Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:22 12.5.2020

Бишкек: COVID-19 «Фрунзе» дүкөнүнүн сатуучусунан табылды

Бишкекте «Фрунзе» гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты 12-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкектеги «Vefa» соода борборунун «Фрунзе» гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жугузуп алганы жөнүндө маалымат чынбы?», - деген суроого ал:

«Ал - өзү кайрылган бейтаптардын бири. Оорунун белгилерин байкап, Санэпидкөзөмөл борборуна кайрылган экен. Ошол жерден лабораториядан текшергенде тастыкталган. Азыр ооруканада дарыланып жатат», - деп жооп берди.

Министрликтин маалыматына караганда, ошол гипермаркетте иштеген кызматкерлердин баарынын анализи алынып, медициналык көзөмөл жүрүп жатат.

Коронавируска байланыштуу шаардагы айрым дүкөндөр жабылып, ири маркеттер гана үзгүлтүксүз иштеп жатат. Оору чыккан алгачкы убакта анда иштегендер, кассадагы сатуучулар беткап, атайын костюм кийип чыгып жатышкан. Бирок кийинки кезде андай коргонуу чаралары көрүлбөй калган.

15:20 12.5.2020

Уханда коронавирус илдети бир нече кишиден табылды

Коронавирус илдети алгач тараган Кытайдын Ухань шаарынан жана Гирин провинциясынан кайрадан бул вирус бир нече кишиден аныкталды.

Би-Би-Синин маалыматына ылайык, дүйшөмбүдө Уханда коронавирус илдетин жугузуп алган беш киши белгилүү болду. 3-апрелден бери 10-май, жекшембиде алгачкы жолу COVID-19 илдети кайрадан катталды. Шаар бийлиги инфекциясынын очогу болгон чакан квартал бар экенин билдирди.

Учурда Ухань шаарынын бийлиги тургундардын баарынан коровируска жапырт тест алганы жатат. Бул тууралуу "Reuters" маалымат агенттиги ишенимдүү булагына таянып кабарлады. Ага ылайык, жапырт тест 10 күндүн ичинде ишке ашмакчы.

Кытай акыркы жумада эпидемиянын жайылышы басаңдагандыктан карантиндик чараларды кыйла жумшартты. Ал эми Ухань шаарында карантин апрелдин башында алынган болчу.

Кытайдын медициналык органдарынын башчылары жана эксперттер карантиндик чектөөлөр алынып, жарандар кадимки жашоого кайткандан кийин илдет жукккандар көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ жана бир катар батыш өлкөлөрү Бээжинди ооругандардын жана ажал тапкан адамдардын чыныгы санын жашырат деп сындашкан. Кытай мындай дооматтарды четке кагат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 4,1 миллиондон ашык адамга жукту. Илдеттен 286 миңден көп киши көз жумду.

15:19 12.5.2020

Нарын: Төрөт үйүнүн алты кызматкери коронавируска чалдыкты

Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 12-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал медицина кызматкерлерине оорунун жугушуна санитардык-эпидемиологиялык шарттар сакталбаганы себеп болгонун айтты:

«Коргонуу чараларын сактабагандык, этибар албагандык».

Жалпысынан соңку бир сутка ичинде Нарын облусунда COVID-19 жети адамдан табылды.

12-майга карата Кыргызстанда 241 медицина кызматкерине вирус жукту, алардын ичинен 186 адам айыгып чыкты.

Ал эми республика боюнча 12-майга карата коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 709 адам.

15:18 12.5.2020

Коронавирус: 21 адам жаңы катталды

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 21 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ону Бишкекте, бирөө Чүй облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда жана жетөө Нарын облусунда.

Үсөнбаев «21 учурдун үчөө чет жактан келген жарандар: бирөө - Дубайдан, экөө - Орусиядан. Үчөө Чаткал районундагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен табылды. Нарын облусунда жети учур катталды, алардын алтоо - облустук төрөт үйүндө иштеген кызматкерлер. «Семетей» обсерваторунан бир учур катталып чыкты», - деди.

Бир суткада 21 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 12-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 709.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG