Вирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 235ке жетти
Вирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 235ке жетти, алардын үчөө соңку суткада Бишкекте аныкталды. Бул тууралуу 11-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал «министрлик ооруган медицина кызматкерлери тууралуу маалыматты жашырып жатат» деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын айтты:
«Жаап-жашыруу дегенди башынан эле колдонбойбуз. Анын эч кажети да жок. Себеби маалымат кайра тез эле чыгат. Медицина кызматкерлери иштеп жатат. Тастыкталган учур болсо стационарга алып келип, дарылашыбыз керек. Үйдө жатып дарылануу кейиштүү формага алып келерин дарыгерлер жакшы билет».
11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду (бирөө медицина кызматкери). Айыгып чыккандар 688 адам, алардын 180и медицина кызматкери.
Бишкекте №17, №14, №13 жана №3 бейтапканаларынын, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринен коронавирус табылган.
Коронавирус: 14 адам жаңы катталды, 13 бейтап айыгып чыкты (видео)
Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 14 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын алтоо Бишкек шаарында, ал эми Чүй, Баткен облустарында бирден, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында экиден адам.
Бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Айрым мекеме-ишканаларга акырындап уруксат бериле баштады. Жеке автотранспорт менен жүрүүгө уруксат бар, коомдук транспорт иштей элек.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу Канн фестивалы болбой калды
Францияда Канн фестивалы буга чейин белгиленген мөөнөттө өтпөй турганы жарыяланды. 12-майда өтөрү белгиленген Канн фестивалы коронавируска байланыштуу июнь айына жылдырылган болчу. Жекшемби күнү уюштуруучулар фестиваль июнь айында да өтпөй калганын жарыялашты.
Фестивалдын программасы, анын сынакка байланыштуу, сынактан сырткары иш-чаралары кандай болору азырынча белгисиз. Айрымдар фестиваль октябрь айында десе, кээ бири 2021-жылы өткөрүлөт деп божомолдоп жатышат.
Канн фестивалы - короновирустан улам кийинкиге жылдырылган дүйнөдөгү ири маданий жана спорттук иш-чаралардын бири гана. Буга чейин «Евровидение» ыр сынагы да 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй турганы белгилүү болсо, Европа футбол чемпионаты 2021-жылга калган.
Уруксат бериле элек жайлардын көбү соода жана тейлөө тармагында
Кыргызстанда 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди, дагы айрым тармактар азырынча жабык турат. Алар негизинен соода-сатыкка жана тейлөөгө байланыштуу жайлар.
Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, 21-майга чейин иштөөгө уруксаты жоктор төмөнкүлөр:
- Мамкаттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору,
- Бут кийим оңдоо жайлары,
- Эмерек жасоо жана оңдоо,
- Соода борборлору,
- Кийим-кече саткан базарлар жана дүкөндөр,
- Автомашина сатылуучу базарлар,
- Жеке репетитор кызматы,
- Менчик үй-бүлөлүк мончо кызматы жана SPA-борборлор.
Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр бара-бара алынууда.
11-майдан тартып микрофинансылык уюмдарга, камсыздандыруу компанияларына, акча алмаштыруу жайларына, ломбарддарга, кыймылсыз мүлк агенттиктерине, адвокаттык кеңселерге, басма кызматтарына, техникалык тейлөө тармагына, курулуш, авто, тигүү материалдары сатылуучу дүкөн жана базарларга, автосалондорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына уруксат берилди.
Ушул эле күндөн тартып айрым аймактарда киргизилген өзгөчө абал режими токтотулуп, өзгөчө кырдаал калтырылды, коменданттык саат тартиби токтоду.
Мурда пландалгандай, автобус-троллейбустар 11-майда чыккан жок. Муну бийлик коронавирустун жайылуу коркунучу дагы эле чоң болуп жатканы менен түшүндүрдү.
Билим берүү жайлары да жабык турат. Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуу 4-майда башталып, азыр жүрүп жатат, предметтик тесттерди тапшыруу 21-июндан 25-июнга чейин эки этапта өтөт.
11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар 688 адам. (RK)