Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 30 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 25-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын тогузу Бишкек шаарында, бешөө Нарын облусунда, үчөө Ош шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда.
Чүй, Ош жана Баткен облустарында бирден адам.
Мындан тышкары, Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кайтып келгендер арасынан коронавирус сегиз адамдан табылды.
Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду. Бири Бишкектеги Инфекциялык ооруканада - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев (70 жашта). Экинчиси - Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасында 67 жаштагы эркек бейтап.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 25-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 992 бейтап айыгып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
25-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 476 000 (+92 000, мурунку суткага караганда 10% аз).
- Көз жумгандар: 346 000 (+3000, мурунку суткага караганда 30% аз)
- Айыккандар: 2 289 000 (+ 55 000, мурунку суткага салыштырганда эки эсе аз)
Ооруп жаткандар – 2 842 000. Алардын ичинен 2 788 000 – абалы орточо оор, 53 185 (2%) – абалы оор жана өтө оор бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.
Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 15 520 (төмөндөө)
- Бразилия: 10 441 (өсүү)
- Орусия: 8599 (төмөндөө)
- Индия: 7113 (өсүү)
- Чили: 3709
- Мексика: 3329 (өсүү)
- Британия: 2405 (төмөндөө)
...
- Италия: 531
- Индонезия: 526
- Оман: 513
- Испания: 482
- Украина: 406
...
- Франция: 115
...
- Казакстан: 403
- Тажикстан: 187
- Кыргызстан: 38
- Өзбекстан: 17
- Cоңку 22 саатта каза тапкандар:
- АКШ: 537 (төмөндөө)
- Бразилия: 487 (өсүү)
- Мексика: 190 (өсүү)
- Индия: 156
- Орусия: 153 (өсүү)
- Британия: 118 (төмөндөө)
- Испания: 74
...
- Италия: 50
- Чили: 45
- Бельгия: 43
- Франция: 35
...
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Өзбекстан: 0
- Кыргызстан: 0
...
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясы ушул жылдын этегине чейин басылат. Мындай тыянакты Сингапурдун технология жана дизайн универститетинин окумуштуулары математикалык моделди колдонуп санап чыккан соң жарыялашты.
Анализ көрсөткөндөй, коронавируска чалдыккандардын саны убакыттын өтүшү менен азайып отуруп, илдеттин экинчи толкуну болбойт. Ошол эле маалда илимпоздор математикалык модель көрсөткөн жыйынтык иш жүзүндө калпыс болуп калышы мүмкүн экенин да четке кагышпайт.
Окумуштуулардын маалыматына караганда, Италияда эпидемия 12-августта бүтсө, Британияда 30-сентярбрга чейин токтобойт. АКШда 11-ноябрга чейин жаңы вируска чалдыккандар тыйылбайт.
Казакстанда акыркы суткада 403 адамдан коронавирус аныкталды
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул - өлкөдө коронавирус инфекциясы катталгандан берки убактагы эң көп көрсөткүч. Вирус жуктургандардын 97си Алматы шаарынын, 58и Нур-Султандын тургундары. Мындан тышкары Караганды облусунан 90 киши, Чымкент шаарынан 33 адамдан вирус табылган. Жалпысынан акыркы суткада өлкөнүн 15 аймагынан коронавирус илдетине чалдыккан 403 адам катталган.
Акыркы суткада 118 адам оорудан айыгып чыккан.
Казакстанда 13-марттан бери коронавирус илдетин жуктургандардын саны 8322 адамга жетти. 4214 бейтап айыгып чыкты. 35 адам COVID-19 вирусун жуктуруп алган соң каза тапкан.
Тажикстанда 24-майга карата акыркы суткада 187 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Жалпы өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2738 адамга жетти. 44 адам оорудан көз жумган.
Акыркы суткада оорудан 479 адам сакайып чыкты, коронавирусту жеңип чыккандардын саны - 1223 киши.
Өзбекстанда акыркы суткада 17 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 3132 адамга жетти. 13 адам илдеттен көз жумду. 2532 адам сакайып чыкты.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда коронавирус илдети аныкталганы тууралуу расмий маалымат жок.
Коронавирус жугуп, ооруканага түшкөн коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев каза болду. Ал Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында 24-майда түш ченде көз жумду.
COVID-19га каршы Республикалык штаб тараткан кабарга ылайык, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, 70 жаштагы Мукар Чолпонбаевге коронавирус инфекциясы жугуп 5-майда ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү реанимацияга которулуп, андан бери абалы оор болчу.