Аш-тойго уруксат жок
Азырынча ишмердүүлүгүн жандандырууга тыюу салынган тармактардын топ башында маданий, спорттук, илимий жана массалык иш-чаралар кала берүүдө. Мындан тышкары той-аштарга да уруксат жок. Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр 29-майда, брифингде билдирди.
Анын айтымында, түнкү клубдардын, караоке борборлорунун, интернет клубдардын, соода, оюн-зоок жайларындагы тамак-аш сатуучу түйүндөрдүн, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Билим берүү мекемелеринин, тил үйрөтүүчү жана башка окуу борборлорунун иши да азырынча чектөөдө кала берет. Кубатбек Боронов окуп-үйрөнүү иштерин онлайн форматта жүргүзүп турууну сунуш кылды.
Азырынча кичи автобустар менен шаар аралык каттам жүргүзүүгө да уруксат берилбейт. Боронов бул бир нече сааттап жол жүрүүдөн коронавирус илдети тарап кетүү коркунучунун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи.
Жыйында калк арасында «коронавирус инфекциясы жок, ал адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына коркунуч келтирбейт» деген пикирлер жайылып жатканы да талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «вирус жок» деген туура эмес экенин айтты.
«Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия. Вирус өлкөдө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды азайтуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Коронавирус бар экендигин тануу бул жоопкерсиздик», - деди ал.
Штабдын жыйынында айтылган маалыматка караганда, Бишкекте коронавирус жуккандар көп чыгып жатканына байланыштуу оорунун белгилеринин бар-жогу тууралуу жашоочуларды кыдырып, сурамжылоо иштери уланып жатат.
Республикалык штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо дарыгерлерге кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырды. Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режимин жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын катуу сактоого үндөдү.
Биринчи вице-премьердин айтымында 1-июндан тартып өлкөдөгү ишканалардын 95% ишке кирет.
Кыргызстанда карантиндик шарттар жеңилдетилип, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун натыйжасында 1-майдан тартып көптөгөн ишкана-мекемелердин, базарлардын ишине уруксат берилген.
1-июндан тартып алардын катарын мамлекеттик мекемелер да толуктайт.
29-майда өлкө аймагында дагы 68 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 1662 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 162,
- Ош облусунда – 217,
- Ош шаарында - 179,
- Чүй облусунда – 747 (119у Соль-Илецк, 99у Орусиядан келген)
- Бишкек шаарында – 505 (99у Орусиядан келген)
- Баткен облусунда – 29,
- Нарын облусунда – 314,
- Ысык-Көл облусунда – 14 киши.
Алардын 330у медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны 2467 адам. 1088 адам айыкты. 558 адам ооруканада, 10 адам оор абалда. 6 адам реанимацияда жатат. 16 адам каза болду.
Учурда Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусунда, коронавирус очогу аталган аймактардагы медициналык мекемелерде да катталды:
"Бишкекте бир нече медициналык мекемелерде: онкологиялык жана жугуштуу оорулар ооруканасында, бир катар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда оору чыгып кетип, вирус жуккандардын саны көбүрөөк болду. Нарында да облустук ооруканада оору көп катталды, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине да вирус тарап, абал бир аз курчуп кеткен".
Кыргызстанда Ош шаарында да вирус көп катталган. 28-май күнү шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Анын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркайлар, 14ү энелер, калганы медицина кызматкерлери.
Саламаттык сактоо министрлиги элди санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоого чакырып, ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн жоопкерчилик тарта турганын эскертүүдө.
29-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат.
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 865 000 (+110 000, мурунку суткага караганда бир аз көп)
Көз жумгандар: 360 000 (+4500, мурунку суткага салыштырмалуу 20% аз)
Айыккандар: 2 568 000 (+95 000, мурунку суткага салыштырмалуу 50% көп)
Ооруп жаткандар – 2 936 500. Алардын ичинен 2 883 500 абалы орточо оорлор, 52 872 (2%) – абалы оор же өтө оор бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.
Cоңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 17 261 (өсүү)
- Орусия: 8371 (өсүү)
- Индия: 7300 (өсүү)
- Бразилия: 4679 (төмөндөө)
- Чили: 4654 (өсүү)
- Мексика: 3463 (өсүү)
- Франция: 3325
- Иран: 2258
...
- Британия: 1887 (төмөндөө)
- Сауд Аравиясы: 1644
- Түркия: 1182
- Испания: 1137
...
- Беларус: 902 (өсүү)
...
- Италия: 593 (өсүү)
...
- Казакстан: 272
- Тажикстан: 139
- Өзбекстан: 75
- Кыргызстан: 74
Cоңку 22 саатта көз жумгандар:
- АКШ: 1020 (азайды)
- Мексика: 463 (азайды)
- Британия: 377 (азайды)
- Бразилия: 248 (азайды)
- Индия: 177 (азайды)
- Орусия: 174 (көбөйдү)
- Канада: 108 (азайды)
- Италия: 70 (азайды)
- Франция: 66
...
- Өзбекстан: 1
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Кыргызстан: 0
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
- автор Санжар Эралиев
Кыргызстанда карантин алынып, пандемияга каршы эрежелер жумшартылгандан тартып коронавирус жугузуп алгандар көп аныктала баштады.
Адистер коомдо ооруга кенебес мамиле күч алып кеткенине тынчсызданып, саламаттыкка көңүл бурууга чакырышууда. Ал арада түрмөдө отурган айрым жарандардын жакындары COVID-19ду жугузгандар жабык жайларда да бар болушу мүмкүн экенин айтып, маселеге көңүл бурууну суранышты.
Чектөөдөн кийинки өсүш
Илдетти жугузуп алгандар 18-марттан 28-майга 1594 кишиге жетти. Алардын 1066сы айыгып, 16 киши жашоо менен кош айтышты. Учурда ооруканада 512 бейтап жатат. Бул - Кыргызстанда илдет аныкталгандан берки жогорку көрсөткүч.
Бейтаптардын саны карантин эрежелери алынган соң, май айынын ортосунан бери көбөйдү. Айыккандарга караганда, оору жугузгандардын көбөйүшү жалпы медицина тармагына оорчулук келтирери айтылууда.
Дартка чалдыккандардын жарымынан көбү 30-64 жашта. Өспүрүмдөр 11%, балдар 6% түзөт.
- Ооругандардын 35% Бишкекте.
- Нарын облусуна 19%,
- Ош облусуна 15%,
- Жалал-Абад облусуна 13%,
- Чүй облусуна 11%,
- Ош шаарына 9%
- Баткен облусуна 2%,
- Ысык-Көл облусуна 1% туура келет.
Төрөт үйүндөгү тополоң
28-май күнү аныкталган 74 кишинин 34ү Ош шаардык төрөт үйүнөн чыкты. Алардын 15и медицина кызматкерлери, 14 эне жана беш ымыркай. Бул төрөт үйүндө мурда оору жуккан адам табылып, карантинге жабылган жана обсервация ачылган эле.
Оору жукту деп шек саналган энелер эки жолу тапшырган тесттери таза чыкканын белгилеп, обсервацияда жаңы туулган ымыркайды карап-багууга шарты жок экенин айтып даттанган видеону «T-Media» басылмасы жарыялады.
Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова аларды шарты жакшы обсервацияга которуу маселеси чечилип жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева соңку күндөрү дарт жугузуп алгандардын көбөйүшүн адамдардын карантинден соң эрежелерди кенебей койгонуна жана өкмөт түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзө албаганына байланыштырды:
«Эгер күнүгө ушинтип 50-70 кишинин тегерегинде аныктала берсе, кайра жаңы чечимдерди кабыл алыш керек. Кайра карантин киргизгенге болбойт. Бирок чектөөлөрдү жумшартууда кандай каталарга жол берилгенин тактап, ошого жараша кадам таштоо зарыл болуп турат».
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вирустун өлкөдө жайылышына каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды. Штабдын 27-майдагы жыйынында ал обсервация, үй карантин эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо зарыл экенин айтып, шалаакылык менен ооруну жайылткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Камактагылардын жакындары кабатыр
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда отургандардын жакындары «Азаттыктын» социалдык түйүндөгү баракчалары аркылуу кайрылып, абакта коронавирус менен ооругандарга көңүл бурулбай жатканына даттанышты.
Атын жашыруун калтырууну каалаган аял ал жакта бир тууганы жаза өтөп отурганын, ондогон адам дене табы көтөрүлүп, санитардык бөлүмдө экенин билдирди.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков аны четке кагып, «чагым» деп сыпаттады жана жабык жайларда илдеттин алдын алыш үчүн медициналык даярдык жетиштүү экенин айтты.
Илдетке каршы республикалык штаб Кыргызстандагы түрмө кызматкерлеринин арасынан сегиз кишиден коронавирус чыкканын, төртөө айыгып, төртөө дарыланууну улантып жатканын билдирди.
Самат Калыков төрт бейтап №27 колониянын кызматкерлери экенин ырастады:
«Катуу ооруп, жатып калышкан жок. Изоляцияда жатышат. Дарттын коркунучтуу белгилери да аларда байкалган жок».
Акыйкатчынын абактардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов бардык абактардан такай кабар алынып жатканын, олуттуу мүшкүл жок экенин белгиледи:
«Бизге да ар кандай кайрылгандар болду. Текшердик, азырынча оору жок деп ишенип турабыз. Белгилей кетчү нерсе - мындай жагдайда соттор айыпталуучулардын бөгөт чарасын камабагандай чечим чыгарышы керек. БУУнун да ушундай чакырыгы бар».
Дүйнөдөгү кырдаал
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандар 28-майда беш миллион 700 миңден ашты. Алардын 356 миңден көбү көз жумуп, эки миллион 362 миллиондон көбү айыкты.
Оору эң көп жуккандар АКШда, ал жакта илдетке чалынгандар бир миллион 700 миңге чамалады.
Бразилияда оору жуккандар 400 минден ашты, Орусияда 380 миңге жакын.
Британияда илдетке кабылгандар 268 миңден көп, Испания менен Италияда 230 миңден ашты.
Германия, Франция, Түркия, Иран, Индия жана Перу мамлекеттери да коронавируска чалдыккандар 100 миң кишиден ашкан өлкөлөрдүн катарын толуктайт.
Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстанда 9576 адам COVID-19га чалдыгып, 4768 бейтап айыкты, 37 адам көз жумду.
Тажикстанда 3424 кишиден кишиден бул вирус аныкталды, алардын 1576сы айыкты, 47си каза болду.
Өзбекстанда 3396 адамда аныкталып, 2668и айыкты, 13ү жашоо менен кош айтышты.
Түркмөнстандын бийлиги «мамлекетте бул оору жок» деп келатат.