Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал шартында Орозо айт намазы салт болуп калгандай аянттарда жана мечиттерде окулган жок. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды Орозо айт күнү үйдөн чыкпай, үй-бүлө менен майрамдоого чакырды. Муфтий бул тууралуу 24-майда Орозо айт күнү кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирген:
“Бул жылы Рамазан айында дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында COVID-19 инфекциясы жайылып, баарыбызды бушайманга салды. Бул оорунун алдын алып, илдеттин мындан ары жайылып кетпөөсүнө жол бербөө максатында жана элибиздин саламаттыгы, коопсуздугу үчүн мечиттерибиз жабылууга аргасыз болду. Жума намазы, орозо айт намаздары окулбай калды. Мындай кадамга биз гана эмес, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү барышты. Айт күнү да бардык эрежелерди так сактап, үймө-үй кыдырып кетпей, үй-бүлөбүз менен чогуу майрамдап, башка мусулман бир туугандарга үлгү болчу сапаттарыбызды көрсөтөлү”.
Муфтий кайрылуусунда коронавирус илдети Кудайдын пенделерине берген сыноосу деп белгилеген. Ал эпидемиологиялык оор абалда кайрымдуу инсандар көбөйүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кол сунуп, соопчулуктун үлгүсүн көрсөтө алышканын айтты. Максатбек ажы Токтомушев коронавирус пандемиясынан улам мечиттер жабылса да карантиндин эрежелерин, талаптарын, санитардык нормаларын так сактап, сабырдуулук менен 30 күндүк орозо кармаган мусулмандарга ыраазычылык билдирип, "бул илдетти чогуу жеңип чыгууга аз убакыт калды" деп билдирген.
24-май - Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.
Кыргызстан Конституцияда динден тышкары, светтик өлкө деп белгиленген. Статистикалык маалыматтар боюнча өлкө элинин 80% ашуунун мусулмандар түзөт.
Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Алардын ичинен 25 адам Нарын облусунда. Бишкекте беш, Ош облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир Баткенде бир адам коронавирус жуктуруп алган. Андан тышкары Соль-Илецк шаарынан келгендерден үч адамдан жана Санкт-Петербург шаарынан келген бир курсанттан вирус аныкталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1403 адамга жетти.
Бул тууралуу 24-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифиргде билдирди. Анын айтуусунда, акыркы суткада аныкталган 38 адамдын сегизи сырттан жуктуруп келген.
"Кийинки аныкталгандардын көпчүлүгү байланыш аркылуу жуккандар болуп жатат. Ошондуктан өлкөдө эпидемиологиялык абал туруксуз, чыңалуу байкалып турат. Мен бардыгыңыздарды санитардык-гигиеналык талаптарды бекем сактап, муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого чакырам. Ишке кирген ишканалар да санитардык талаптарды бекем сактоого тийиш".
Үсөнбаевдин маалыматына караганда акыркы суткада 23 адам оорудан айыкты. Жалпысынан коронавирус жуктуруп алган 980 адам сакайып чыкты. 14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган соң каза тапты.
Акыркы суткада бир медицина кызматкеринен вирус аныкталды. Жалпысынан ооруга чалдыккан 274 медицина кызматкердин 226сы айыгып, ишине кайтты.
Ушул тапта 409 адам стационарда жатат, 11 адам оор абалда. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
24-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 384 000 (+104 000, мурунку суткага караганда 10% аз).
- Көз жумгандар: 343 000 (+4500, мурунку суткага караганда 25% аз)
- Айыккандар: 2 234 000 (+ 96 000, мурунку суткага караганда көп)
Ооруп жаткандар – 2 806 500. Алардын ичинен 2 753 000 – абалы орточо оор, 53 533 (2%) – абалы оор жана өтө оор бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны көбөйдү.
- Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 17 037 (төмөндөө)
- Бразилия: 10 158 (өсүү)
- Орусия: 9434 (өсүү)
- Индия: 6629 (өсүү)
- Перу: 4056
- Чили: 3536 (төмөндөө)
- Мексика: 2960
- Британия: 2959 (төмөндөө)
...
- Беларус: 941
...
- Италия: 669
- Сингапур: 642
- Испания: 466
...
- Казакстан: 322
- Тажикстан: 187
- Өзбекстан: 87
- Кыргызстан: 15
Cоңку 22 саатта каза тапкандар:
- АКШ: 913 (азайды)
- Бразилия: 634 (көбөйдү)
- Мексика: 479 (көбөйдү)
- Британия: 282 (азайды)
- Индия: 142
- Орусия: 139
- Перу: 129
- Италия: 119
- Канада: 102
- Швеция: 67
- Иран: 59
- Испания: 50
- Франция: 43
...
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Өзбекстан: 0
- Кыргызстан: 0
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
Мусулмандар Орозо айтты карантин шартында майрамдашат, Испания туристтерге ачылат
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5,4 миллион кишиге чукулдады. Бразилия Covid-19га чалдыккандардын саны боюнча Орусиядан өтүп, АКШдан кийинки 2-сапка чыкты.
Орусияда расмий маалыматта айтылгандай, өткөн суткада CОVID-19 менен жаңы катталгандар 9,5 миңден аз болду. Бул өлкөдө пандемия башталгандан бери оору жуктургандардын саны 335 миңге жетти.
Европа чек араларын акырындап ача баштады, Испания чет элдик туристтерди июлдан тартып киргизе баштайт.
Дүйнөдөгү мусулман калкы Орозо айтты карантин шартында майрамдап жатат. Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө айт намазга көп эл топтоло албайт.
Кёльндагы лютерандык чиркөө жума күнү мусулмандарга эшигин ачып, орто кылымдагы христиандардын храмында намаз окууга мүмкүнчүлүк берди.