Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:05 12.5.2020

Тажикстанда COVID-19дан ажал тапкандардын саны 21ге жетти

Тажикстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус жугузуп алган дагы 49 адам аныкталды жана ооругандардын жалпы саны 661 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен жалпысынан 21 адам мерт болгонун билдирди.

Мунун алдында Интернетте Тажикстанда коронавирустан ажал тапты деген адамдардын кошумча, бейрасмий тизмеси пайда болгон жана анда каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.

Бул тизмеде маркум жарандардын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн жана оорусунун таржымалы учкай жазылган. Бул Интернет-порталды түзгөндөр мындай маалыматтардын баары ачык булактардан алынганын билдиришкен жана Саламаттык сактоо министрлигин "илдеттен көз жумган адамдар тууралуу маалыматты жашырып жатат" деп айыпташкан.

Күч органдары буга чейин коронавируска байланыштуу такталбаган маалымат тараткандар жазалана турганын эскертишкен.

Тажик бийлиги узак убакыт бою өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин бышыктабай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдаган.

15:32 12.5.2020

Самат Калыков: Абакта коронавирус жок

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө коронавирустун алдын алуу боюнча чаралар көрүлгөнүн айтууда. Ал муну мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тууралуу маалымат берип жатып билдирди:

"Коронавируска текшеребиз. Биздин "коронавирус жок" дегенибизге ишенбей жатышпайбы. ПЦР анализ алып, оорусу жок экенин көрсөтөбүз. ЖАМК тутумунда коронавирус жок. Тескерисинче, түрмөлөр азыр эң корголгон жер болууда. Муну соттолгондор өзүлөрү да айтып жатышат".

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 30-апрелде карантин эрежелерине карабастан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков колонияга которулуп, анын коопсуздугуна коркунуч жаралганын кабарлаган.

Бир нече күн мурда №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылганы расмий айтылган.

15:27 12.5.2020

Орусия илдет жуккандардын саны жагынан АКШдан кийинки орунга чыкты

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу кабарды ал ТАСС маалымат агенттигине ырастады.

Өткөн айдын аягында орус премьер-министри Михаил Мишустинге да коронавирус жукканы белгилүү болгон. Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлгөн.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Орусия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Акыркы бир күн ичинде бул өлкөдө сөз болуп жаткан илдеттен 107 адам жан берди, ооругандардын жалпы саны 2116 миң киши болду. Жалпысынан 43,5 миңдей киши айыкты.

Президент Владимир Путин 11-майда Орусияда жалпы иш эмес күндөрдүн мөөнөтү мындан ары узарбай турганын айткан жана карантин чараларын жумшартууга байланыштуу ар бир аймактын бийлиги өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген.

Ал арада Санкт-Петербургда коронавируска чалдыккандар дарыланып жаткан ооруканада өрт чыгып, беш адам каза тапты. "Тилсиз жоо" Ыйык Георгий атындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө шейшемби таңда тутанган. Алдын-ала маалыматка караганда, өрттүн чыгышына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын ишиндеги мүчүлүштүк себеп болгон.

"ТАСС" маалымат агенттиги каза болгондордун баары коронавирустан жабыркап, аппараттын жардамы менен дем алып жаткандар болгонун жазды. 150дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

9-майда Москвада COVID-19дан дарылангандар жаткан ооруканада өрт чыгып, бир аял каза тапкан.

Петербург коронавирус жуктургандардын саны боюнча Орусияда үчүнчү орунда турат. 12-майга карата ал жакта бул инфекция менен ооругандардын саны 7700дөн ашты.

15:24 12.5.2020

Иран мечиттерин убактылуу ачат

Бул тууралуу IRIB мамлекеттик маалымат агенттиги Ислам өнүктүрүү уюмунун башчысы Мухаммед Комиге шилтеме кылып жазды. Кийинчерээк Коми мечиттер Рамазан айындагы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген түндөргө арналган убакта гана, 12-майдан тартып үч эле күн ачык болорун билдирди.

Иран - Жакынкы Чыгышта коронавируска байланыштуу кыйын абалга кабылган өлкө. Өлкө бийлиги АКШнын санкциясынын айынан жабыркаган экономикасын жандандыруу максатында 11-апрелден тартып карантин эрежелерин жумшарта баштаган.

8-майдан баштап өлкөнүн 180 шаар-кыштактарында мечиттерде жума намаз окуугу уруксат берилген. Президент Хасан Роухани 10-майда эмки аптадан тартып мектептер ачыларын билдирген. Тегеран эл аралык сапарларга салынган тыюуну да алып салган жана ири соода борборлору кайра ачылган.

Иранда соңку маалымат боюнча COVID-19ду 110 миңге чукул адам жугузуп алды жана илдеттен 6700дөй киши көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG