Тажикстандагы кырдаал: Жергиликтүү кыргыздарга жардам керек
Кыргызстандын Жогорку Кеңештин 28-майдагы сессиясында «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев коронавирус илдетине байланыштуу Тажикстандагы кыргыздар жардам сурап кайрылып жатканын билдирди.
Депутат өкмөттү, Тышкы иштер министрлигин дипломатиялык жолдорду колдонуу менен тажикстандык кыргыздарга гуманитардык жардам берүүгө чакырды.
COVID-19 дарты Тажикстандын кыргыздар байырлаган аймактарына жеткени, ал жактагы адамдар дары-дармек, тамак-аш, тазалык каражаттарына муктаж экени буга чейин айтылган.
Алардын үнүн Тажикстандан Кыргызстанга келип, отурукташып калган жарандар жеткиришкен. «Азаттык» алардын кайрылуусу боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жооп ала алган эмес.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы калктын 70% кыргыздар. Ал эми Мургаб районунда жашаган кыргыз улутундагы жарандар андан көп.
Ал эми Тажикстандын өзүндө айрым дарыгерлер ишеним телефону аркылуу элге кеңеш берүүгө тартылды. Догдурлар 511 жана 311 деген номурлар аркылуу күнүндө эки миңдей телефон чалууну кабыл алып жатат.
311 номурунда иштеген дарыгер Шабнам Муродова күнүнө 200гө жакын чалууну кабыл алып, кеңеш берип жатканын айтты.
"Бизге ар кандай суроолор менен чалышат. Дене табы көтөрүлүп атканда эмне кылуу керек? Жөтөлүп атканда эмне кылуу керек? Коронавируска чалдыккан адам менен байланышканда кантип жуктурбай койсо болот?", - деген суроолор көп берилет.
Мына ушундай суроолорго жооп берген ишеним телефону май айынын башында, бийлик коронавирус бар экенин расмий мойнуна алгандан кийин уюштурулган. Ишеним телефонду элүүдөн ашык дарыгер тейлейт. Бир суткада үч нөөмөт менен иштеген ишеним телефондун ар бир нөөмөтүндө сегизден дарыгер отурат.
Дарыгерлердин айтымында, алгачкы күндөрү адамдар катуу дүрбөлөңгө түшкөн. Шабнам ал күндөрү суткасына 4 миңдей чалууга жетип турганын айтты.
"Азыр чалуулар кыйла азайды. Суткасына 2-2,5 миң адам чалып атат. Оору кээде жеңил формада өтүп, белгиси билинбей калышы да мүмкүн экенин түшүнүп калышты. Кээде коронавирустун эч кандай белгиси жок экенине карабай абдан катуу коркуп, чалгандар да болуп жатты. Алар менен сүйлөшүп, кеңеш бергенден көңүлдөрү тынчып, жаны жай алып калат".
Ишеним телефонунун негизги максаты - COVID-19 илдети боюнча кеңеш жана маалымат берүү. Бирок айрым учурларда дарыгерлер бейтаптын арыз-арманын угуп чыгып, телефон аркылуу дары дайындап берген учурлары да болуп жатат.
Учурда Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 3424 адамга жетти. Расмий маалымат боюнча 1575 адам айыгып чыгып, 47 киши өлгөнү айтылууда. Бирок жарандык активисттер каза тапкандардын саны мындан да көп экенин айтышууда.
Кызыл Чырым уюму: Дарыгерлерге чабуул күчөдү
Эл аралык Кызыл Чырым уюму март айынан бери коронавируска каршы күрөшкөн медицина кызматкерлерине каршы 208 чабуул катталганын маалымдады.
Уюмдун президенти Питер Маурер Жакынкы Чыгыш, Азия-Тынч океан, Түштүк жана Түндүк Америка, ошондой эле Африкада чөлкөмдөрүндөгү 13 өлкөгө мониторинг жүргүзүлгөнүн 27-майда билдирди.
Маурер саламаттык сакчылары алардын кызматы эң зарыл болуп турган учурда катаал мамилеге дуушар болуп жатышканын белгилейт. Катталган окуялардын 23% медицина кызматкерлерин уруп-сабоо, 20% дискриминациялоо көрүнүштөрү болгон. Андан тышкары атайын эле жардам берүүдөн баш тартуу, коркутуу жана башка терс аракеттер болгон.
Коронавируска каршы күрөшкөн дарыгерлерге орой мамиле кылуу Кыргызстанда да бар экени, обсервацияда жаткан жарандар аларга кол көтөргөн учурлар кездешкени буга чейин расмий айтылган.
Ал эми орусиялык дарыгерлердин 80% жакыны өз өлкөсүндөгү коронавируска байланыштуу өлүмдүн расмий статистикасына ишенбейт. Бул тууралуу Орусиянын медицина тармагында социалдык жана маркетинг кызматын көрсөткөн «RNC Pharma» жана «Доктор на работе» компанияларынын орток сурамжылоосунда маалымдалат.
Сурамжылоого катышкан адистердин 17% статистика менен диагноз коюудагы манипуляция фактыларын ырастап берүүгө даяр экенин билдирген.
Дарыгерлердин 9% гана расмий статистикага толук ишенерин айткан.
Орусиянын бийлиги статистиканын толуктугу жана тактыгы, атайын өзгөртүлгөнү боюнча күмөн санаган пикирлерди четке кагып келет.
Расмий маалыматка караганда Орусияда коронавирус жуккандар 370 миңден ашты. Алардын ичинен көз жумгандар төрт миңге жакын. Ал эми айыгып чыккандары 142 миңден ашты.
Үсөнбаев: Адамдар ооруну кайдан жуктурганын билбей калышууда
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 28-майда билдиргенине караганда, вирустун симптомдору менен медициналык мекемелерге кайрылган айрым адамдар вирусту кайдан, кимден, кандай жол менен жугузуп алганын билишпейт. Дарыгердин айтымында, бул оорунун очогун аныктоо кыйын.
«Ошого карабай, биз иликтөөлөрдү кеңейтип, оорунун булагын табууга аракет кылып жатабыз. Ооруган адам менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди ал.
Бул маалыматтан улам коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вирустун жайылышына каршы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Боронов обсервация, үй карантин эрежелери, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоону талап кылды.
«Шалаакылык кылып ооруну жайылткандар жоопкерчиликке тартылат. Кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек, биз оорунун күч алып кетишине жол бербөөгө тийишпиз. Жарандар өзүнүн, жакындарынын коопсуздугу үчүн коомдук транспортто, эл көп чогулган жерлерде сөзсүз беткап кийиши зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
Парламенттин 28-майдагы жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков да коронавирус илдетине байланыштуу кыргызстандыктарга, ишкерлерге кайрылды. Ал вирустун алдын алыш үчүн өкмөткө жардам берүүгө, коомдук жайларда беткап менен жүрүүгө, тазалык эрежелерин сактап, антисептик каражаттарын колдонууга, коомдук транспортто жана башка эл көп жерлерде аралыкты сактоого чакырды:
«Биз бул илдеттин туу чокусуна жете элекпиз. Аны жеңе элекпиз. Дүйнө жеңе элек. Качан гана тийиштүү вакцина чыкканда жеңе алабыз. Өкмөт, штаб, медицина тармагы эрежелерди сактоо тууралуу кайрылып атат. Чоң базарлар, соода борборлору ачылып, ишканалардын ишине уруксат берилди. Бирок «ачылды» деп эле мурдагыдай мамиле кылуу туура эмес. Режимди, эрежелерди сактасак вирус менен күрөш оңой болот. Сиздерден ушуну суранам».
28-майга карата коронавирус жугузуп алгандардын көбү 35 адам Ош шаарында катталган. Алардын 34ү 15 медицина кызматкери, 14 эне жана беш ымыркайга вирус төрөт үйүнөн жуккан.
Маалыматка ылайык, шаардык төрөт үйүндө мурда да вирус жуккан учур катталып, төрөткана карантинге жабылган. Кийинчерээк ал жерге обсерватор ачылган.
Жалпысынан Ош шаарында бул ооруга чалдыккандардын саны - 177 адам. Өлкө боюнча COVID-19 илдетине кабылган 1594 адамдын 6% жашы жетек элек балдар. Алардын ичинен 20га жакыны ымыркайлар.
Ошондой эле коронавирус чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктардан чыгууда.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 28-майдагы берген маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус илдети менен катталган 1594 адамдын 450сү чет өлкөлөрдөн кайтып келген. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Орусиядан келген. Соль-Илецк шаарынан келген мекендештердин арасынан 101 адамдан вирус табылган.
Мындан тышкары чартердик учак, автобус менен келгендердин ичинен илдет сегиз адамдан табылган. Орусиянын аскердик окуу жайларында окуган курсанттардын арасынан коронавируска кабылган 52 учур катталды. Үсөнбаевдин айтымында, учурда лабораториялык тастыктоо уланууда.
Кыргыз өкмөтү коронавирус күчөгөн февраль айынан берки убакта чет мамлекеттерден он миңден ашуун кыргызстандык алынып келгенин кабарлаган. Тышкы иштер министрлиги учурда дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндө жети миңдей адам Кыргызстанга кайтууну көздөп турганын билдирүүдө.
Кыргызстанда коронавирус 74 адамдан жаңы аныкталды, 23 бейтап айыгып чыкты
Бул тууралуу 28-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын көбү Ош шаарында - 35 адам.
Нарын облусунда - 13
Бишкекте - 11+10 (Орусиядан келген курсанттар)
Ош облусунда - 4
Чүй облусунда - 1
Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген курсанттардын арасынан акыркы бир суткада дагы 10 адамдан коронавирус табылды.
Илдет жуктуруп алгандардын 27си медицина кызматкери. Басымдуу бөлүгү Ош шаарында - 15 кызматкер. Нарын облусунда 7, Бишкекте 5 медициналык кызматкер ооруга чалдыккан. 23 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1594 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1066 бейтап айыгып кетти.
28-майга карата өлкөдөгү стационарларда 512 бейтап бар. Алардын ичинен 12 бейтап оор абалда, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.