Дүйнөлүк метеорологиялык уюм: Жайкы ысыкта COVID-19 адамдын ден соолугуна олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн
Дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун жана коронавирустун жайылышы менен ал адамдардын ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.
AFP агенттиги белгилегендей, аптапта кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык эрежелерге карама-каршы келет.
Эл аралык уюмдун өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн маалымат жыйында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын сөзү боюнча, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык жактан тобокелдиктерди күчөтөт.
Май айынын ортосунда уюм 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.
Кыргызстанда коронавирус дагы 52 адамдан жаңы аныкталды, 28 бейтап айыгып чыкты
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 27-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын көбү Нарын облусунда - 17 адам. Мындан тышкары Бишкекте тогуз, Ош шаарында жети, Жалал-Абад жана Чүй облустарында үчтөн адам, Ош облусунда экөө жана Баткен облусунда бирөө.
Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан мигранттар арасынан бир суткада дагы сегиз адамдан, бул өлкөнүн аскердик окуу жайларынын курсанттарынын экөөнөн коронавирус табылды.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
Анткен менен Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлери кайрадан көбөйө баштады. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус 12 медицина кызматкеринин анализинен табылды.
Алардын жетөө - Ош облусунда, бешөө - Бишкек шаарында.
Бир суткада стационарлардан алты медицина кызматкери айыгып чыкты.
Жалпысынан 27-майга карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 299 медицина кызматкери катталды, алардын ичинен 243ү айыгып чыккан.
Бир нече күн мурда коронавирус жаңы жуккан дарыгерлер катталбай калган болчу.
Оору жуккандардын көбү Бишкек шаарында, алардын көпчүлүгү аял кызматкерлер.
Бишкектик дарыгер, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева COVID-19 илдетин жугузуп алгандан кийин абалы начарлап, 2-майда көз жумган.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска чалдыккан айрым адамдар өз алдынча дарыланып, абалын оорлотуп алган учурлар катталып жатканын билдирди.
Ал оорунун белгилери байкалган учурда сөзсүз ооруканага кайрылыш керек экенин, ар кандай чөптүн кайнатмасын ичип же башкача өзү билгендей дарыланып реанимацияга түшүп калгандар кездешип жатканын, арасында медицина кызматкерлери да бар экенин айтты.
27-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 648 000 (+83 500, мурунку суткага салыштырмалуу 5% аз).
- Көз жумгандар: 350 000 (+3000)
- Айыккандар: 2 410 (+60 000)
Ооруп жаткандар – 2 888 000. Алардын ичинен 2 835 000 – абалы орточо оор, 53 012 (2%) – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.
- Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 12 675 (төмөндөө)
- Орусия: 8915 (төмөндөө)
- Индия: 5843 (төмөндөө)
- Британия: 4043 (төмөндөө)
- Чили: 3964 (өсүү)
- Мексика: 2485 (төмөндөө)
-
...
- Беларус: 915
-
...
- Испания: 859
-
...
- Швеция: 597 (өсүү)
- Германия: 499 (өсүү)
-
...
- Италия: 397 (өсүү)
...
- Казакстан: 335
- Тажикстан: 166
- Кыргызстан: 52
- Өзбекстан: 0
Cоңку 22 саатта каза тапкандар:
- АКШ: 566 (көбөйдү)
- Испания: 280
- Мексика: 239 (көбөйдү)
- Индия: 177 (көбөйдү)
- Орусия: 174 (жаңы жогорку чек)
- Британия: 134 көбөйдү)
- Бразилия: 100
- Франция: 98
- Швеция: 96
- Канада: 92
- Италия: 78 (азайды)
- Германия: 70
- ...
- Казакстан: 2
- Тажикстан: 1
- Кыргызстан: 0
- Өзбекстан: 0
...
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
COVID-19: ДССУ маляриянын дарысын сыноону убактылуу токтотту, ЕБ жаңы вакцина үчүн акча бөлдү
COVID-19га каршы вакцина даярдоого 10 миллиарддан ашык доллар чогулганын Европа Комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдирди.
Ушул айдын башында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр коронавируска каршы вакцина даярдоо жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоо боюнча онлайн жыйын курган. Анда акча чогултуу боюнча бир айлык марафон баштоо чечими кабыл алынган.
Уюмдун лидерлери тараткан билдирүүдө чогултулган акча «окумуштуулар менен жөнгө салуучулардын, өндүрүш менен мамлекеттин, эл аралык уюмдар, фонддор менен саламаттык сактоо тармагынын кесипкөй адистеринин мурда-кийин болуп көрбөгөндөй глобалдык кызматташтыгына өбөлгө түзөт» деп жазылган. Вакцина даярдалган күндө деле аны калктын калың катмарына жеткирүүгө, баанын жеткиликтүү болушуна да каражат керек болору белгиленген.
Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институттары вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ коронавируска каршы вакцина ушул жылдын аягына чейин даяр болорун бир канча жолу айткан. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирусту дарылоодо гидроксихлорохин менен хлорохинди колдонуу максатында жүргүзүлүп жаткан клиникалык сыноо убактылуу токтогонун билдирди.
Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус мындай чечим «Ланцет» медициналык журналындагы соңку макаладан кийин кабыл алынганын жазды. Ал макалада иликтеп-изилдөөдө бул дарылар COVID-19ду дарылоодо натыйжалуу эмес экенин көрсөткөнү, мындай дарыны ичкен адамдардын арасында ажал тапкандар көбүрөөк катталганы жазылган. Ошондой эле гидроксихлорохин башка ооруларды, тактап айтканда жүрөк аритмиясын козгой турганы да белгилүү болгон.
Окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн ооруканалардагы түмөндөгөн бейтаптарды дарылоо таржымалын талдап-иликтеп чыгышкан.
Орусия апрель айынын ортосунан бери бул дарыны коронавирус жугузуп алган бейтаптарды дарылоодо колдонуп келет. Буга чейин Кытай 68 миңдей куту гидроксихлорохин алганы айтылган.
Мындан бир канча күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун алдын алыш үчүн малярияга каршы дарыны ичип жатканын билдирген.
Соңку маалымат боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандар 5,5 миллион адамдан ашты жана илдеттен 346 миңден көп киши көз жумду.