ЖАМКтын төрт кызматкери коронавирус жуктуруп алган
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-майда брифингде билдиргенине караганда, алардын ичинен бирөө Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери, калганы түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери:
"Алар учурда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жатат".
Үсөнбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан күч түзүмдөрүнүн 65 кызматкери коронавирус илдетин жуктурган, алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери.
Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде коронавирус жуккан 21 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 17-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен он адам - Санкт-Петербургдагы аскер лицейинин курсанттары. Алар 16-майга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын ичинен аныкталды.
Булардан тышкары дагы 11 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын экөө Бишкекте, Чүй облусунда үчөө, алты адам Нарында. Жаңыдан ооруга чалдыккандардын ичинен беш адам медицина кызматкери. Үчөө Нарындагы төрөт үйүнүн медайымдары, экөө аскер госпиталынын кызматкерлери. Жалпысынан ооруга чалдыккан 253 медицина кызматкердин 200ү айыгып, ишине кайтты. Ушуну менен 17-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1138 учур катталды.
Акыркы суткада 21 адам оорудан айыгып чыкты. Жалпысынан коронавирустан 804 адам сакайды. 14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.
Ушул тапта 320 адам стационарда жатат. 12 адам оор абалда. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
17-май, Бишкек убактысы боюнча саат таңкы 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 4 704 000 (+99 000, мурунку суткага караганда 5% аз).
Көз жумгандар: 312 000 (+5000, мурунку суткадагыдай)
Айыккандар: 1 802 000 (+63 000, мурунку суткага караганда бир жарым эсе көп)
Ооруп жаткандар – 2 589 000. Алардын ичинен 2 545 000 бейтаптын абалы орточо оор, 44 750 (2%) – оор же өтө оор абалда жаткандар. Соңку жети күндө мындай бейтаптардын саны азайып баратат.
Соңку 22 сааттагы көрсөткүч:
- АКШ: 17 728 (төмөндөө)
- Бразилия: 9696 (өсүү)
- Орусия: 9200
- Индия: 4864 (өсүү)
- Перу: 4046 (өсүү)
- Британия: 3450 (төмөндөө)
- Сауд Аравиямы : 2840
- Мексика: 2437
- Испания: 2138 (төмөндөө)
...
- Италия: 875 (өсүү)...
- Казакстан: 161
- Өзбекстан: 52
- Тажикстан: 204
- Кыргызстан: 6
Көз жумгандар:
- АКШ: 892 (төмөндөө
- Бразилия: 507 (өсүү)
- Британия: 468 (өсүү)
- Мексика: 290 (өсүү)
- Италия: 153 (төмөндөө)
- Перу: 131 (өсүү)
- Орусия: 119 (өсүү)
...
- Казакстан: 0
- Өзбекстан: 0
- Тажикстан: 3
- Кыргызстан: 0
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.
16-майдан 17-майга караган түнү Австрия Чехия, Венгрия жана Словакия менен чек арасын ачты.
Бул тууралуу Австриянын ички иштер министрлиги билдирди. Австриянын бийлиги мындай кадамга адамдардын, айрыкча бир өлкөнүн чек арасынан экинчисине өтүп иштегендердин кыймылын жеңилдетүү үчүн барганын билдирди.
Австриянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө «Чек арада текшерүү тандоо иретинде жүргүзүлүп, ар бир айдоочу токтотулбайт» деп айтылат
Орусиядан 156 кыргызстандык кайтып келди
16-майга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан чартердик учак менен 156 кыргызстандык келди. Келгендердин баары коопсуздук максатында "Манас" аэропортунун учуу тилкесинен эле текшерүүдөн өткөрүлүп, COVID-19 вирусуна ПЦР- диагностикага анализ тапшырышты. Андан кийин обсервацияга жиберилди.
Буга чейин Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен келген 519 адамдын 56сы коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, ооруканага жаткырылган.
Учурда Оренбург - Самара кан жолунун боюнда дагы 500дөн ашуун Кыргызстандын жараны чатырларда, машинелерде же ачык асман алдында эле түнөп жатат. Алар Орусиянын аймагынан чыгып, мекенине жетүүнү суранышууда.
16-майда Орусиянын 83 аймагында, аннексияланган Крымды кошо эсептегенде 9200 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө жалпысынан 272 миң адам оору жуктуруп алган. 63 166 адам сакайып чыкты. 2537 адам илдеттен көз жумду.