайбыз. Ал аскерий адам эле, согуш аркылуу күч менен эле кетиришти. Ал бизге көп жакшылык кылды. Ошон үчүн аны эч унутпайбыз".

Бирок эл ичинде андан тажагандар да, кээде көп кылмыштар үчүн айыптагандар аз эмес. Каирдин тургуну Адел Морад Тахрир аянтында сүйлөп жатып: "Бизге андан же үй-бүлөсүнөн эч нерсенин кереги жок. Бизди эми тынч коюп, жок болушун эле каалайбыз, аябай андан чарчадык, - деди. - Эми мамлекетибизди жакшы адамдар башкарса дейбиз. Биз жөн гана тынчтыкта татыктуу жашагыбыз келет. Өзүбүздүн ар-намысыбызды кайтарып, эркиндикте гана жашоону каалайбыз".

Нааразылыктар

Египетти 30 жылдай башкарган Хосни Мубарак былтыр бийликтен кулатылган.

Ушул айдын башында ал “араб жазындагы” элдик толкундоолордо демонстранттардын өлүмү үчүн соттолуп, өмүр бою түрмөгө кесилген.

Акыркы бир жылда экс-президенттин ден-соолугу кескин начарлап кеткен, сот залына аны араба менен алып киришкен эле.

Мубарактын ден-соолугу тууралуу соңку карама-каршы жаңылыктар өлкөдө аскерий эмес, жарандык президентти шайлоо боюнча да абал чыңалып турганда түшүп жатат.

Экс-президенттин “Мусулман агайындар” кыймылындагы узак убакыттан берки оппоненттери өткөн дем алыш күндөрдөгү шайлоонун экинчи айлампасында алардын талапкери утканын жарыялашты.

Бирок Мубарактын акыркы өкмөтүн башкарган Ахмед Шафик да шайлоодо жеңгенин билдирип жатат. Анткен менен добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы азырынча чыга элек, шайлоо комиссиясы аны эртең жарыялайт.

“Мусулман агайындар” ал арада он миңдеген элди Каирдеги Тахрир аянтына чогултуп, өлкөнү башкарган Аскерий кеңештин соңку чечимине каршылык билдирүүдө.

Бул кеңешке кирген генералдар өткөн аптанын этегинде парламентти таркатып, мыйзам чыгаруу бийлигинин укуктарын өзүнө алганын жарыялаган болчу.

Активисттер бул чечимди “аскерий төңкөрүш” деп аташты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG