Коронавирус байланыштар аркылуу жуга баштады
Кыргызстанда 30-майга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 60 адамдан табылды жана анын дээрлик баары бул илдетти мурда жугузган адам менен контакт болгондор экени аныкталды.
Бул тууралуу 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Мисалы, Бишкекте цехте эмгектенген бир адам кыска убакыт ичинде өзү менен чогуу иштеген 24 адамга коронавирус инфекциясын жуктурган.
Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканага түшкөн бир бейтап ким менен контакт болгону изилденип, 60 адамдын анализи алынган. Жыйынтыгында ошол цехте иштеген 24 адам бул илдетке чалдыкканы аныкталган.
Нурболот Үсөнбаев белгилегендей, ал бейтап "оорунун жеңил клиникалык формаларына" карабастан жумушуна барып жүргөн.
Цехте иштегендерди текшергенче 24 адамдын бири "ооруну өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузууга жетишкен" деди адис.
Үсөнбаев оорунун жайылуу коркунучу дагы эле жогору болуп жатканын айтып, санитардык эрежелердин так сакталышы маанилүу экенин белгиледи:
"Азыр эпидемиологиялык абал дагы эле чыңалуу бойдон. Бүгүн жаңы катталган 60 адамдын 52си контакт болгондор арасынан табылды. Демек оорунун жугуу ыктымалдыгы дагы эле жогору болууда. Бир эле цехте бир киши оорунун белгилерине карабастан жумушка бара берип, кыска аралыкта 24 адамга жугузган. 24түн бирөө үйүндөгүлөрүнө жугузган. Билим берүү борборлорунун биринде иштеген бир адам болсо үй-бүлөсүнүн беш мүчөсүнө жугузган".
Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти.
Соңку күндөрү өлкөдө бул вируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Буга чейин четтен кайтып келгендер арасында көп катталып жаткан.
Трамп АКШ Дүйнөлүк саламаттык уюмун каржылоону токтотконун билдирди
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ Дүйнөлүк саламаттык уюмун (ДСУ) каржылоону токтотуп жатканын билдирди. Ал “ДСУ коронавируска каршы натыйжалуу күрөшө албай койду” деп, муну уюм толугу бойдон "Кытайдын көзөмөлүндө болуп жатат" деген ою менен негиздеди.
Трамп кытай бийлиги өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай, ДСУга жаңы коронавирус канчалык кооптуу экени жөнүндө туура маалымат берген эмес, ал эми уюм ошол маалыматтарга ишенип алган деген оюн билдирди.
Ошону менен катар Трамп АКШнын ДСУнун бюджетине салымы 450 миллион доллар болсо, Кытайдыкы болжол менен 40 миллион доллар экенин эскертти.
Быйыл апрель айында, коронавирус боюнча абал курчуп турганда Вашингтон бул акчаны төлөөдөн баш тарткан.
Ал эми Орусияда коронавирус жуккан адамдардын саны кайрадан көбөйө баштады. Расмий статистикага караганда, мындай көрүнүш соңку эки күндөн бери байкалууда. Ага чейинки көрсөткүчтөр ооруну жугузгандар азая баштаганын көрсөтүп жаткан.
30-майга карата соңку суткада Орусияда вирус 8952 адамдан табылды, 8212 бейтап айыгып чыкты, 181 адам кайтыш болду.
Жалпысынан бул илдет 396 миң 575 адамга жукту, алардын 4555и каза тапты.
30-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 6 миллионго чукулдады. 362 миң адамдын өмүрү кыйылды.
Бир суткада коронавирус дагы 60 адамдан табылды, көбү Нарында
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 60 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Нарын облусунда - 32 адам. Бишкекте 23 адам. Ал эми Орусиядан кайтып келгендер арасынан коронавирус соңку бир суткада беш адамдан табылды.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 25 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды.
- Жалал-Абад облусунда – 162,
- Ош облусунда – 217,
- Ош шаарында - 179,
- Чүй облусунда – 775 (119у Соль-Илецк, 80и Орусиядан келген),
- Бишкек шаарында – 509 (80 Орусиядан келген),
- Баткен облусунда – 29,
- Нарын облусунда – 346,
- Ысык-Көл облусунда – 14 киши.
Алардын 344ү медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны 2137 адам. 1113 адам айыкты. 593 адам ооруканада, 10 адам оор абалда. 5 адам реанимацияда жатат. 16 адам каза болду.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
30-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат.
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 991 000 (+126 000, мурунку суткага караганда 15% көп).
- Көз жумгандар: 365 000 (+500, мурунку суткага караганда 10% көп)
- Айыккандар: 2 635 000 (+67 000, мурунку суткага караганда 30% аз)
Ооруп жаткандар – 2 991 000. Алардын ичинен 2 937 500 абалы орточо оорлор, 53 500 (2%) – абалы оор же өтө оор бейтаптвр. Алардын саны өстү.
- Cоңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 18 536 (өсүү)
- Бразилия: 11267 (өсүү)
- Орусия: 8572 (өсүү)
- Индия: 8105 (өсүү)
- Чили: 3695 (төмөндөө)
- Мексика: 3377 (төмөндөө)
- Иран: 2258
- Пакистан: 2801
- Бангладеш: 2523
- Британия: 2095 (өсүү)
...
- Беларус: 906
...
- Швеция: 749
- Индонезия: 678
- Испания: 658
...
- Франция: 597
- Германия: 567
- Италия: 516
...
- Казакстан: 356
- Тажикстан: 123
- Кыргызстан: 68
- Өзбекстан: 24
- Cоңку 22 саатта көз жумгандар:
- АКШ: 976 (азайды)
- Бразилия: 512 (көбөйдү)
- Мексика: 447 (азайды)
- Британия: 324 (азайды)
- Индия: 269 (көбөйдү)
- Орусия: 232 (жаңы жогорку чек)
- Канада: 102 (азайды)
- Италия: 87 (көбөйдү)
- Швеция: 84
...
- Франция: 52 (азайды)
- ...
- Өзбекстан: 0
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Кыргызстан: 0
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.