Тажикстанда коронавирус дагы 204 адамдан табылды, Өзбекстанда карантин узартылды
Тажикстанда 16-майда саат 17:30га карата дагы 204 кишиден коронавирус табылганын бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ошону менен вирус жуктургандардын жалпы саны 1322 кишиге жетти.
Акыркы бир сутка ичинде илдеттен үч киши каза тапты, өлгөндөрдүн жалпы саны 36 болду.
Жергиликтүү тургундар жана көз карандысыз эксперттер бул расмий маалымат ишенич жаратпай турганын, социалдык тармактарда жакындарын жоготкондор, туугандары оор абалда жаткандардын кабарлары, видеолору жайнап кеткенин айтышат.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Махмадтоир Зокирзода жаңы вирустан айыгып чыкканын кабарлады.
30-апрелге чейин өлкөдө коронавирус жок деп кайталап келген тажик бийликтери коомчулуктун басымы алдында ДССУнун эксперттер тобун чакырып, мамлекеттеги эпидемиологиялык абалды иликтеп берүүнү өтүнгөн. Эл аралык адистер тобу өз байкоолорун жакынкы күндөрү жарыялары күтүлүүдө.
Тажикстанда жалпы улуттук карантин жарыяланган эмес. Апрелдин акыркы күнү алгачкы оорулуулар расмий катталгандан кийин орто мектептер августтун ортосуна чейин эс алууга жабылып, массалык иш чараларга чектөө киргизилген. Көпчүлүк мекеме, ишканалар кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөрүп, катардагы тургундар өз алдынча вирустан коргонуу чараларын көрүп жатышат.
Ал эми Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды. Бирок 15-майдан тарта айрым ишканаларга ишин жандандырууга уруксат берилгени кабарланды. Өкмөттүн атайын комиссиясынын маалыматына караганда, Өзбекстанда 2652 адам коронавирус жуктуруп алган, 11 киши илдеттен кайтыш болду.
Коңшулаш Казакстанда коомдук транспорттун жүрүү убактысы эки саатка узартылды. Нур-Султан шаарында автобустар саат 6:00-22:00 чейин жүрөт. Казакстанда өзгөчө абал 11-майдан тартып алынган, бирок эпидемиологиялык кырдаалга жараша карантин улана берет.
Казакстанда 5850 адам COVID-19 жуктуруп алган, 34 киши илдеттен көз жумган.
Оксфорддун вакцинасы сыноодо
Оксфорд университетинин окумуштуулары иштеп чыккан коронавирустун вакцинасы алты маймылга сайылды.
“Evening Standard” гезити маалымдагандай, эмдөөнүн таасири 14 күндөн кийин байкалганын, вакцина маймылдын өпкөсүнүн клеткасын калыбына келтирип, 28 күндөн кийин антитело чыкканы менен коронавирус өзүн-өзү көбөйтүүсүн токтотпой каңылжарда жашай берери билинди. Бул илимий тажрыйба азырынча адамдарга жасала элек. Аны жетектеген Лондондун гигиена жана тропикалык медицина мектебинин профессору Стефан Ивенс тажрыйбаны “жакшы жаңылык” деп атады.
Буга чейин Британияда миңдей ыктыярчыга коронавирустун вакцинасы сайылган. АКШ, Кытайда да вакцинаны иштеп чыгуу үчүн “Moderna Inc”, “Pfizer Inc”, “BioNTech SE” жана “CanSino Biologics Inc” компаниялары сыноо жүргүзүүдө.
COVID-19 алты адамдан чыкты, бирөө Казакстандын жараны
Бишкек шаарында соода борборунун вирус жуктурган бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон.
Ушундан улам, шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова шаардыктарды эл көп чогулган жерлерге барбоого, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырды. Вице-мэр бул тууралуу бүгүн, 16-майда брифингде билдирди.
Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган алты адамдын үчөө чет өлкөдөн жүк ташуучу автоунаа айдап келгендер экенин билдирди.
"Айдоочулар чек арадан өтүп жатканда ПЦР-тесттерин тапшырат. Андан кийин жүктү жеткирүүчү жерге чейин штабдын кызматкерлеринин коштоосунда баргандан кийин обсервацияга алынат. Бир айдоочу казак жараны болуп чыкты. Ал Кыргызстанга тактай тилчү станок жеткирип эле, кайра Казакстанга чыгып кеткен. Бирок аны чек арадан текшерүү учурунда андан вирус аныкталган. Бул маалыматты биз Казакстандын Кордой облусундагы кесиптештерибизге бергенбиз. Алар бул айдоочуну тийиштүү дарылоого ала турган болушту", - деди Үсөнбаев.
Жаңы аныкталгандардын калган үчөө коронавирус менен ооруган адамдар менен байланышта болуп, жуктуруп алган.
Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда.
Ушуну менен 16-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1117 учур катталды.
Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада 38 адам оорудан айыгып чыкканын кабарлады. Жалпысынан коронавирустан 783 адам сакайды.
14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.
Акыркы суткада медицина кызматкерлеринен вирус аныкталган жок. Жалпысынан ооруга чалдыккан 247 медицина кызматкердин 200ү айыгып, ишине кайтты.
Ушул тапта 320 адам стационарда, төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
16-май, Бишкек убактысы боюнча саат таңкы 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 4 605 500 (+103 000, мурдагы суткага караганда 9% көп).
- Көз жумгандар: 307 000 (+5000, мурдагы суткага караганда бир аз төмөн)
- Айыккандар: 1 739 000 (+42 000, мурдагы суткага караганда 16% аз)
Ооруп жаткандар – 2 559 000. Алардын 2 514 000 – абалы орточо оор, 45 000 (2%) – оор же өтө оор абалда жаткандар. Мындай бейтаптардын саны азайып баратат.
- Соңку 22 сааттагы көрсөткүч:
- АКШ: 19 761 (өсүү)
- Орусия: 10 598 (жаңы чек)
- Бразилия: 9280 (өсүү)
- Перу: 3891 (төмөндөө)
- Индия: 3787 (төмөндөө)
- Британия: 3560 (өсүү)
- Чили: 2502
- Мексика: 2409
- Сауд Арабиясы: 2307
...
- Испания: 1721 (өсүү)
...
- Италия: 789 (төмөндөө)
...
- Казакстан: 118
- Өзбекстан: 41
- Тажикстан: 211
- Кыргызстан: 29
Көз жумгандар:
- АКШ: 1204 (төмөндөө)
- Бразилия: 462
- Британия: 384 (төмөндөө)
- Мексика: 257 (төмөндөө)
- Эквадор: 256
- Италия: 242 (төмөндөө)
- Испания: 138
- Перу: 125
- Швеция: 117
- Орусия: 113
...
- Казакстан: 2
- Өзбекстан: 0
- Тажикстан: 4
- Кыргызстан: 2
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Бул маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.